ТоктомКүчүндө

Красный Восток айылдык кеңешинин 2013-жылдын 11-декабрындагы № 4/1 «Красный Восток айыл аймагында мүлккө жана жер салыктарын киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция11.12.2013 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 11-декабры № 4/1

Красный Восток айыл аймагында мүлккө жана жер салыктарын киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 31 беренесинин 3 бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын 17 октябрь 2008 жылдагы №231 “Кыргыз республикасынын Салык кодексин ишке киргизүү тууралуу” Мыйзамынын 3 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык Красный Восток айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Красный Восток  айыл аймагында 2014-жылдын 1 январынан баштап төмөнкү салыктар киргизилсиң:

- мүлк салыгы;

- жер салыгы

2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөң салыктарды киргизүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жүргүзүлсүн.

3.Токтом каттоодон өткөрүлсүн жана мамлекеттик укук – ченем актыларынын реестерине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилсиң.

4.Токтом жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын Красный Восток айыл округуна жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Закиров