Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-февралы № 45
Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо боюнча методологияны жана Стратегиялык пландаштыруунун негиздерине ылайык мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологияны бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессиндеги катышуучуларга методологиялык колдоо көрсөтүү, стратегиялык башкаруу принциптерин аткаруу бийлик органдарында жайылтуу, стратегиялык документтерди иштеп чыгуунун сапатын жогорулатуу максатында, ошондой эле 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөндөгү тиркелген “Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландоо боюнча методологиясы" (1-тиркеме) жана “Стратегиялык пландаштыруунун негиздерине ылайык мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризациялоо боюнча методологиясы” (2-тиркеме) (мындан ары - Методологиялар) бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар мамлекеттик стратегиялык документтерин иштеп чыгууда, баалоодо жана инвентаризациясын жүргүзүүдө Методологияларды колдонушсун.
3. Финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо башкармалыгынын документациялык камсыздоо, контролдоо жана уюштуруу иштери бөлүмү министрликтердин, административдик ведомстволордун, статс-катчынын, министрдин орун басарларына, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине, министерствого караштуу органдарына жеткирсин.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын камсыздоо министрдин орун басары К.Дж.Джакыповго жүктөлсүн.
Министр | Т.Сариев |
| 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 буйругу менен бекитилген |
1. Азыркы Туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча Методологиясы (мындан ары - Методология) мамлекеттик стратегиялык документтердин иштеп чыгышынын тартибин аныктайт.
2. Методология мамлекеттик стратегиялык документтерди (стратегиялык документ) иштеп чыгууда колдонулуп жана аларды унификациялоого жана тутумдаштырууга багытталган.
3. Стратегиялык документтердин максаттары жана милдеттери мамлекеттик башкаруунун системасынын төмөнкү элементтери аркылуу түзүлөт:
I) башкаруунун мамлекеттик институттары;
II) мыйзам чыгаруу;
III) кадрдык потенциал;
IV) текшерилген саясый чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жана ишенимдүүлүгү.
Мамлекеттик стратегиялык документ – бул мамлекеттик саясат тарабынан мамлекеттик стратегиялык пландаштыруунун шайманы, ал белгиленген формадагы жазуу түрүндөгү расмий документ түрүндө иштелип чыгат, ишке ашыруу мөөнөттөрү боюнча чектелген жана тийиштүү ченемдик укуктук акт менен бекитилген деңгээлге жана тартипке ээ.
1. Стратегиялык документтин долбоорун иштеп чыгуу үчүн, демилге кылган мамлекеттик орган менен жумушчу топ бекитилет.
2. Топтун курамына, тармактын адистерден тышкары, зарылдыгына жараша юриспруденция, финансы жана экономика тармагындагы адистер, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, экологдор, айлана чөйрөнү коргоо суроолору боюнча адистер, мамлекеттик башкаруу жана коррупциянын алдын алуу жана этнос аралык маселелер боюнча эксперттер киргизилет. Андан тышкары жумушчу топтун курамына башка адистер, ошондой эле кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кириши мүмкүн. Жумушчу топтун курамы туруктуу өнүктүрүү моделинин түзүмдөрүн иштеп чыгууну эске алуу менен түзүлүш керек жана бул сапаттуу стратегиялык документти иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
3. Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процесси мамлекеттик башкаруунун тийиштүү органдарынын, региондук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жарандык сектордун бардык кызыкдар тараптары тыгыз өнөктөштүктө жана өз ара аракеттенүүдө ишке ашырылышы керек.
Стратегиялык документтерди иштеп чыгуудагы ишти уюштуруу төмөнкүдөй этаптарды болжолдойт:
1-этап: Стратегияларды иштеп чыгуу процессин расмий демилгелөө;
2-этап: Бекитилген, өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган уюштуруу планы:
- Стратегияны иштеп чыгуу процессинин координациялык механизми жана башкаруу схемасы;
- жумушчу топтун курамы;
- эл аралык донор уюмдар менен кызматташуу боюнча иш-чаралар;
- жарандык коом жана процесстин башка катышуучулары менен маалыматтык-билим берүүчү иш-чараларды кошо, өз ара аракеттенүүнүн форматтары жана жол-жоболору;
- стратегиянын эки ортодогу жана финалдык жыйынтыктарын талкуулоо менен байланышкан башка уюштуруу иш-чаралары.
3-этап: Стратегиялардын долбоорлорун бекитүүнүн процессин коштоо.
1. Бөлүмдөрдү даярдоо боюнча жалпы талаптар
Жалпысынан бөлүмдөрдү иштеп чыгууга карата жалпы талаптар төмөнкүлөрдү аткарууга алып келет:
1) Өлкөнү өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларына, төмөнкүлөрдү кошо терең талдоо жана баалоо жүргүзүүгө.
2) Тармактык жана сектордук пландардан, табылган көйгөйлөрдү эске алуу менен стратегияны бүткөрүү учуруна каалаган абалга жетишүүнүн ниеттеринен улам максаттарды негиздөө жана коюу.
3) Коюлган максаттардын конкреттүү натыйжаларга багытталгандыгы.
4) Коюлган максаттардын калк үчүн ыңгайлуулугу.
5) Коюлган максаттардын чындыгы жана реалдуулугу.
6) Коюлган максаттарга карай жылуу үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана артыкчылыктуу багыттарды баяндоо дагы табылган көйгөйлөрдүн негизинде ишке ашырылышы керек, аларды чечүү кыска ыкма же айрыкча ишенимдүү түрдө максаттарга карай жылууга мүмкүндүк берет.
7) Ар бир артыкчылыктуу багыттар боюнча конкреттүү милдеттерди жана аларды чечүү боюнча аракеттердин/чараларын коюу зарыл.
8) Чаралардын планы конкреттүү бир министрлик, ведомство жана жалпы Өкмөт үчүн Стратегиялык документти ишке ашыруу боюнча "Иш-чаралар Планы" болуп калышы керек.
9) Стратегиялык документтин аракеттеринин/чараларынын планы мүмкүн болгон бардык булактардан реалдуу каржылоо менен камсыз кылынышы керек, аны Стратегиялык документтин планын бюджеттештирүүнүн стадиясында табуу керек.
Иштин жүрүшүндө төмөндөгүдөй документтерди жана маалыматтык материалдарды жетекчиликке алуу сунушталат:
- Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы жана улуттук стратегиялык документтер;
- тийиштүү министрликтердин, ведомстволордун, региондордун стратегиялык жана программалык документтери;
- алдыдагы үч-беш жылга орто мөөнөттөгү бюджеттин болжолу;
- алдыдагы үч-беш жылга өлкөгө жардам кылуу донордук стратегиясы;
- миң жылдыкты өнүктүрүүнүн максаттары (МЖӨМ) боюнча отчеттор;
- Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этнос аралык мамилелерин бекемдөө чөйрөсүндөгү концепциялар;
- гендердик теңдикке жетишүү чөйрөсүндөгү стратегиялык документтер;
- туруктуу өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу боюнча башка маалыматтык жана методологиялык материалдар.
Бөлүмдөрдүн жалпы көлөмү 10 беттен ашпаш керек, анын ичинде:
1) Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо - 2-6 бетке чейин, коюлган көйгөйлөрдүн масштабына жараша.
2) Жетишкендиктер жана көйгөйлөр - 2/3 бет.
3) Максаты - 1/3 бет.
4) Артыкчылыктар - 1/3 бет.
5) Ар бир артыкчылык боюнча милдеттер жана аракеттер/чаралар - 2-4 бетке чейин.
6) Күтүлгөн натыйжалар - 1/3 бет.
7) Ыңгайлуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер - 2/3 бет.
Жалпысынан стратегиялык документтерге жалпы талаптар төмөнкүлөргө алып келет:
- жарандардын басымдуу көпчүлүгү үчүн жаңы Программанын жагымдуулугу;
- туруктуу өнүктүрүүгө өтүүнү эске алуу менен максаттарды жана милдеттерди коюунун жаңы экендиги;
- өлкөнүн жарандарынын бардык категорияларына багытталгандыгы;
- туруктуу өнүктүрүүгө өтүү шарттарында чаралардын саясатынын чындыгы жана реалдуулугу;
- коомдун биригиши жана мамлекетке ишенимдин өсүшү;
- стратегияны ишке ашыруунун мезгилине пландаштырылган ири инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнүн социалдык пайдасын жана экологиялык кесепеттерин баалоо;
- конкреттүү жыйынтыктарга багытталгандыгы;
- туруктуу өнүктүрүүгө өтүү этабында региондук адистешүүнүн долбоордук-максаттуу моделине өтүү;
- адамдын ден соолугуна жана курчап турган чөйрөгө минималдуу терс таасири бар долбоорлорду ишке ашырган бизнес субъекттери үчүн жеңилдиктер.
Стратегиялык документтердин иштеп чыгуунун этаптары туруктуу өнүктүрүүнүн моделинин базалык принциптеринин негизинде жасалат:
1-кадам: Максат коюу
Максат программа аяктаган учурга тармакты же секторду өнүктүрүүдө каалаган абалга жетишүүнүн тармактык жана сектордук пландарынан жана ниеттеринен улам аныкталат.
Максаттарды түзүүдө стандарттык талаптар:
- формасы боюнча кыскалыгы;
- мазмуну боюнча сыйымдуулугу;
- конкреттүүлүгү жана мазмунунун тактыгы;
- Ченөөлүүлүгү (артыкчылык берилет);
- саясаттын чаралары боюнча негиздүүлүгү;
- ресурстары боюнча реалдуулугу.
Ийгиликсиз түзүлгөн максаттын критерийлери:
- ашыкча текебердик;
- популизм;
- көзгө көрүнбөстүгү;
- максаттын чаржайыттуулугу;
- негиздөөнүн начардыгы.
Бул кадамдагы жаңылык социалдык, экономикалык жана экологиялык аспекттердин өз ара байланышын жана өз ара көз карандылыгын эсепке алуу болуп калат.
Максат туруктуу өнүктүрүүнүн ушул базалык түзүүчүлөрүнөн улам түзүлөт.
Туруктуу өнүктүрүүнүн моделине өтүүнүн этабында максаттарды түзүүнүн жагымдуулугунун критерийлери:
- туруктуу өнүктүрүүгө өтүү жана адам алган, колдон келсе өлчөөгө боло турган пайда;
- тоолуу аймактарды кошо, жакырчылыкты кыскартуу;
- экологиялык тобокелдиктерди башкаруу аркылуу ресурсту үнөмдөөчү өндүрүш;
- калдыктарды минималдаштыруу;
- жер жана суу ресурстарын колдонуунун натыйжалуулугу;
- энергия үнөмдөөчү технология;
- ден соолуктун сапаты жана курчап турган чөйрөнү булгоонун деңгээли;
- туруктуу өнүктүрүүнү башкаруу үчүн адистерге билим берүү жана бүтүрүп чыгаруу;
- курчап турган чөйрөнү коргоо үчүн маданияттын жана жоопкерчиликтин деңгээли.
Мамлекеттик стратегиялык документтин максатына жана багытына жараша бул критерийлер ар кандай деңгээлинде көрсөтүлүшү мүмкүн.
2-кадам: Өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларын талдоо жана баалоо:
Өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларын талдоо жана баалоонун, көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди табуунун бул кадамы коюлган максатты карай жылуу үчүн "башат чекитин" аныктоо үчүн өзгөчө маанилүү.
Бул кадам ошондой эле көйгөйлөрдү жана жетишкендиктерди табуунун көз карашынан алганда дагы маанилүү, анын негизинде кийинки кадамда өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталат.
Бул бөлүмдө каралган тармактын, сектордун, ведомствонун учурдагы тенденцияларын талдоо (баалоо) жүргүзүш керек. Ошондой эле бул бөлүмдө төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:
- стратегиялык документтеги каралган чөйрөдөгү 3-5-жылдар аралыгындагы натыйжалар;
- стратегиялык документтеги каралган чөйрөдөгү негизги көйгөйлөр;
- стратегиялык документтеги каралган чөйрөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук болгон факторлор.
Бул кадамда туруктуу өнүктүрүүнүн моделине өтүүнү эсепке алуу менен кызыкдар тараптардын чөйрөсүн кеңейтүү жана экономикалык процесстердин, социалдык аспектилердин, жакырчылыкты кыскартуунун, жана курчап турган чөйрөнүн абалынын маселелерин кошо өз ара таасирлерине талдоо жана баалоо жүргүзүүгө жөндөмдүү аналитиктердин тобун аныктоо максатка ылайык болот.
Экономикалык процесстердин адам өнүгүүсүнө, курчап турган чөйрөгө болгон таасирин талдоо жана баалоо
Бул байланыштардын жана өз ара таасирдин көп фактордуу татаалдыгынан улам адамды, төмөнкүлөрдү кошо, өнүктүрүүнүн көз карашынан алганда алардын ичинен айрыкча маанилүүсүнө талдоо жүргүзүү максатка ылайык:
- адамдын ден соолугуна жана жашоо турмушунун сапатына таасир көрсөтө ала турган курчап турган чөйрөнүн (жердин, суунун, абанын) абалынын көрсөткүчтөрү;
- калктын жашоо турмушунун деңгээлинин тармакты/секторду өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнүн жана курчап турган чөйрөнүн абалына логикалык жана сандык байланышы;
- тармакты же секторду өнүктүрүүнүн курчап турган чөйрөгө жана эмгекке жөндөмдүү калктын жумуштуулугуна тийгизген таасиринин көрсөткүчтөрү;
- сектордун энергия натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү;
- тамак аш продуктыларынын сапаты, экологиялык таза өндүрүш жана калктын ден соолугу;
- социалдык инфраструктуранын көрсөткүчтөрүн талдоо жана ага жетишүүнү баалоо;
- жыныс/жаш категорияларына бөлүү менен демографиялык кырдаалды талдоо жана баалоо;
- жашыл жумуш орундарын түзүү үчүн экологиялык жагымдуу долбоорлорду инвестирлөө.
Экологиялык факторлор түздөн-түз жашоо турмуштун сапатынын төмөнкү сыяктуу көрсөткүчтөрүнө таасир тийгизет: ден соолук, тамак аш продуктылары, эмгек шарттары жана калктын кирешеси, турак жай шарты
Талдоо жүргүзүүдө өзгөчө көңүлдү төмөнкүдөй факторлорго буруу керек:
- абанын, жер кыртышынын, суунун булгануу деңгээли;
- калктын турак-жай - коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө жетишүүсү: турак жай, ичүүчү таза суу, канализация, таштанды жыйноо менен камсыздалышы;
- уй чарбачылыгында энергиянын типтерин колдонулушу;
- калктын аялуу тобун социалдык жактан коргоону камсыз кылуу боюнча чаралар.
Реалдуу өндүрүштүн, курчап турган чөйрөнүн абалынын жана социалдык өнүктүрүүнүн, жакырчылыкты кыскартууну кошо, (агрардык сектордун мисалында) өз ара таасирлерин талдоо жана баалоо
Жаратылыш ресурстарынын сапаты жана жакырчылык менен (айыл чарбасынын мисалында) өз ара аракеттенүүдө реалдуу өндүрүштү талдоону жана баа берүүнү төмөнкүдөй өз ара байланыштар жана көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүү сунушталат:
- айыл чарбасы менен алектенген жумушчулардын жакырчылыгынын көрсөткүчтөрү;
- айыл чарба өндүрүшүндө колдонулуучу жаратылыш ресурстарынын (жердин жана суунун) абалынын көрсөткүчтөрү;
- жаратылыш ресурстарынын абалынын көрсөткүчтөрү менен өндүрүштүн көлөмүнүн жана өстүрүлүүчү өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы логикалык жана сапаттык байланыш;
- жаратылыш ресурстарынын абалынын көрсөткүчтөрү менен фермерлердин кирешелеринин көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы логикалык жана сандык байланыш;
- фермердин кирешелеринин жана жакырчылыктын көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы логикалык жана сандык байланыш.
Тармактагы (сектордогу) кырдаалды талдоо үчүн ретроспективдүү мезгил стратегиялык мезгилди камтышы керек. Көйгөйлөрдүн табылган топтому жана 3-кадамда коюлган максаттарга карай жылуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн жетишүүлөр учурдагы кырдаалды терең талдоонун негизги индикатору болуп калышы керек.
Өнүктүрүүнүн экономикалык, экологиялык жана социалдык тенденцияларынын гендердик талдоосу боюнча методологиялык сунуш-көрсөтмөлөр
Туруктуу өнүктүрүүдөгү тенденцияларды гендердик талдоо аялдар жана эркектер үчүн тең укуктук жана тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу туруктуу өнүктүрүүнүн негизги 3 компонент боюнча каралат:
- экономикада: эмгекке бирдей укуктары; экономикалык ишкердүүлүккө катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөр; эмгектин бирдей баалуулугу; киреше табууга бирдей мүмкүнчүлүк;
- экологияда: жаратылыш ресурстарын пайдаланууга бирдей мүмкүнчүлүк алуу; коопсуз айлана чөйрөгө бирдей укук;
- социалдык өнүгүүдө: социалдык жыргалдарга бирдей мүмкүнчүлүк; социалдык коргоого бирдей мүмкүнчүлүк.
Учурдагы абалдын толук кандуу сүрөттөлүшүн алуу үчүн социалдык өнүктүрүү блогунда гана эмес, экономика жана экология маселелери боюнча да маалыматтарды жыныстык жактан ажыратуу менен чогултуу зарыл. Алынган маалыматтарды баалоо керек жана гендердик айырмачылыктар кайда жана кантип пайда болгондугуна жана бул айырмачылыктар проблемалардын пайда болушуна кандайча таасир бергендигине жараша тыянак чыгаруу керек.
3-кадам: Өнүктүрүүнүн моделин тандоо
Региондорду туруктуу өнүктүрүү үчүн өнүктүрүүнүн эскирип калган тармактык ыкмалардын ордуна ар бир регионду өнүктүрүүнүн адистешүүсүнө жана региондор аралык интеграцияга негизделген заманбап долбоордук-максаттуу модель сунушталат.
Стратегиялык документтердин өтмө бөлүмү болуп регионалдык өнүктүрүүнүн бөлүмү болуу зарыл, анын ичинде мамлекеттин ичинде жана анын чегинде ар бир облустун, райондун, айылдын конкуренттик артыкчылыктарын көрсөтүү зарыл, мисалы: мамлекеттин бир катар агрардык региондорунда экологиялык таза өндүрүмдү чыгаруу.
4-кадам: Артыкчылыктуу багыттар
Бөлүмдүн бул бөлүгүндө талдоонун негизинде табылган көйгөйлөрдөн улам жана ал топтомдордон артыкчылыктуу багыттардын тизмегин түзүү зарыл.
Бул кадамда сектордук, тармактык жана региондук артыкчылыктарды улуттук стратегиясында белгиленген улуттук артыкчылыктар менен байланышын камсыз кылуу маанилүү.
Сектордук жана тармактык артыкчылыктар өнүктүрүүнүн ведомстволук ички кызыкчылыгын гана чагылдырбастан, ошондой эле туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиялык артыкчылыктарын жылдыруунун үлүштүк инструменттери болуп кызмат кылышы керек.
Туруктуу өнүктүрүүнүн моделин эске алуу менен артыкчылыктарды түзүүнүн өзгөчөлүгү алар калк тарабынан өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруунун механизмин оптималдаштыруу, жаратылыш ресурстарын колдонууну жана курчап турган чөйрөгө таасир этүүнү оптималдаштыруу үчүн түзүлө тургандыгында.
Артыкчылыктарды тандоо боюнча иш төмөнкүдөй талаптарга жооп бериши керек:
- тыкыр жүргүзүлгөн талдоонун негизинде табылган көйгөйлөр боюнча ишенимдүү маалыматтарды колдонуу;
- артыкчылыктарды белгилөөнү бардык кызыкдар тараптар менен бирдикте, алардын ичинде ар бир конкреттүү сектордо/тармакта долбоорду ишке ашыруучу негизги өнөктөш, өкмөттүк эмес уюм, эл аралык уюм болууга тийиш;
- ар бир артыкчылыкты социалдык өнүктүрүүгө жана жакырчылыктын деңгээлине таасир этүү жагынан, ошондой эле реалдуу өндүрүштүн курчап турган чөйрөгө жана жаратылыш ресурстарына таасир этүүсү жагынан дагы баалоо зарыл. Кайсы артыкчылыктар гана реалдуу түрдө коюлган максаттарга жеткире тургандыгын так жана негиздүү түшүнүү үчүн таасир этүүлөргө терең талдоо жүргүзүү маанилүү;
- тандалып алынган артыкчылыктар өлкөнүн жарандарынын, кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына жооп бериши жана саясий жактан аларга жетишүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө дал келиши керек.
5-кадам: Милдеттерди коюу
Сунушталган сектордук артыкчылыктардын ар биринин алкагында коюлган максаттарга жетишүү үчүн чечүү керек болгон негизги милдеттерди коюу зарыл. Милдеттердин саны көп болууга тийиш эмес (5тен көп эмес). Милдеттердин топтому ар бир артыкчылыктуу багыттар боюнча түзүлөт.
Ар бир артыкчылыктын алкагында коюлган милдеттер туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына жооп бериши керек жана төмөнкүдөй болууга тийиш:
- реалдуу, башкача айтканда зарыл болгон финансылык ресурстардын көлөмү менен камсыздалууга тийиш;
- максатка ылайыктуу, башкача айтканда көйгөйлөрдү чечүүгө жана тандалып алынган артыкчылыктар боюнча максатка карай жылууну тездетүү үчүн каалаган жыйынтыктарды берүүгө тийиш;
- карама-каршы болбоого жана бири-бирин кайталап калбоого тийиш, башкача айтканда эгерде бир нече артыкчылыктар түзүлүп жатса, анда алар бири-бирине карама-каршы келбеш керек же бири-бирин кайталап калбаш керек; ошол эле учурда милдеттер бири-бирин толуктайт, башкача айтканда бири-бирине байланыштуу болушу мүмкүн.
6-кадам: Чаралар саясаты - аракети/чаралары/инструменттери/механизмдери
Чаралар саясаты коюлган милдеттерди иш жүзүнө ашыруу боюнча механизмин аныктайт.
Бул коюлган милдеттердин ар бирин чечүүнүн алкагындагы конкреттүү аракет/демилге. Бир милдетти чечүү үчүн бир нече ишти аткаруу же үч жана андан көп чараларды кабыл алуу керек болуп калышы мүмкүн.
Эгерде милдеттерди чечүү "эмнеге жетишүү керек?" деген суроону болжосо, анда бул кадамда конкреттүү ишти түзүүдө суроо "милдет кантип чечилиши керек?" деп коюлушу керек. Бул үчүн чаралар, аракеттер жана механизмдер сүрөттөлүп жазылышы керек, алар жыйынтыктап келгенде өнүктүрүүнүн конкреттүү ар бир багыты боюнча мамлекеттик жөнгө салуунун саясатын түшүндүрөт. Чараларды/аракеттерди иштеп чыгуу - бул билдирилген максаттарга жетүү үчүн белгиленген артыкчылыктуу багыттардын алкагында милдеттерди чечүүнүн ыкмаларын көрсөтүү.
Эреже катары, иштелип чыккан чаралар жана аракеттер бирдиктүү бир түргө келтирилген форматына - Стратегиялык документтерди ишке ашыруу боюнча аракеттердин планына бириктирилет, ал анын ажырагыс бөлүгү болуп калат (формат тиркелет).
Бирдиктүү форматта даярдалган стратегияларды ишке ашыруу боюнча аракеттердин планы: (1) Планды бюджеттештирүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн негиз болуп кала тургандыгы жана (2) Планга мониторинг жүргүзүүнүн индикаторлорун иштеп чыгуунун жана Планды ишке ашыруунун жыйынтыктарын баалоо үчүн негиз болуп кала тургандыгы өзгөчө маанилүү болуп саналат.
Чараларды иштеп чыгууда маанилүү жол-жобо бул же тигил милдетти чечүүнүн сунушталган чараларын жыйынтыктардын индикаторлору аркылуу жабууну эксперттик баалоо болуп саналат. Сунушталган чаралар начар болуп калган учурда кайрадан карап чыгуу жана коюлган милдетти чечүү шек жаратпагандай жана иш-чаралардын/аракеттердин/инструменттердин сунушталган топтому менен ишенимдүү жабыла тургандай кылып күчтөндүрүү сунушталат.
Милдеттерди чечүү боюнча чараларды иштеп чыгууда белгиленген максаттардын, артыкчылыктуу багыттардын, милдеттердин жана аларды чечүүнүн каражаттарынын/чараларынын ортосундагы байланыш милдеттүү түрдө байкоодо болууга тийиш.
Мындай учурда туруктуу өнүктүрүүнүн моделин Кыргызстанда киргизүүнү эске алуу менен коюлган максаттар өзгөрүүсүз туруктуу өнүктүрүүнүн үч (экономика, адамды өнүктүрүү, экология) компонентинин жыйындысын эске алуучу артыкчылыктуу багыттардын ар бир боюнча мамлекеттик жөнгө салуу саясатынын адекваттуу чараларды түзүүнү талап кылат.
Саясаттын чаралары боюнча маалыматты төмөнкүдөй даярдоо зарыл:
- бириктирилген форматта бөлүмдүн мазмундук бөлүгү катары;
- бир түргө келтирилген тиркелген форматы (№ 1 тиркеме) боюнча "Стратегияны ишке ашыруу боюнча чаралардын/аракеттердин Планы" катары;
- бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды кошо (№ 2 тиркеме) стратегияны ишке ашыруу мезгилинде каржылоонун бардык булактары боюнча "Пландын чараларын жана аракеттерин ишке ашырууга финансылык ресурстарды баалоо боюнча" тиркеме катары.
7-кадам: Күтүлгөн натыйжалар
Программанын "Күтүлгөн натыйжалар" бөлүмүн тийиштүү артыкчылыктар боюнча сектордук министрликтерди жана ведомстволорду болжолдоонун жана эксперттик баалоонун негизинде даярдоо пландаштырылат. Жашоо турмуштун сапатын күтүлгөн өзгөртүүлөр боюнча базалык көрсөткүчтөрдүн топтомун иштеп чыгуу сунушталат. Гендердик өзгөчөлүгү бар көйгөйлөрдү гендердик индикаторлорду киргизүү зарыл.
Ар бир сектордук министрлик боюнча күтүлгөн натыйжалар боюнча 2017-жылга карата Программаны ишке ашыруу процессинде күтүлгөн ар бир адамдын кызыкчылыгын жана пайдасын көрсөтүүчү эки-үч көрсөткүчтү иштеп чыгуу боюнча рекомендация милдеттүү болуп саналат.
8-кадам. Чакырыктарды жана тобокелдиктерди баалоо
Бул бөлүмдө стратегиялык пландарды ишке ашыруу процессинде олуттуу татаалданууга алып келиши мүмкүн болгон күтүлгөн тобокелдиктерди жана коркунучтарды белгилөө сунушталат.
Төмөнкүдөй тобокелдиктерди жана коркунучтарды талдоо жана белгилөө сунушталат:
- социалдык-саясий;
- форс-мажордук;
- экономикалык;
- тобокелдиктер жана коркунучтар;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу;
- энергетикалык коопсуздук;
- экологиялык коопсуздук;
- уюштуруучу-укуктук;
- маалыматтык;
- жеке;
- климаттык.
Стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессинин катышуучулары төмөнкүдөй сунуштарды сакташы максатка ылайыктуу:
- стратегиянын чараларын ишке ашыруу убагында пайда боло турган мүмкүн болуучу тобокелдиктерди, терс кесепеттерди, потенциалдуу татаалдыктарды аныктоо;
- тобокелдиктердин жана кесепеттеринин пайда болуу даражасын баалоо;
- тобокелдиктердин таасирин компенсациялоонун/азайтуунун мүмкүндүгүн баалоо;
- күтүлгөн тобокелдиктерден жана коркунучтардан арылуу үчүн чараларды сунуштоо.
Тобокелдиктер жана коркунучтар боюнча келтирилген позицияларды туруктуу өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденциясын жана өлкөнүн ичиндеги күтүлүп жаткан тобокелдиктерди жана коркунучтарды эске алуу менен талдоо сунушталат.
9-кадам. Финансылык ресурстарды баалоо
Стратегиялык пландарды ишке ашырууга финансылык ресурстарды баалоо бирдиктүү методология боюнча (ушул документтин 2-бөлүгүн караңыз), бир түргө келтирилген бирдиктүү формат боюнча (№ 2 тиркеме) жүргүзүлүшү керек.
10-кадам: Ишке ашыруу прогрессине мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорун түзүү
Пландаштырылып жаткан форматтан жана Стратегиянын иш-чараларынын планын мазмунунан улам, Программаны ишке ашыруу прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоонун индикаторлорунун матрицаларынын форматы даярдалган (4-тиркеме). Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасын толтуруу үчүн милдеттердин ар бири үчүн жыйынтыктардын индикаторлорунун (сандык) топтомун иштеп чыгуу сунушталат.
Иш жүзүндө өлчөөгө болбой турган иш-чаралар үчүн (ченемдер, коммуникативдик иш-аракеттер) сапаттын индикаторун белгилөөгө жана жыл сайын жүргүзүү негизинде иш жүзүндөгү динамикага мониторинг жүргүзүүнү белгилөөгө болот.
Пландын ар бир милдетин чечүүнүн прогресси пландаштырылган жыйынтыктар менен иш жүзүндө жетишилген жыйынтыктардын ортосундагы айырмачылыктарды баалоо боюнча жыл сайын жүргүзүүнүн негизинде байкоо жүргүзүлөт.
II бөлүк. Стратегиялык документтерди ишке ашыруунун планын бюджеттештирүү
Стратегиялык документтердин пландарынын бюджетин эсептөөнүн методологиясы
1) Даярдоо этабы:
Бул этапта төмөнкүдөй милдеттерди чечүү болжолдонот:
1) Сунушталган эсептөө моделинин алкагында бюджеттин жумушчу форматын даярдоо (№ 2 тиркеме).
2) Төмөнкүлөргө гана ылайык бюджеттин структурасын түзүү: (i) артыкчылыктар менен, (ii) максаттар менен, (iii) милдеттер менен жана (iv) стратегиялык пландын саясий чаралары менен.
3) Стратегиялык пландын бюджетин түзүүгө карата жалпы методологиялык ыкмаларды заказчы/ министрлик/ведомство менен макулдашуу.
4) Кыргыз Республикасындагы колдонуудагы бюджеттик мыйзамдарды, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчуларынын эмгегине акы төлөөнүн акыркы өзгөртүлгөн системасын кошо, талдоо жана баалоо.
5) Эл аралык донор уюмдардын тышкы жардамдары тууралуу отчеттук маалыматтарга инвентаризация жүргүзүү.
6) Төмөнкүдөй структура боюнча Пландын пландаштырылган демилгелерин жана чараларын ишке ашырууга тартылган ресурстардын бирдигинин мамлекеттик жана рыноктук нарктык көрсөткүчтөрү боюнча Прайс-лист түзүү (№ 3 тиркеме):
1) мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын жумушчуларынын эмгегине орточо айлык акы төлөө;
2) эл аралык жана улуттук консультанттарга эмгегине акы төлөө;
3) билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутууну кошо демилгелерине чыгымдар;
4) талаа изилдөөлөрү;
5) маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жана продуктылар;
6) рыноктук товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
7) транспорт чыгымдары;
8) бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн иш сапарынын чыгымдары.
7. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен Чаралардын жана иш-аракеттердин Планын каржылоонун максаттарына алдыдагы үч жылдык/беш жылдыкка Бюджетти орто мөөнөттүү болжолдоонун (СПБ) контролдук цифралары боюнча финансы министрлигинин өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрүү.
2) Стратегияларды ишке ашыруу планынын бюджетин түзүүнүн этабы
Бул этапта төмөнкүлөргө гана ылайык ишке ашырыла турган түздөн-түз бюджеттештирүү боюнча эсептөөлөр жүргүзүлөт:
- бюджеттештирүүнүн жумушчу моделинин таблицаларынын макулдашылган форматтарына (1-тиркеме);
- прайс-листке чыгарылган ресурстардын бирдигинин нарктык маалыматтарына (№ 3 тиркеме);
- пландын иш-чараларынын ар бирин аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттөргө.
Пландын иш-чараларынын ар бири боюнча сунушталган иштин курамын жана чыгымдардын сметасын эксперттик макулдашуу процесси Пландарды бюджеттештирүү процессинде милдеттүү жол-жобо болуп саналат.
Чараларды эсептеп чыгаруу үчүн баштапкы формула:
мында:
M - чаранын наркы (керектөө);
Qi - тартылган адамдардын (же бирдиктердин) саны, i-чаралардын чыгымдарынын ошол статьялары;
Pi - чыгымдалган ресурсту бирдигинин наркы i-чаралардын чыгымдарынын ошол статьялары;
Ti - сарпталган айлардын саны i-чаралардын чыгымдарынын ошол статьялары (айрым учурларда Ti бирдиктердин санын билгизиши мүмкүн).
Милдеттерди эсептөө үчүн формула:
мында,
O - милдеттин наркы (керектөө);
Mi - i - ошол чаранын наркы.
Пландарды ишке ашырууга максаттар, артыкчылыктар жана финансылык чыгымдар жалпысынан милдеттерди эсептөө үчүн формулага окшош формула боюнча эсептелди.
Ошол эле учурда, "максаттар", "милдеттерге", "артыкчылыктарга" кетүүчү финансылык чыгымдардын суммасы - "максаттарга" кеткен чыгымдардын суммасы болуп саналат, ал эми стратегиялык пландарды ишке ашырууга кеткен финансылык чыгымдар жалпысынан - бул стратегиянын артыкчылыктарына кеткен финансылык чыгымдардын суммасы.
Финансылык ажырымды эсептөө үчүн формула (максаттардын мисалында):
мында,
- финансылык ажырым;
- i - ошол максаттын наркын каржылоо боюнча колдо болгон мүмкүнчүлүк;
- i - ошол максаттын (керектөөнүн) наркы.
3) Стратегиялык пландарды ишке ашыруунун өбөлгөлөрү жана шарттары
Эл аралык тажрыйбада мүмкүн болгон каржылоо менен керектөөлөрдү 50 пайыздык жана андан жогору жабуу программанын/стратегиянын туруктуулугунун ишенимдүү багытталышы жана адекваттуу саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн сунушталган саясаттын чараларынын реалдуулугунун белгиси деп эсептелет. Эгерде бул көрсөткүч 50%дан аз, мисалы 30% болуп түзүлсө, андан бул көрсөткүчтү жакшыртуунун эки варианты сунушталат:
1) Каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнүн көз карашынан алганда алда канча көйгөйлүү, сунуш кылынган чараларды/ стратегиялык пландарда пландаштырылган демилгелерди текшерүү жана кыскартуу.
2) Стратегиялык пландарды ишке ашырууга эл аралык донор уюмдарды чакыруу.
1-тиркеме
Иш-чаралардын планы
Стратегиялар/Программалар ________________________________________________
№№ | Милдеттер | Чаралар/ Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Бөлүм | |||||
Бөлүмчө | |||||
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
Бөлүмчө | |||||
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
2-тиркеме
Стратегиялардын/Программалардын бюджети ________________________________________
№№ | Милдеттер | Чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ченөө бирдиги | Каржылоого болгон муктаждык | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
мам. бюджет | МТИ, гранттар | башкалар | бардыгы | мам. бюджет | МТИ гранттар | башкалар | бардыгы | мам. бюджет | МТИ, гранттар | башкалар | бардыгы | ||||||
| Бөлүмдүн аталышы |
|
|
| |||||||||||||
1 |
|
|
| Бардыгы | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2013-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2014-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2015-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
2 |
|
|
| Бардыгы | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2013-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2014-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2015-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
| Бөлүм б/чабардыгы |
|
| Бардыгы | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2013-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2014-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
| 2015-ж. | миң сом |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
| миң долл. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Доллардын болжолдуу курсу - ________ сом/долл.
| 3-тиркеме |
Прайс-лист
№ | Чыгымдар статьяларынын аталышы | Ченөө бирдиги | 1 бирдиктин наркы | Маалымат булагы |
| Мамлекеттик структуранын орточо айлык эмгек акысы | |||
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
| Көз карандысыз эксперттердин эмгек акысы | |||
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
| Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу | |||
8 |
|
|
|
|
9 |
|
|
|
|
10 |
|
|
|
|
| Талаа изилдөөлөрү | |||
11 |
|
|
|
|
12 |
|
|
|
|
13 |
|
|
|
|
| Маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр/продукт | |||
14 |
|
|
|
|
15 |
|
|
|
|
16 |
|
|
|
|
| Рыноктук товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу | |||
17 |
|
|
|
|
18 |
|
|
|
|
19 |
|
|
|
|
| Келишим боюнча транспорттук чыгымдар | |||
20 |
|
|
|
|
21 |
|
|
|
|
22 |
|
|
|
|
| Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн иш сапарынын чыгымдары | |||
23 |
|
|
|
|
24 |
|
|
|
|
25 |
|
|
|
|
| 4-тиркеме |
Стратегияларды/Программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы ____________________________________________
№ | Милдеттер | Индикатордун аталышы | Ченөө бирдиги | Базалык жыл | Эки ортодогу индикаторлор (жылдык) | Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу орган | ||
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | |||||||
(1) | (2) | (3) | (4) | (5) | (6) | (7) | (8) | (9) |
|
| Бөлүмдүн аталышы | ||||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 5-тиркеме |
Туруктуу өнүктүрүү компоненттерин эске алуу менен стратегиялык документтердин бөлүмдөрүн түзүү боюнча көрсөтмө мисалдар
Стратегиялык пландаштыруунун кадам боюнча ырааттуулугунун схемасы:
1-кадам: Максат коюу
(2013-2017) ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА МАКСАТТАРДЫ ТҮЗҮҮНҮН МИСАЛЫ: ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КОМПОНЕНТТЕРИН ЭСКЕ АЛБАСТАН: "Туристтик кызмат көрсөтүүлөргө болгон кыргыз жана чет өлкөлүк жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу заманбап, натыйжалуу, атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик рынокту түзүү, калктын жумуштуулугун жана кирешелеринин деңгээлин жогорулатуу" ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КОМПОНЕНТТЕРИН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН: "2017-жылга карата 2,5 эсе жумуш орундарынын өсүшү үчүн рекреациялык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы мүмкүндүктөрдү туура колдонуу аркылуу туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүү рыногун түзүү |
4-кадам: Артыкчылыктуу багыттар
Туруктуу өнүктүрүүнүн моделин эске алуу менен энергетикада артыкчылыктарды түзүүнүн мисалы: - "Энергияны үнөмдөө үйдө жана өндүрүштө"; - "турак жай фондунун энергиялык натыйжалуулугу" |
5-кадам: Милдеттерди коюу:
Жогоруда белгиленген артыкчылыктар боюнча милдеттерди түзүүнүн мисалы: - Энергия үнөмдөөчү курулуш материалдарын өндүрүшкө киргизүү; - Энергиялык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүнө шайкеш келген турак жай фондунун аянттарын көбөйтүү |
6-кадам: Чаралар саясаты - аракети/чаралары/инструменттери/механизмдери
Мисалы, "Туристтик индустриянын объекттерине экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн жана экологиялык талаптардын - "экостандарт" системасын иштеп чыгуу жана киргизүү" милдети коюлган болсо, анда чаралар төмөнкүдөй мазмунда болушу мүмкүн: 1. Туризм жаатындагы бардык уюмдарда тазалоочу курулмалардын толук циклин орнотуу; 2. Туризм уюмдарында тазалоочу курулмаларда заманбап фильтрлерди орнотуу; 3. Тиричилик калдыктарынын жана агындарынын курчап турган чөйрөнү булгоочу тобокелдиги тууралуу маалыматтык компанияны жүргүзүү. |
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы № 45 буйругу менен бекитилген |
Бул Методологиянын максаты мамлекеттик стратегиялык документтерди баалоо жана инвентаризация жүргүзүүдө жана стратегиялык пландаштыруунун негиздери, өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктарына саясий багыт жагынан алардын актуалдуулугуна баа берүү учурунда мамлекеттик органдарына методикалык колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Стратегиялык документтерди баалоо жана аларды инвентаризациялоону жүргүзүү этаптары
1-кадам: Документтин паспортун түзүү
Документтин паспорту төмөнкүдөй компоненттерден турат:
1) Документтин расмий аталышы.
2) Аны иштеп чыгууну демилге кылган расмий мамлекеттик орган.
3) Документти иштеп чыгууга таламдаш тараптардын өнөктөштүгүнүн жана катышуусунун жалпы схемасы.
2-кадам: Критерийлерди тандоо жана баалоо шкалаларынын негиздемеси
Критерийлерди тандоо документтин актуалдуулугунун даражасын баалоого мүмкүндүк бере турган үч топко байланган (1-сүрөт):
- туруктуу өнүктүрүү моделинин компоненттеринин болушу/жоктугу;
- стратегиялык пландаштыруу методологиясынын компоненттеринин болушу/жоктугу;
- өтмө багыттардын болушу/жоктугу:
мамлекеттик башкаруу;
региондук өнүктүрүү;
гендердик саясат.
Критерийлерге баа берүү үчүн 0дөн 100 баллга чейин шарттуу шкаланы алуу сунуш кылынат. Баллдардын сандык белгилери төмөнкүдөй болжолдорго таянуу менен критерийлерге берилген:
- документтин актуалдуулугун көрсөткөн моделдердин үч тобунун бирдей баалуулугу (30 балл);
- моделдин үч тобунун алкагында белгиленген критерийлердин бирдей баалуулугу (10 балл);
- актуалдуулук критерийи бирдей эле даражада моделдин үч тобунун ортосундагы байланыштыруучу сегмент/талаа болуп саналат.
1-сүрөт. Баллдардын сандык белгилерин бөлүштүрүү модели
Өтмө: 1. Региондор, 2. Мамлекеттик башкаруу, 3. Гендер.
Стратегиялык пландаштыруу: 1. СП кадамдары, 2. Бюджет, 3. План жана матрица.
Туруктуу өнүгүү: 1. Социалдык-экономикалык, 2. Экономикалык-экологиялык, 3. Экологиялык-социалдык.
3-кадам: Документтин актуалдуулугуна баа берүү (Максималдуу баа - 10 балл)
Документтин актуалдуулугунун даражасы төмөнкүдөй критерийлерден түзүлөт:
1) Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү моделинин шайкештик деңгээли.
2) Стратегиялык пландаштыруу методологиясын пайдалануу деңгээли.
3) Туруктуу өнүктүрүүнүн өтмө критерийлеринин болушу (региондор, мамлекеттик башкаруу жана гендер).
8-10 балл - жогорку деңгээл - чаралар саясаты стратегиялык пландаштыруу методологиясынын негизинде туруктуу өнүктүрүүнүн өтмө критерийлерин (региондор, мамлекеттик башкаруу жана гендер) эске алуу менен туруктуу өнүктүрүү моделинин компоненттери аркылуу түзүлгөн.
4-7 балл - орто деңгээл - туруктуу өнүктүрүү моделинин компоненттери фрагменттүү берилген/өз ара байланышсыз чагылдырылган; үч критерийдин бири чагылдырылган, же бул критерийлер боюнча саясат чараларынын чектелгендиги бар; стратегиялык пландаштыруунун айрым кадамдары колдонулган.
0-3 балл - төмөнкү деңгээл - документ критерийлерди эске албастан иштелип чыккан, туруктуу өнүктүрүү моделине шайкеш эмес, стратегиялык пландаштыруу методологиясынан тыш.
4-кадам: Өтмө критерийлерге баа берүү (Максималдуу баа - 30 балл)
Өтмө критерийлер төмөнкүлөрдөн турат:
1) Региондук компонент (10 балл).
2) Сектор аралык өз ара байланыштар (10 балл).
3) Гендердик компонент (10 балл).
1. Региондук компонентке баа берүүнүн сунуш кылынуучу критерийлери
Максималдуу баа - 10 балл.
8-10 балл - региондук специфика аныкталган жана аткаруучуларды, турмушка ашыруу мөөнөттөрүн, мониторинг жана баа берүү индикаторлорун көрсөтүү менен региондорду өнүктүрүү боюнча (инвестициялык, билим берүүчү, социалдык, экологиялык жана башка долбоорлор) иш-чаралар пландаштырылган.
4-7 балл - региондук өнүктүрүү аркылуу специфика эске алынат, бирок текстте конкреттүү иш-чаралар жазылган эмес.
0-3 балл - регионду өнүктүрүү боюнча маалымат жок.
2. Сектор аралык өз ара байланыштарга баа берүүнүн сунуш кылынган критерийлери
Максималдуу баа - 10 балл.
8-10 балл - Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана сектордо, анын ичинде кадр потенциалын жогорулатууну жана маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртууну эске алуу менен берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча пландар бар. Белгиленген иш-чараларды турмушка ашыруу үчүн кураторлук кылынган сектор үчүн түздөн-түз жооп берген орган башында турган мамлекеттик органдардын курамындагы жооптуу аткаруучулар бар.
4-7 балл - Сектордо мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча пландар начар жазылган. Мамлекеттик органдардын ичинен жооптуу аткаруучулар жана иш-чараларды турмушка ашыруу мөөнөттөрү жазылган эмес, мында күтүлгөн натыйжалар жок. Маалыматка чектелген жеткиликтүүлүк бар. Биргелешкен иш-чаралар үчүн каражаттар жок жана сектор аралык сегменттер боюнча министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсү толук өлчөмдө аныкталган эмес.
0-3 балл - Сектордо мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча пландар жок, маалыматка жеткиликтүүлүк, жооптуу аткаруучулар, иш-чараларды турмушка ашыруу мөөнөттөрү жана күтүлгөн натыйжалар жок. Сектор аралык өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик орган өз ресурстарына гана таянып, башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү эске албастан, биргелешкен иш-чараларды жалгыз чечет.
3. Гендердик компонентке баа берүүнүн сунуш кылынган критерийлери
Максималдуу баа - 10 балл.
8-10 балл - Максималдуу, оң баа ("гендердик-оң документ"). Документтин бардык 3 бөлүгүндө гендердик өлчөөлөрдү комплекстүү\туруктуу эсепке алуу:
a) кырдаалды талдоодо\көйгөйлөрдү баяндоодо (мисалы, гендердик жактан ажыратылган статистика келтирилген, учурдагы көйгөйдүн\көйгөйлөрдүн аялдарга жана эркектерге жана башкаларга терс таасириндеги айырмачылыктар аныкталган);
b) гендердик багыттагы милдеттер баяндоосунда (мисалы, милдет гендердик теңсиздикти өзгөртүүгө же теңсиздиктин кесепеттерин жеңилдетүүгө тикелей багытталган же гендердик-чабал топтор жагынан атайын чаралар каралган);
c) турмушка ашыруу индикаторлорунун ичинде гендердик индикаторлор бар.
4-7 балл - Орто баа ("гендердик багыттагы документ"). Гендердик аспекттерди жарым-жартылай эсепке алуу. Мында ар кандай саясат аялдар жана эркектер үчүн, жарандардын ар кандай социалдык категориялары үчүн ар кандай таасирге жана натыйжаларга ээ. Стратегияларды иштеп чыгууда ошондой эле пландаштырылып жаткан чаралардын ар кандай топторго: аялдарга жана эркектерге, балдарга жана кыздарга, шаардагы, айылдагы, бийик тоолуу жерлердеги тургундарга, ДМЧАларга, жумушсуздарга жана башкаларга гендердик таасирин жана натыйжаларын аныктоо маанилүү.
0-3 балл - Минималдуу баа ("гендердик көйгөйдү көрбөгөн, гендердик жактан кайдыгер документ"). Документте гендердик аспекттер эч жерде эсепке алынган эмес, көйгөйдү жана пландаштырылып жаткан чаралардын таасирин гендердик талдоо жүргүзүлгөн эмес.
5-кадам: Стратегиялык пландаштыруу методологиясынын шайкештигине баа берүү (Максималдуу баа - 30 балл)
Стратегиялык документ:
1) Стратегиялык пландаштыруу методологиясынын 10 кадамына шайкеш келүүгө (10 балл).
2) Бюджетти камтууга (10 балл).
3) Иш-чаралардын планын жана мониторинг менен баалоо индикаторлорунун матрицасын (10 балл) камтууга тийиш.
1. Стратегиялык пландаштыруу методологиясынын 10 кадамына шайкештикке баа берүүнүн критерийлери (Максималдуу баа - 10 балл)
8-10 балл - стратегиялык пландаштыруунун негизги 10 кадамынын ичинен 8ден 10 кадамга чейинкиси бар.
4-7 балл - стратегиялык пландаштыруунун негизги 10 кадамынын ичинен 4төн 7 кадамга чейинкиси бар.
0-3 балл - стратегиялык пландаштыруунун негизги 10 кадамынын ичинен 3 кадамга чейинкиси бар.
2. Бюджет түзүүгө баа берүүнүн сунуш кылынган критерийлери (Максималдуу баа - 10 балл)
8-10 балл - зарыл финансылоонун көлөмү, мамлекеттик бюджеттин жана донор уюмдар менен макулдашуулардын алкагында бекитилген/каралган финансылоонун көлөмү, ошондой эле учурдагы ажырым (каралган жана зарыл финансылоонун ортосундагы айырма) жана ажырымды жабуунун мүмкүн болгон булактары келтирилген. Финансылоо жылдар, чаралар жана финансылоо булактары: мамлекеттик бюджет, МИП жана гранттар, донор каражаттар/жеке инвестициялар боюнча бөлүп-бөлүп келтирилген.
4-7 балл - бюджет толук көлөмдө келтирилген эмес.
0-3 балл - бюджет бир жалпы цифра менен келтирилген. Стратегиялык документти турмушка ашыруу финансылоо суммасын көрсөтпөстөн мамлекеттик/республикалык бюджеттин алкагында каралгандыгы белгиленген. Эгерде бюджет жана финансылоо көлөмдөрү жөнүндө маалымат эч бир документте камтылбаса, финансылык-экономикалык негиздеме келтирилбесе, нөл балл деген баа сунуш кылынат.
3. Иш-чаралардын планына жана индикаторлордун матрицасына баа берүүнүн сунуш кылынган критерийлери (Максималдуу баа - 10 балл)
Иш-чаралардын планы жана индикаторлордун матрицасы баа берүүнүн төмөнкүдөй критерийлерине таянуу менен бааланат:
8-10 балл - иш-чаралар планында төмөнкүдөй 5 милдеттүү компонент бар: (1) милдеттер; (2) чаралар/аракеттер; (3) күтүлгөн натыйжалар; (4) турмушка ашыруу мөөнөттөрү; (5) жооптуу аткаруучулар.
1) Милдеттер маңызы боюнча документтин текстинде белгиленген милдеттерге толук дал келет.
2) Милдеттердин ар бири үчүн чаралар/аракеттер каралган. Сунуш кылынган чаралар алдыга коюлган милдетти толук көлөмдө чечет (күтүлгөн натыйжалардын негизинде бааланат).
3) Күтүлгөн натыйжалардын алдыга коюлган милдеттер менен логикалык байланышы бар жана милдеттерди чечүүдө жетишүүгө болот.
4) Турмушка ашыруу мөөнөтү кварталга/жарым жылдыкка чейинки тактык менен белгиленген.
5) Жооптуу аткаруучулар чаралардын/аракеттердин ар бири үчүн көрсөтүлгөн. Негизги жооптуу аткаруучу деп (тизмеде биринчи) мамлекеттик орган белгиленген.
Индикаторлордун матрицасында 4 милдеттүү компонент катышат: (1) максаттар же милдеттер; (2) индикаторлор; (3) жылдар боюнча бөлүнгөн индикаторлордун базалык жана болжолдуу көрсөткүчтөрү; (4) жооптуу аткаруучулар.
1) Мазмуну боюнча максаттар же милдеттер документтин текстинде жана/же иш-чаралар планында коюлган максаттар менен милдеттерге ылайык келет.
2) Ар бир максат же милдет үчүн индикаторлор коюлган. Индикаторлор сөзсүз түрдө ар бир конкреттүү милдетти же максатты чечүү прогрессин көрсөтүүгө тийиш.
3) Жылдар боюнча бөлүү менен сандык индикаторлордун ар бири үчүн базалык жана болжолдуу көрсөткүчтөр келтирилген (документти турмушка ашыруу мезгилине).
4) Пландаштырылган натыйжалардан четтөөлөрдүн себеби жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды жана тиешелүү комментарийлерди берген жооптуу аткаруучулар индикаторлордун ар бири үчүн көрсөтүлгөн.
4-7 балл - Иш-чаралар планында төмөнкүдөй милдеттүү компоненттердин бири жок: милдеттер, күтүлгөн натыйжалар, турмушка ашыруу мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулар. Чаралар/аракеттер сөзсүз катышууга тийиш.
1) Аз сандагы милдеттер маңызы боюнча документтин текстинде белгиленген милдеттерден айырмаланат (милдеттердин жалпы санынын 20%ынан ашык эмес).
2) Чаралар/аракеттер ар бир милдет үчүн каралган, бирок сунуш кылынган чаралар алдыга коюлган милдетти толук көлөмдө чечпейт (күтүлгөн натыйжалардын негизинде бааланат).
3) Күтүлгөн натыйжалар алдыга коюлган милдеттер менен кыйыр түрдө өз ара байланышкан, бирок жетишүүгө болот.
4) Турмушка ашыруу мөөнөттөрү жарым жыл/бир жылга чейинки тактык менен белгиленген.
5) Айрым чаралар/аракеттер үчүн жооптуу аткаруучулар белгиленген эмес (чаралардын жалпы санынын 20%ынан ашпайт). Негизги жооптуу аткаруучу (тизмеде биринчи) деп мамлекеттик орган белгиленген.
Индикаторлордун матрицасында төмөнкүдөй милдеттүү компоненттердин бири жок: максаттар же милдеттер, жылдар боюнча бөлүнгөн индикаторлордун базалык жана болжолдуу көрсөткүчтөрү, жооптуу аткаруучулар. Индикаторлор сөзсүз катышууга тийиш.
1) Максаттар же милдеттер маңызы боюнча иш-чаралардын текстинде жана/же планында белгиленген максаттарга же милдеттерге шайкеш келбейт (айырма максаттардын же милдеттердин жалпы санынын 20%ынан ашпайт).
2) Негизги максаттардын же милдеттердин индикаторлору жок (20%дан ашпайт). Сунуш кылынган индикаторлор ар бир конкреттүү милдетти же максатты чечүү прогрессин кыйыр түрдө көрсөтүп турат.
3) Сандык индикаторлордун ар бири үчүн базалык (иш жүзүндөгү) көрсөткүчтөр гана коюлган. Жылдар боюнча бөлгөндө болжолдуу көрсөткүчтөр жок.
4) Пландаштырылган натыйжалардан четтөөлөрдүн себеби жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды жана тиешелүү комментарийлерди берген жооптуу аткаруучулар айрым индикаторлор үчүн көрсөтүлгөн эмес (индикаторлордун жалпы санынын 20%ынан ашпайт).
0-3 балл - Иш-чаралар планында төмөнкүдөй милдеттүү компоненттердин ичинен эки же андан ашыгы жок: милдеттер, күтүлгөн натыйжалар, турмушка ашыруу мөөнөттөрү, жооптуу аткаруучулар. Же 5 милдеттүү компоненттин ичинде чаралар/аракеттер гана жок.
1) Кыйла сандагы милдеттер документтин текстинде коюлган милдеттерден айырмаланат (милдеттердин жалпы санынын 20%ынан ашык).
2) Чаралар/аракеттер ар бир милдет үчүн каралган эмес. Сунуш кылынган чаралар алдыга коюлган милдетти толук көлөмдө жаппайт же аны биротоло чечпейт (күтүлгөн натыйжалардын негизинде бааланат).
3) Күтүлгөн натыйжалар алдыга коюлган милдеттер менен өз ара байланышкан эмес же сунуш кылынган чаралардын натыйжасында жетишүү мүмкүн эмес.
4) Турмушка ашыруу мөөнөттөрү 2 жылды же андан ашыкты камтыган мезгил катары белгиленген.
5) Кыйла сандагы чаралар/аракеттер үчүн жооптуу аткаруучулар белгиленген эмес (чаралардын жалпы санынын 20%ынан ашык). Негизги жооптуу аткаруучу (тизмеде биринчи) деп мамлекеттик орган белгиленген эмес (мисалы, НПО же ишкана).
Индикаторлордун матрицасында төмөнкүдөй милдеттүү компоненттердин эки же андан ашыгы жок: максаттар же милдеттер, жылдар боюнча бөлүнгөн индикаторлордун базалык жана болжолдуу көрсөткүчтөрү, жооптуу аткаруучулар. Же 4 милдеттүү компоненттин ичинен индикаторлор гана жок.
1) Кыйла сандагы максаттар же милдеттер иш-чаралардын текстинде жана/же планында коюлган максаттарга же милдеттерге шайкеш келбейт (максаттардын же милдеттердин жалпы санынын 20%ынан ашык).
2) Көпчүлүк максаттардын же милдеттердин индикаторлору жок (20%дан ашык). Сунуш кылынган индикаторлор ар бир конкреттүү милдетти же максатты чечүү прогрессин көрсөтпөйт.
3) Сандык индикаторлордун ар бири үчүн базалык жана болжолдуу көрсөткүчтөр коюлган эмес.
4) Пландаштырылган натыйжалардан четтөөлөрдүн себеби жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтарды жана тиешелүү комментарийлерди берген жооптуу аткаруучулар көп сандагы индикаторлор үчүн көрсөтүлгөн эмес (20%дан ашык).
6-кадам: Туруктуу өнүктүрүү компоненттерине шайкештик деңгээлине баа берүү
(Максималдуу баа - 30 балл).
Стратегиялык документ туруктуу өнүктүрүүнүн үч бирдиктүү концепциясына шайкеш келүүгө жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Туруктуу өнүктүрүүнүн экономикалык жана социалдык компоненттеринин ортосундагы өз ара байланыш (10 балл).
2) Туруктуу өнүктүрүүнүн экологиялык жана социалдык компоненттеринин ортосундагы өз ара байланыш (10 балл).
3) Туруктуу өнүктүрүүнүн экономикалык жана экологиялык компоненттеринин ортосундагы өз ара байланыш (10 балл).
Туруктуу өнүктүрүүнүн экономикалык жана социалдык компоненттеринин ортосундагы өз ара байланыш боюнча сунуш кылынган критерийлер (Максималдуу баа - 10 балл)
Социалдык багыттагы стратегиялык документтер милдеттерди коюуда жана иштелип чыккан саясаттын милдеттерин жана иштелип чыгып жаткан чараларын аныктоодо социалдык багыттагы документтерде экономикалык өсүштүн негизги факторлорунун бири катары адамдык капиталдын потенциалын арттыруу маселелерине көңүл бурулат. Саясат бир гана социалдык камсыздандырууга социалдык гарантияларды ишке ашырууга гана багытталбастан, ошондой эле, аларга өз муктаждыктардын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталыш керек.
8-10 балл - Документте экономикалык жана социалдык компоненттин ортосундагы өз ара байланыш эске алынган, аларды чечүүгө багытталган көйгөйлөр менен милдеттер аныкталган. Аларды чечүү боюнча иш-чаралар иштелип чыккан, аларды турмушка ашыруунун наркы эсептелген. Алардын мониторинги жана баа берүү боюнча индикаторлор иштелип чыккан. Адамды өнүктүрүү ал өлкөнүн экономикалык, саясий жана социалдык турмушунда өзүнүн ролун ойной алышы үчүн материалдык каражаттарды билим берүүгө, саламаттык сактоого, тамак-ашка жана адамды социалдык камсыз кылууга жумшоо зарылчылыгын билдирет. Мында саясат калктын аялуу катмарлары жагынан мамлекеттин кепилдиктерин турмушка ашырууга гана эмес, ошондой эле алар үчүн өз муктаждыктарын өз алдынча камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталууга тийиш.
