Редакцияот 27.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казан–Куйган айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы

 

2014-жылдын 27-февралы № 2

2014-жыл “Кыргыз Мамлектүүлүктү бекемдөө” жылына карата өтүлүүчү “Шаңдан элим-көрктөн жерим” аттуу кароо-сынактын жобосун бекитүү жөнүндө

“Шаңдан элим-көрктөн жерим” аттуу кароо-сынакты өткөрүү максатында

Казан–Куйган айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Казан–Куйган айыл аймагынын “Шаңдан элим-көрктөн жерим” аттуу кароо-сынактын жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет 1 баракта)

2. Казан–Куйган айыл аймагынын “Шаңдан элим-көрктөн жерим” аттуу кароо-сынагынын жобосун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы З. Кемелбековго милдеттендирилсин.

 

Төрагасы

М. Солтонкулов

 

“2014-жыл Мамлекетүүлүктү бекемдөө” жылына карата өтүлүүчү “Шаңдан элим – көрктөн жерим” аттуу кароо- сынагын уюштуруунун ЖОБОСУ

 

1. Кароо-сынактын максаты:

 

- Казан-Куйган айылындагы ынтымак-ырашкерчиликти бекемдөө;

- Айыл тургундарынын маданиятын көтөрүү, эл ичиндеги өнөрпоздорду табуу, улуттук каада-салттарды, үрп адаттарды жайылтуу , жаштарды патриоттуулукка, эл жерди сүйүүгө, ыймандуулукка тарбиялоо;

- Айыл ичин көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөлөрдү ирээтке келтирип тазалоо;

- «Үлгүлүү үй»,”Үлгүлүү аймак”, ”Айылдын ардактуу атуулу”,”Мыкты уюштуруучу”,”Мыкты аткаруучу” номинацияларын ыйгаруу.

2. Кароо-сынакты өткөрүү тартиби:

 

Казан-Куйган айыл ичи төрт аймакка бөлүнөт:

1. Кара-Булак аймагы. Ноооруз майрамы(21-март)

2. Тоолук аймагы. 1-июнь Балдар күнү

3. Борбор аймагы . 31-август Эгемендүүлүк күнү

4. Шаңкай аймагы. Түшүм майрамы (25-октябрь)

Ар бир аймак майрамдарга карата кароо-сынакты өткөрүшөт.

Көчөлөрдү ирээтке келтирип, жашылдандыруу-көрктөндүрүү сынагы жаз мезгилинен баштап күз мезгилине чейин жүргүзүлөт.

3.Кароо-сынактын негизги шарттары:

 

1. Кароо-сынактын катышуучуларына жашына, улутуна чек коюлбайт.

2. Кароо-сынактын концерттик программасы улуттук каада-салттардын (каалаган улуттук каада-салт) коштоосунда көрсөтүлүшү керек.(ыр, бий, тамашалар)

3. .Кароо-сынактын жүрүшүндө салттуу, улуттук кийим-кечелерди кийүүсү, улуттук тамак-аш көрсөтүү.

4. Көчөлөрдү, үйлөрдү ирээтке келтирилиши , арыктардын тазаланышы, жашылдандырылышы, көрктөндүрүлүшү.

5. Убактысы – 2 саат. (чектелүү)