Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин V чакырылышынын I сессиясы
2012-жылдын 25-декабры № 1.2
“Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүнүдө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүнүдөгу» жана «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүнүдөгу» Мыйзамдарына ылайык Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүнүдөгу» Мыйзамына ылайык Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңешинин регламенти бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бекитилген Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңешинин регламенти Ылай-Талаа айылдык округунун Кеңешинин депутаттары тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
Ылай-Талаа айылдык округунун Кеӊешинин жашы боюнча улуу депутаты |
И. Кожоева |
| Ылай-Талаа айылдык Округунун Кеңешинин 25.12.2012-ж № 1.2-токтомуна тиркеме |
1-Бөлүк.
Жалпы Жоболор:
1-Глава
Ылай-Талаа айылдык округдун Кеңешинин
П-Бөлүк
3-Глава
Ылай-Талаа айылдык Округдун Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
Ш-Бөлүк
Ылай-Талаа айылдык Округдун Кеңешинин иштөөнүн жалпы тартиби.
6-Глава
Ылай-Талаа айылдык Округдун Кеңешинин сессияларын өткөрүүнүн кароо тартиби.
1V-Бөлүк
Ылай-Талаа айылдык Округдун Кеңешинин Регламенти.
8-Глава.
Ылай-Талаа айылдык Округдун Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана бекитүү тартиби.
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана айылдык Округ Кеңешинин жана поселкалык Кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1-Бөлүк:
ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.
1.-Глава.
1.1. Ылай-Талаа айылдык Округдун Кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” жана “Жергиликтүү Кеңеш тердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна, ошондой эле ушул регламенти жетекчиликке алат.
1.2.Айылдык Округдун Кеңешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө жана “Жергиликтүү Кеңеш тердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, айыл округунун Кеңеши жана поселкалык Кеңеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.3. Айылдык округдун Кеңеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Айылдык округдун Кеңешинин жана поселкалык кеңештин уюштуруучу –укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
2.-Глава.
Ылай-Талаа айылдык округдун Кеңешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет.
1). Жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө.
2). Жергиликтүү бюджети жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджети аткаруунун жана бюджеттен тышкары фондорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу.
3). Аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу.
4). Жергиликтүү салыктарды, жыйындарды жана алар боюнча жеңилдиктердин киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
5). Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескоо тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жүзөгө ашыруу.
6). Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу-тескөөчү органыынын иши жөнүндө отчету угуу.
7). Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
8). Депутаттардын жалпы санынын көпчулук добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө.
9). Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
10). Администрациялык-айматык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу.
11). Төраганы жана анын орун басарын шайлоо аларды кызматтынын бошотуу, кеңештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу.
12). Жергиликтүү кеңештин Регламентин кабыл алуу.
13). Өз чечимдеринин аткарылышын контролдук кылуу.
14). Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде айылдык Округдун башчысынын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү.
15). Муздак сууну, канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү.
16). Айылдык Округ башчысын шайлоо.
17). Тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин балдарын эске алуу менен айыл-чарба пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө.
18). Кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо.
19). Жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
1.3. Айылдык округдун Кеңеши жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык финансылык жана башкы каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.4. Айылдык округдун Кеңеши белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарына жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
П-Бөлүк:
Ылай-Талаа-айылдык округдун Кеңешинин жана поселкалык кеңештин төрагасы жана орун басары.
3-Глава
Айылдык округдун төрагасы жана төрагасынын орун басары:
3.1. Айылдык округдун Кеңешинин төрагасы депутаттардын арасынын жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык округ Кеңешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат.
Айылдык округ Кеңешинин төрагалыгынын депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Айылдык округдун Кеңешинин төрагасы
Кеңеш сессиясын чакырат.
Сессияга төрагалык кылат.
Айылдык оругдун Кеңешинин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функциялар аткарат.
3.2. Айылдык округдун Кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин жек талаптагыдай үчүн, шайланган депутаттардын 13 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу мнен кызматтан бошотулат.
3.3. Айылдык округдун Кеңешинин төрагасынын орун басары
Айылдык округдун Кеңешинин төрагасынын орун басарына талапкерди төрага тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен шайланат. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.4. Кеңештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин ар кандай себептер менен аткара албай калган учурда, төраганын милдеттин аткарат.
3.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кеңештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депуттаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4-Глава.
Ылай-Талаа айылдык Округдун Кеңешинин катчысы.
4.1. Айылдык округдун Кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округдун жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык округдун Кеңешинин катчысынын милдетин айылдык округдун жооптуу катчысы аткарат.
4.3.Айылдык округдун Кеңешинин катчысы
Айылдык округдун Кеңешинин катчысы сессиясынын протоколун жүргүзөт.
Айылдык округдун Кеңешинин катчысы келип түшүүчү иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат.
Айылдык округ Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт.
Айылдык округдун Кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат.
Айыл округдун Кеңешинин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат.
Айылдык округдун Кеңешинин сессия токтомдорун тариздейт жана Кеңеш депутттаттарына жөнөтүүнү уюштурат айылдык округдун Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
Айылдык округдун Кеңешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5-Глава.
Ылай-Талаа айылдык округдун Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары.
5.1.Айылдык округдун Кеңешинин Кеңеш ке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, Кеңеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн , бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан маселелер жана уюмдардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзүлөт.
Айылдык округдун Кеңеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык Округунун Кеңешинин жана поселкалык к енештин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык округдун Кеңеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарпым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
Ш-Бөлүм:
Ылай-Талаа айылдык округдун Кеңешинин ишинин жалпы тартиби.
Ылай-Талаа айылдык округдун Кеңешинин сессиясын өткөрүү тартиби.
6.1. Айылдык округдун Кеңешинин ишинин негизги ууюштуруучулук-укуктун формасы болуп кеңештин сессиясы саналат.
Айылдык округдун Кеңешинин сесиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык округдун Кеңешинин чечимдерин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Айылдык округдун Кеңешинин депутаттары Кеңеш сессиясына катышууга милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. Айылдык округдун Кеңешинин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кеңештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4. Сессиянын чечимдерин ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык округдун Кеңеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6 Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык округдун Кеңешинин сессиясынын протоколдорун кеңештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда айылдык округдун Кеңешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
7-Глава.
Ылай-Талаа айылдык округдун Кеңешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби.
7.1. Айылдык округдун Кеңешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кеңештин токтому ачык же жашыруун добуш мнен кабыл алынат.
7.2. Айылдык округдун Кеңеши не кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш.
Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт.
Зарыл учурда чечим кызыктар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш.
Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш.
Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
7.3. Айылдык округдун Кеңешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кеңеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн пикирн айыл округ Кеңешинин протоколун киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк болүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору бардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык округдун Кеңешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык моонотто Кеңеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Айылдык округдун Кеңешинин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
1У-Бөлүк.
Ылай-Талаа айылдык округдун Кеңешинин регламенти.
8-Глава.
Айылдык округдун Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрүдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби.
8.1. Айылдык округдун Кеңешинин иш Регламентин, типтүү Регламенттин негиизинде регламент селери боюнча жумушчу тобу чыгат, жана кеңештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округ Кеңешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык округдун Кеңешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат.
Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.4. Регламент жана регламентке ондоолор, киргизилгенден кийин Кеңеш ке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.