КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(Кызыл-Кыя айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 32/119, токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 26-декабры № 26/92
Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин алдында көрктөндүрүү комбинаты “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын маселени шаардык кеңештин сесссиясына сунуштоо боюнча чечимин жана Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын 2014–жылдын 13–ноябрындагы №01–8/1066 кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаарынын аймагын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана көчөлөрдө тазалыкты камсыз кылуу иштерин жакшыртуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарынын мэриясынын алдында көрктөндүрүү комбинаты “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
(Кызыл-Кыя айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 32/119, токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин алдындагы көрктөндүрүү комбинаты “Кызыл–Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын жобосун иштеп чыгуу жана аны шаардык кеңештин бекитүүсүнө алып чыгуу шаардын мэриясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын мэриясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Маткалыков |