Редакцияот 09.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кара-Көл шаардык кеңешинин 2016-жылдын 6-майындагы № 85/28-6 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 9-сентябры № 79/21-6

“ Кара-Көл шаарынын мэри М.Д. Койчиевдин 26.08.2015-жылдагы № 05-23/1577 сандуу кайрылуу каты жөнүндө”

Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин 26.08.2015-жылдагы  №05-23/1577  сандуу кайрылуу катындагы   Кетмен-Төбө  шаарчалык аймактык башкармалыгынын калкын таза суу менен камсыз кылуу  боюнча проекттик документтери даярдалып , бүтүп калгандыгына байланыштуу жер астында жаткан муздак суунун темир түтүкчөлөрүн полиэтилен түтүкчөлөрүнө алмаштырууга макулдук берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап чыгып, Кара- Көл шаардык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кетмен-Төбө шаарчасын таза суу менен камсыз кылуучу жер астында жаткан темир түтүкчөлөрдү  пластик түтүкчөлөрүнө алмаштырууга макулдук берилсин.

2. Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевге жумушту аткаруучулар менен келишим түзүүдө мыйзам чегиндеги иштерди алып баруу , шаардык бюджеттен   суу чыгарууга каражат сурабай жумушту бүтүрүү милдеттендирилсин.

3. Алмаштырылуучу пластик трубалардын  сапаты 20 атмосфералык басымга туруштук бере ала  турган жана пластик түтүкчөлөрүнүн диаметри  Кетмен-Төбө шаарчасынын  келечектеги өнүгүүсүн, калктын санынын  өсүшүн эске алуу менен калкты   суу менен үзгүлтүксүз  камсыздай ала турган болуусу талап кылынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Көл шаарынын мэрине (М.Д.Койчиев), ММБнын башчысына ( К.С.Сарбалаев) ,  Кетмен-Төбө шаарчалык  аймактык башкармалыктын  башчысына ( А.Мурзалиев) , ал эми көзөмөлдөө  жагы Кара-Көл шаардык кеңешинин   өндүрүш, курулуш, архиткетура,  турак-жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери  боюнча туруктуу  комиссиясына   (Кыргызалиев Б.Н )  жүктөлсүн.

 

Төрага

Женбеков М.К.