Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-январы № 84/XXI-7
Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын № 56-XIV-5 13.03.2014 жылкы чыгарылган токтомун жокко чыгаруу Панфиловка айылында, Северная көчөсүндө № 39/2 жайгашкан конок үйдүн жана баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу
Кайыңды шаарынын мэриясынын кайрылуу катын карап чыгып, Кайыңды шаарынын жеке менчиги болуп эсептелген мүлктү сарамжалдуу пайдалануу боюнча КР 31 беренесиндеги 5 бөлүмүндө жана 41 беренесинин 6 бөлүмүндө жазылган өзүн өзү башкаруу 19 берененин мыйзамынын негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1) Панфилов айылында, Северная көчөүсү № 39/2 жайгашкан конок үйүнүн 13.03.2014 жылкы токтомун жокко чыгарат. Панфилов айылында жайгашкан конок үйдү сатууга уруксат берүү.
2) Панфилов айылында, Северная көчөсү № 38/2 жайгашкан конок үйдүн ижара акыса 2000 сом деп бекитилсен.
3) Кайыңды шаарынын мэриясынын жана шаардык кенешинин кызматкерлерине конок үйдүн ижара акысы 100% ке мугалимдерге, дарыгерлерге, мед кызматкерлерге женилдетилсин.
4) Панфилов айылында Северная көчөсү 39/2 жайгашкан конок үйүнүн ижара келишин түзүүгө жана көзөмөлдөө муниципалдык башкы мулк адисине жүктөлсүн.
5) Каржылоо жана үнөм бөлүмүнүн башчысы, Панфилов айылында Северная көчөсү № 39/2 жайгашкан конок үйүнүн ижара акысын конок уйүндө күндөлүк оңдоо иштерине жумшалган.
6) Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлү Кайынды шаардык кенешинин бюджеттик туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Тѳрага: | Абдрасулов У. |