Загрузка документа…
С. ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
С. Юсупова айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 20-декабры № 14-5
“С. Юсупова айыл өкмөтүнүн айылдарындагы калктуу конуштардын жана айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгын дифференциялоо боюнча зооналык аймагын балоонун (К-1) аймактык коэффициенттерин белгилөө жөнүндө”
Күн тартибиндеги маселе боюнча С. Юсупова айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р. Базарбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын жана айыл чарба багытына арналбаган жерлердин 2015-жылга карата жер салыгын эсептөөдө зооналык аймактарын балоонун (К-1) аймактык коэффициенттеринин өлчөмдөрү № 1-тиркемеге ылайык белгиленип бекитилсин. (№ 1-тиркеме тиркелет)
2. С. Юсупова айыл өкмөтүндө айыл чарбасына арналбаган жерлердин жер салыгын эсептөө жана айыл өкмөтүнүн бюджетине толук түшүшүн камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеӊештин экономика, бюджет, каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
С. Юсупова айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Маннанов |
| С. Юсупова айылдык Кеӊешинин 4-чакырык 14-сессиясынын № 14-5 токтомуна № 1-тиркеме |
Катар № | Айылдардын аталышы | Кожолуктун саны | Жашаган калктын саны | Коэффициенттин өлчөмү |
1 | Араван | 3967 | 18048 | 1,2 |
2 | Октябрь | 524 | 2390 | 1,2 |
3 | Эрке-кашка | 45 | 215 | 1,2 |
4 | Каррак | 229 | 1142 | 1,2 |
5 | Сутхор | 74 | 348 | 1,2 |
Жалпысы: | 4839 | 22143 |
| |