4-7 балл - Экономикалык жана социалдык компоненттин ортосундагы өз ара байланыш иреттүү эске алынган эмес же жетиштүү иштелип чыккан эмес. Башкача айтканда, социалдык жана экономикалык маселелердин өз ара байланышы аналитикалык блокто чагылдырылышы, милдеттердин катарында чагылдырылышы мүмкүн, бирок аларды турмушка ашыруу боюнча чаралар сунуш кылынган эмес жана тиешелүү түрдө алардын наркынын эсеби жүргүзүлгөн жок жана алардын мониторингинин жана баасынын индикаторлору жок.
0-3 балл - Экономикалык жана социалдык компоненттин ортосундагы өз ара байланыш жок же декларативдик формада берилген. Милдеттер жок, саясат чаралары аларды эске алуу менен баяндалган эмес. Документ сектордун тигил же бул чөйрөгө таандыктыгына жараша социалдык же экономикалык маселелерге топтолгон. Саясаттын экономикалык чараларын турмушка ашырууда кедейликтин деңгээлине, калктын турмуш сапатына таасир жана башкалар эске алынган эмес. Социалдык саясат чараларын турмушка ашырууда экономикалык аспекттер (мисалы, квалификациялуу кадрларды даярдоо) эске алынган эмес.
Туруктуу өнүктүрүүнүн экологиялык жана социалдык компоненттеринин ортосундагы өз ара байланыштын сунуш кылынган критерийлери
Максималдуу баа - 10 балл.
8-10 балл - Экологиялык жана социалдык компоненттердин ортосундагы өз ара байланыш чагылдырылды, көйгөйлөр жана аларды чечүүгө багытталган милдеттер аныкталды. Аларды чечүү боюнча иш-чаралар иштелип чыкты, аларды турмушка ашыруу наркы эсептелди. Алардын мониторинги жана баасы боюнча индикаторлор иштелип чыкты. Документ экологиялык тобокелдиктерди, ар кандай социалдык топтор үчүн жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүүнү, теңсиздикти төмөндөтүү чараларын, чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун катышуусун чагылдырат.
Документте социалдык өнүктүрүү жана курчап турган чөйрө ажыралгыс байланышта экендиги негиз катары алынган. Экологиялык тобокелдиктер теңсиздикти бекемдейт жана кедейликти күчөтөт, ал, өз кезегинде, жаратылыш ресурстарын кайра пайдаланууга алып келет. Документ экологиялык тобокелдиктерди азайтууда, жаратылыш ресурстарынан алынган пайданы адилеттүү бөлүштүрүүдө мамлекеттин ролун жогорулатууга, туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө, калктын турмушунун сапатын жогорулатууда, жарандардын укуктарын коргоо механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатууда коомдун ар кандай системаларынын (үй-бүлө, жергиликтүү жамаат, мамлекеттик кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башкалар) потенциалын жогорулатууга багытталган.
4-7 балл - Экологиялык-социалдык критерийлер жетиштүү иштелип чыккан эмес, иреттүү чагылдырылган эмес (мисалы, талдоо блогунда белгиленген, бирок чараларда жана бюджетте улантылган эмес). Мындай учурда социалдык-экологиялык критерийди эсепке алууну жеткире иштеп чыгуу боюнча комментарийлер иштелип чыгат.
0-3 балл - Экологиялык-социалдык критерийлер стратегияда чагылдырылган эмес же декларациянын деңгээлинде чагылдырылган.
Туруктуу өнүктүрүүнүн экономикалык жана экологиялык компоненттеринин ортосундагы өз ара байланыштын сунуш кылынган критерийлери
Максималдуу баа - 10 балл.
8-10 балл - Экономикалык иштин экологиялык кесепеттерин эсепке алуу механизмдери чагылдырылган, аларды чечүүгө багытталган көйгөйлөр жана милдеттер аныкталган. Аларды чечүү боюнча иш-чаралар иштелип чыккан жана аларды турмушка ашыруунун наркы эсептелген. Алардын мониторинги жана баасы боюнча индикаторлор иштелип чыккан. Документтин узак мөөнөттүү келечекке артыкчылыгы болуп экологиялык жана экономикалык тобокелдиктерди азайтуу саналат. Ошентип, экономикалык иштин курчап турган чөйрөгө тобокелдиктерин комплекстүү эсепке алуу жүргүзүлдү жана компенсациялоо чаралары аныкталган, алар документтерде талдоо блогунда, саясат чараларында жана бюджетте чагылдырылган. Стратегиялык документ энергияны өндүрүүнүн экологиялык технологияларын (күн, шамал ж.б.) өздөштүрүүгө, келечек муунга оң таасирге багытталган. Системаны өнүктүрүүнүн жана анын курчап турган чөйрөгө коркунучу болбостон келечектеги экономикалык өнүгүүгө таасиринин болжолу бар. Стратегиялык документтен алынган натыйжалары курчап турган чөйрөнүн булганышы азайганынан, жаратылыш ресурстарын кайрадан калыбына келтирүүгө чыгымдарды үнөмдөөдөн, жогорку өндүрүмдүү экономикалык иш үчүн ыңгайлуулуктарды камсыз кылуудан, анын коопсуздугунан жана мезгил ичиндеги туруктуулугунан көрүнүп турат.
4-7 балл - Документте экономикалык жана экологиялык компоненттин ортосундагы өз ара байланыш эске алынган, бирок конкреттүү иш-чаралар жок. Экономикалык өнүктүрүүнүн курчап турган чөйрөнүн бузулушу түрүндөгү кесепеттери, ошондой эле жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун, экономикалык өнүгүүнүн жана калктын турмуш сапатынын ортосундагы кайчы байланыштар стратегияда каралбай калган. Экологиялык лимиттер жарым-жартылай иштелип чыккан, иреттүү чагылдырылган эмес (мисалы, талдоо блогунда белгиленген, бирок чараларда жана бюджетте жана башкаларда улантылган эмес).
0-3 балл - Өз ара байланыш жок, стратегиянын субъекттери экономикалык иштин терс экологиялык-экономикалык натыйжаларын эске алган эмес же декларациянын деңгээлинде чагылдырылган. Экономикалык өсүштүн эки факторуна - эмгекке жана капиталга гана көңүл бурулат, жаратылыш ресурстары (жаратылыш капиталы) түгөнбөйт деп болжолдонот. Стратегиянын саясат чаралары жаратылыш ресурстарынын кайра жаралбоочу түрлөрүн (эң ириде пайдалуу кендерди) тез жана азайтып пайдаланууга жана кайра жаралуучу ресурстарды (кыртышты, токойду жана башкаларды) кайра өндүрүү жана калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнөн ашуу менен аларды ашкере пайдаланууга алып келет. Документте иштин экологиялык-экономикалык тобокелдиктерин эсепке алуу жок.
7-кадам: Инвентаризациялоону жүргүзүүнүн сунуш кылынган форматы жана жол-жоболору
Инвентаризациялоону жүргүзүүнүн сунуш кылынган форматы жана жол-жоболору № 1 тиркемеде келтирилген.
Сунуш кылынып жаткан форматтын алкагында 10 критерийдин ар бирин 1ден 10 баллга чейин баалоону жүргүзүү талап кылынат. "Четтөө" деген графага иш жүзүндөгү баа менен ар бир критерий боюнча баллдын методикалык белгиленген максималдуу санынын (10 балл) ажырымы боюнча сандарды киргизүү зарыл.
"Комментарийлер" графасында критерийлерге иш жүзүндө баа берүүнүн натыйжалары боюнча кыскача негиздемени келтирүү зарыл.
Инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча суммалык бааны таблицанын төмөн жагына, "Жыйынтыгы" графасына коюу зарыл (баллдын саны жана мүмкүн болгон максималдуу деңгээлден иш жүзүндөгү четтөөнүн %ы, 100 балл).
8-кадам: Инвентаризациялоонун жана экспертизанын натыйжаларынын негизиндеги тыянактар жана рекомендациялар
Инвентаризациялоонун натыйжалары боюнча критерийлердин 4 блогуна ылайыктуулук жагынан суммалык балл түрүндө жыйынтык чыгаруу жана төмөнкүдөй тыянактардын бирин жасоо талап кылынат:
1. Инвентаризациялоо процессинде стратегиялык документтин долбоору 80-100 балл деп бааланган. Стратегиялык документтин долбоору ушул методикада камтылган талаптарга ылайык келет. Болоор-болбос жеткире иштеп чыгууну талап кылат (сандар 80-97 балл болгондо).
2. Стратегиялык документтин долбоору 51ден 79га чейинки баллды топтогон. Стратегиялык документтин долбоору бүтүндөй алганда ушул методикада камтылган талаптарга ылайык келет, бирок ушул документте келтирилген сунуштардын негизинде жеткире иштеп чыгууну талап кылат.
3. Стратегиялык документтин долбоору 50 балл топтоду. Стратегиялык документтин долбоору ушул методикада камтылган талаптарга ылайык келбейт жана жок кылынууга сунушталууга же баштан-аяк кайра иштелип чыгууга тийиш.
Стратегиялык документти инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча сунуштар критерийлердин ар бир блогу боюнча түзүлөт жана № 2 тиркемеге ылайык тизме тартибинде толтурулат.
Кошумча түрдө стратегиялык документти жеткире иштеп чыгуу боюнча кыскача түшүндүрмөлөр даярдалышы мүмкүн.
1-тиркеме
Стратегиялык документти инвентаризациялоонун натыйжалары/
Критерийлер боюнча программалар ________________________________________
Стратегиялык документти иштеп чыгуучу ____________________________________
№ | Баа берүү критерийлери | Иш жүзүндөгү баллдык баалоо | Четтөө | Комментарийлер | |||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 101 | ||||
1 | Актуалдуулук |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Туруктуу өнүгүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Социалдык-экономикалык критерийлер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 | Социалдык-экологиялык критерийлер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 | Экологиялык-социалдык критерийлер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Өтмө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5 | Региондор |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6 | Мамлекеттик өнүктүрүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
7 | Гендердик өлчөө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Стратегиялык пландаштыруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
8 | Стратегиялык пландаштыруунун кадамдары |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
9 | Бюджет |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
10 | Иш-чаралардын планы жана матрицасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы2 |
| 100 |
|
| ||||||||
Эксперт: ___________________________ | Колу: ____________ | Дата: ________________ |
(1) Баалоонун 10 критерийинин ичинен ар бири боюнча максималдуу балл 10 баллды түзөт.
