Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 13-июнундагы № 227-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 17-апрели № 146-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саясаты концепциясынын жана региондук өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн.
2. Комиссия экономикалык, илимий талдоонун жана укуктук экспертизанын негизинде үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик региондук саясаты концепциясынын жана региондук өнүктүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун нормативдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Комиссияга жогоруда аталган долбоорлорду даярдоо үчүн зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана башка уюмдардын адистерин ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-апрелиндеги № 146-б буйругуна тиркеме |
Айдаралиев Искендербек Рысбекович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Мукамбетов Мурат Картайбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Алимбаев Жаныш Тилебалдиевич - Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Асанакунов Болот Жапарович - Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Байжуманов Жанбулат - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Бакиров Мамасадык Сабирович - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча);
Бакиров Жетиген Жокинович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн уюштуруу жана контролдоо иштери секторунун башчысы (макулдашуу боюнча);
Бекиев Бекболот Жапарович - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Жолдошев Кубанычбек Ниязович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Дыйканбаева Токтобүбү Саякбаевна - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Экономикалык изилдөөлөр борборунун директору;
Дусумбаев Нурлан Жапсарбаевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Карабаев Акпаралы Давлеталиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башчысы;
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич - Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары;
Койчуев Турар Койчуевич - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин алдындагы Экономикалык стратегиялар борборунун директору;
Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мамбетов Казымбек Бейшенбекович - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;
Сыйданов Кубанычбек - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Сүйүмбаев Мурат Насирдинович - стратегиялык пландоо боюнча көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча);
Тарбинский Олег Станиславович - Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри;
Третьякова Татьяна Алексеевна - "Гуманитардык долбоорлоо институту" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов