Загрузка документа…
Каиңды шаардык кеңешинин
2015-жылдын 28-январы № 84/XXI-7
токтомуна ылайык
жокко чыгарылат
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-марты № 56/XIV-5
Кайынды шаарынын мэриясынын муниципалдык мэнчигинде турган Панфилов айылындагы, Северная № 39, дарегиндеги коттедждүү эки патирди сатууга уруксат берүү жөнүндө
Кайынды шаарынын мэриясынын Кыргыз Республикасынын “Мүлктүн муниципалдык менчиги жөнүндө” Мыйзамынын 2 беренеси, 1 пункту, 11 беренеси, 19 беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18 беренеси 2 пункту, 31 беренесинин 1,2 пункту, 41 беренесинин, ошондой эле 12.12.2013 жылдын Кайыңды шаардык кеңешинин № 11/IV Токтому менен бекитилген Кайыңды шаарынын мэриясынын 11 Жобонун 4 беренесинин негизинде жазылган “Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги Панфилов айылынын, Северная №39 көчөсүндөгү коттедждик эки патирин сатууга уруксат берүү” катын карап көрүп, Кайыңды шаарынын мэриясынын менчигин максималдуу эффективдүү, ачык айкын пайдалануу максатында, жогорку аталган патир Курама айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкандыгына байланыштуу Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттар сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарынын мэриясынын Панфилов айылындагы Северная көчөсүндөгү №39 коттедждик эки патирди, Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине берилсин, андан түшкөн акчалай каражаттарга Кайынды шаарынан 2 кызмат патир сатып алынсын.
2. Кайынды шаарынын мэриясы бул сатыкты жүргүзүүдө мыйзамдаштыруусун камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын агрардык, жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Абдрасулов У.Б. |