(2) Стратегиялык документти инвентаризациялоо боюнча максималдуу бүтүндөй алганда 100 баллды түзөт.
2-тиркеме
Критерийлерге дифференцияланган баа берүү боюнча РЕКОМЕНДАЦИЯЛАРДЫН МАТРИЦАСЫ
| Максималдуу баасы 10 балл болгон критерийлерди баллдык баалоо | |||
Критерийлер | 0-3 балл | 4-7 балл | 8-10 балл | |
| Актуалдуулук | Документ жеткире иштелип чыкты: a) Туруктуу өнүктүрүү (ТӨ) моделин эске албастан; b) өтмө критерийлерди эске албастан (региондор, мамлекеттик башкаруу жана гендер); c) стратегиялык пландаштыруу методологиясынан тышкары иштелип чыкты | ТӨ моделинин компоненттерин фрагменттүү/өз ара байланышсыз чагылдыруу. Үч өтмө критерийдин бирин чагылдыруу/же бул критерийлер боюнча саясат чараларынын чектелүүлүгү. Стратегиялык пландаштыруунун айрым кадамдары колдонулду | Чаралар саясаты ТӨ моделинин компоненттери аркылуу түзүлгөн. Өтмө критерийлерди эске алуу менен чаралар саясаты (региондор, мамлекеттик башкаруу жана гендер). Документ стратегиялык пландаштыруу методологиясынын негизинде түзүлгөн |
| Туруктуу өнүктүрүү | |||
| ТӨнүн экономикалык жана социалдык компоненттеринин өз ара байланышы | Экономикалык жана социалдык компоненттердин ортосундагы өз ара байланыш жок же декларативдик формада берилген | Экономикалык жана социалдык компоненттердин ортосундагы өз ара байланыш документте эске алынган, бирок конкреттүү иш-чаралар жок | Экономикалык жана социалдык компоненттердин ортосундагы өз ара байланыш документте эске алынган, аларды чечүүгө багытталган көйгөйлөр менен милдеттер аныкталган, аларды чечүү боюнча иш-чаралар иштелип чыккан, аларды турмушка ашыруунун наркы эсептелген. Алардын мониторинги жана баасы боюнча индикаторлор иштелип чыккан |
| ТӨнүн экономикалык жана экологиялык компоненттеринин өз ара байланышы | Экономикалык жана экологиялык компоненттердин ортосундагы өз ара байланыш жок. Экономикалык иштин терс экологиялык-экономикалык натыйжаларын стратегиянын субъекттери эске албайт же декларация деңгээлинде чагылдырылган | Экономикалык жана экологиялык компоненттердин ортосундагы өз ара байланыш документте эске алынган, бирок конкреттүү иш-чаралар жок. Экономикалык өнүктүрүүнүн курчап турган чөйрөнүн бузулушу түрүндөгү кесепеттери, ошондой эле экологиялык бузулуунун жана экономикалык өнүгүүнүн ортосундагы кайчы байланыштар стратегияда каралбай калган | Документте экономикалык иштин экологиялык натыйжаларын эсепке алуу механизмдери чагылдырылган, аларды чечүүгө багытталган көйгөйлөр менен милдеттер аныкталган. Аларды чечүү боюнча иш-чаралар иштелип чыккан, аларды турмушка ашыруунун наркы эсептелген. Алардын мониторинги жана баасы боюнча индикаторлор иштелип чыккан. Узак мөөнөттүү келечекке документтин артыкчылыгы болуп: экономикалык, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди азайтуу жана стабилдүү ОСнын шартында турмуштун сапатын жогорулатуу саналат |
| ТӨнүн экологиялык жана социалдык компоненттеринин өз ара байланышы | Экологиялык-социалдык критерийлер стратегияда чагылдырылган эмес же декларация деңгээлинде чагылдырылган | Экологиялык-социалдык критерийлер жетиштүү иштелип чыккан эмес, иреттүү чагылдырылган эмес | Экологиялык жана социалдык компоненттердин ортосундагы өз ара байланыш документте эске алынган, аларды чечүүгө багытталган көйгөйлөр менен милдеттер аныкталган. Аларды чечүү боюнча иш-чаралар иштелип чыккан, аларды турмушка ашыруунун наркы эсептелген. Алардын мониторинги жана баасы боюнча индикаторлор иштелип чыккан |
| Стратегиялык пландаштыруу методологиясы | |||
| Стратегиялык пландаштыруу кадамдары | Стратегиялык пландаштыруунун негизги 10 кадамынын ичинен 3 кадамга чейинкиси бар | Стратегиялык пландаштыруунун негизги 10 кадамынын ичинен 4 кадамдан 7 кадамга чейинкиси бар | Стратегиялык пландаштыруунун негизги 10 кадамынын ичинен 8 кадамдан 10 кадамга чейинкиси бар |
| Стратегиянын/ программанын бюджети | Бюджет бир жалпы цифра менен көрсөтүлгөн; Документти турмушка ашыруу финансылоо суммаларын көрсөтпөстөн мамлекеттик/ республикалык бюджеттин алкагында каралган деп белгиленет; Бюджет, финансылоонун көлөмү жана финансы-экономикалык негиздеме жөнүндө маалымат жок | Бюджет толук көлөмдө көрсөтүлгөн эмес | Жылдар боюнча, чаралар боюнча жана финансылоо булактары боюнча бөлүп көрсөтүлөт: a) зарыл финансылоо көлөмдөрү; b) мамлекеттик бюджеттин жана донор уюмдар менен макулдашуулардын алкагында бекитилген/ каралган финансылоонун көлөмү; c) каралган жана зарыл финансылоонун ортосундагы айырма менен көрсөтүлгөн ажырым; d) ажырымды жабуу булактары |
| Иш-чаралардын планы жана индикаторлордун матрицасы | Планда 5 милдеттүү компоненттин ичинен 2 же андан ашыгы жок (же 1 компонент - чара). Матрицада 4 милдеттүү компоненттин ичинен 2 же андан ашыгы жок (же 1 компонент - индикатор) | Планда 5 милдеттүү компоненттин ичинен бири жок (чаралардан тышкары). Матрицада 4 милдеттүү компоненттин ичинен бири жок (индикаторлордон тышкары) | Планда төмөнкүдөй 5 милдеттүү компонент бар: a) милдеттер; b) чаралар; c) күтүлгөн натыйжалар; d) турмушка ашыруу мөөнөттөрү; e) аткаруучулар. Индикаторлордун матрицасында төмөнкүдөй 4 милдеттүү компонент бар: a) максаттар же милдеттер; b) индикаторлор; c) жылдар боюнча бөлүнгөн индикаторлордун базалык жана болжолдуу көрсөткүчтөрү; d) аткаруучулар |
| Өтмө критерийлер | |||
| Региондорду өнүктүрүү | Региондорду өнүктүрүү жөнүндө маалымат жок | Региондорду өнүктүрүү спецификасы эске алынат, бирок текстте конкреттүү иш-чаралар жазылган эмес | Аткаруучуларды, турмушка ашыруу мөөнөттөрүн, мониторинг жана баалоо үчүн индикаторлорун көрсөтүү менен региондук специфика аныкталган жана региондорду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар пландаштырылган (инвестициялык, билим берүүчү, социалдык, экологиялык жана башка долбоорлор) |
| Мамлекеттик башкаруу (сектор аралык байланыштар/ ажырымдар) | Сектордо мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча пландар жок; Маалыматка жеткиликтүүлүк жок; Мамлекеттик органдардын арасында жооптуу аткаруучулар, иш-чараларды турмушка ашыруу мөөнөттөрү жана күтүлгөн натыйжалар жок; Сектор аралык өз ара аракеттенүүдө мамлекеттик орган башка мамлекеттик органдар менен эриш-аркак аракеттенүүнү эске албастан, өз ресурстарына гана таянып, биргелешкен иш-чараларды чечүүдө жекече аракеттенет | Сектордо мамлекеттик башкарууну жакшыртуу боюнча пландар начар жазылган. Мамлекеттик органдардын арасында жооптуу аткаруучулар жана иш-чараларды турмушка ашыруу мөөнөттөрү жазылган, мында күтүлгөн натыйжалар жок. Маалыматка чектелген жеткиликтүүлүк бар. Биргелешкен иш-чаралар үчүн каражаттар жок жана сектор аралык байланыштар боюнча министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсү толук өлчөмдө аныкталган эмес | Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана сектордо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, анын ичинде кадрдык потенциалды арттырууну жана маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртууну эске алуу менен жогорулатуу боюнча пландар бар. Белгиленген иш-чараларды турмушка ашыруу үчүн кураторлук кылынган сектор үчүн түздөн-түз жооп берген орган башында турган мамлекеттик органдардын курамындагы жооптуу аткаруучулар бар, иш-чараларды турмушка ашыруу мөөнөттөрү жана күтүлгөн натыйжалар жазылган. Биргелешкен иш-чаралар үчүн каражаттар бар жана сектор аралык байланыштар боюнча министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсү так аныкталган |
| Гендердик саясат | "Гендердик көйгөйлөрдү көрбөгөн, гендердик көңүлкош документ" Иш жүзүндө гендердик аспекттер, көйгөйдү гендердик талдоо эске алынган эмес жана пландаштырылып жаткан чаралардын таасири жүргүзүлгөн эмес. | "Гендердик багыттагы документ" Гендердик аспекттер документте жарым-жартылай эске алынган | "Гендердик жактан оң документ" Документте гендердик өлчөмү комплекстүү, системалык эсепке алуу: a) кырдаалды талдоо гендердик статистиканы камтыйт, көйгөйлөрдүн аялдарга жана эркектерге ар кандай таасирин аныктайт; b) гендердик багыттагы милдеттер\ чаралар бар, алар гендердик теңсиздикти өзгөртүүгө багытталган; c) гендердик индикаторлордун болушу; d) бюджетте саясаттын гендердик-спецификалык чараларын турмушка ашырууга каражаттар каралган |