КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-декабры № 4/1
Красный Восток айыл аймагында мүлккө жана жер салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 31 беренесинин 3 бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын 17 октябрь 2008 жылдагы №231 “Кыргыз республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү тууралуу” Мыйзамынын 3 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык Красный Восток айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Красный Восток айыл аймагында 2014-жылдын 1 январынан баштап төмөнкү салыктар киргизилсиң:
- мүлк салыгы;
- жер салыгы
2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөң салыктарды киргизүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.
3.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик укук – ченем актыларынын реестерине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсиң.
4.Токтом жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Красный Восток айыл округуна жүктөлсүн.
Төрага | Б.Закиров |