Редакцияот 01.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ  

 

2013-жылдын 1-марты № 4

Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планын бекитүү жөнүндө

Найман айыл өкмөтүнун 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планын иштеп чыгуу жана бекитүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн планы иштелип чыгылсын жана бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы стратегиялык өнүгүүнүн иш-чаралары такталып иштелип чыгылсын.

3. Найман айыл өкмөтүнүн 2012-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы тууралуу маалыматты ар кварталда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнө берип туруу милдеттендирилсин.

4. Найман айыл өкмөтүнүн 2013-жылга социалдык-экономикалык болжолун бекитип берүү жагы айылдык Кеңештин сессиясына сунушталсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Таировага тапшырылсын.

 

Найман айылдык

Өкмөтүнүн башчысы

 

Р. Шамаева

 

 

Найман айыл өкмөтүнүн 2013-жылды 1-мартындагы № 4 токтомуна тиркеме

 

Найман айыл өкмөтүнүн 2013-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иш-чаралары:

 

№

Иш-чаралар

Жооптуулар

Аткаруу мөөнөтү

Күтүлүүчү жыйынтыктар

1

Ишкерлерге көрсөтүлүүчү практикалык жардамдардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча айыл өкмөттүн аймагында иш жүргүзгөн эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тегерек столдорду уюштуруу

Айыл өкмөтүнүн аппараты

дайыма

Ишкерлерге көрсөтүлүүчү практикалык жардамдарды көрсөтүү

2

Кичи жана орто өнөр жай ишканаларынын өнөр жай продукцияларынын көлөмүн өстүрүүгө жетишүү.Кызмат көрсөтүү жана чыгарылган товарлардын сапатын жакшыртуу жаңы технологияларды табуу жана алып келүү

Айыл өкмөтү,ишкерлер,кредиттик уюмдар жана банктар менен биргеликте

дайыма

Ишкерлер иш жүргүзүүсү үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр жаралат,сапат жакшырат.

3

Ишкердиктин өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарт жаратуу: кредит алууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу жана айылдык ишкерлерге маалымат жеткирүү.

Айыл өкмөтү

дайыма

Ишкерлер иш жүргүзүүсү үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр жаралат,сапат жакшырат.

Айыл чарбасын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү

4

Айыл өкмөттө ветсервис ачуу менен жугуштуу оорулардын алдын алуу

Айыл өкмөтү вет.адис менен биргеликте

2013-2015-жылдары

Мал чарбачылыгындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аларды сактоо

5

Асыл-тукум мал-чарбачылыгын жана ветеринарияны өнүктүрүү

Айыл өкмөтү,вет.

адис

Жыл ичинде

Мал чарбачылыгындагы жугуштуу оорулардын алдын алуу жана аларды сактоо

6

Каналдарды реконструкциялоо жана суу түтүктөрүн куруу

Айыл өкмөтү

дайыма

Калкты таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу

7

Айыл өкмөттөгү кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу

Айыл өкмөтү,айыл чарба боюнгча адис

дайыма

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жергиликтүү калкты экологиялык таза продукция менен камсыздоо

8

Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканалардын жабдыктарын модернизациялоого ички жана тышкы инвестицияларды тартуу

Айыл өкмөтү,ишкерлер

Дайыма

Жергиликтүү сырьелорду өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу

9

Кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү

Айыл өкмөтү,ишкерлер

Дайыма

Жаңы жумуш орун түзүлөт,өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өсөт

Илимди жана инновацияны өнүктүрүү

10

Эркин демократиялык таза шайлоолорду камсыз кылуу чараларын көрүү

Шайлоо комиссиясы

дайыма

Демократиялык шайлоолордун өтүшүн камсыз кылуу

11

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүгүн,компенеттүүлүгүн жана квалификациясын жогорулатуу багытында иш алып баруу

Айыл өкмөтү,профсоюз уюмунун төрагасы

дайыма

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты жогорку квалификациядагы кызматкерлер менен камсыз кылуу

12

Калкка муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу

Айыл өкмөтүнүн аппараты

дайыма

Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жетишүү

Сапаттуу жана жеткиликтүү социалдык жардам

13

Жашоо тиричиликтин оор кырдаалында жашаган адамдарды ,райондук социалдык коргоо башкармалыгынын тизмесине ылайык,мамлекеттик стандартка тийиштүү социалдык тейлөө,кызмат көрсөтүү менен аларды стипендия өлчөмүн жогорулатып,кесиптик-техникалык лицейлерде окутуп рынок талап кылган жумуштарга жайгаштырууну камсыздоо

Социалдык адис

Дайыма

Социалдык жактан начар жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу

14

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын төмөнкү бир топ иштер менен көзөмөлгө алуу:

Жөлөк пулдарды алууга көмөк көрсөтүү;

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр менен камсыз кылуу;

Бала бакчаларга жана мектептерге жайгаштыруу;

Ата-энелерине ички жана орто бизнести өнүктүрүүгө практика жүзүндө жардам көрсөтүү

Социалдык адис

дайыма

Социалдык жактан начар жашаган жарандардын жашоо шартын жакшыртуу

15

Жаштар борборлорунда профессионалдык тажрыйбаны окутуу боюнча айыл жаштарына кыска мөөнөттөгү курстарды өткөрүү

Жаштар,эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин айыл өкмөттөгү өкүлү

дайыма

Жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу