КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-майы № 01-05/156
Көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын түптөлүшүнө кошкон салымын жана Кыргызнефтегаз Ачык Акционердик Коомуна караштуу транспорттук техналогиалык башкармалыгында көп жыл талыкпай эмгектенип элине зор салым кошкондугу үчүн, эмгекчилдиги чечкиндүүлгү менен маркум Мырзамамыт Эгембердиевдин ысымын Геофизика жана Шалка көчөлөрүнө ыйгаруу боюнча, шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-статьясына жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1 пунктунун 23-пунктчасына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Геофизика жана Шалка көчөлөрүнө Мырзамамыт Эгембердиевдин ысымы ыйгарылсын.
2. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
4. Геофизика жана Шалка көчөлөрүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Мырзамамыт Эгембердиевдин жакын туугандарына (жубайы, балдары, бир туугандары) милдеттендирилсин.
5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү жана өз каражатынан жүргүзүүнү камсыз кылуу маркум Мырзамамыт Эгембердиевдин жакын туугандарына (жубайы, балдары, бир туугандары) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, сессияга төрагалык кылуучу: |
А.М.Нусупбеков |