Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 11/4-3
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин калыптанышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын референдумдарды жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын Кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу тарабынан көрсөтүлгөн, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлердин тизмеси бекитилсин (тизме тиркелген).
2. Токмок шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы (В.А.Исалиева) бекитилген тизмени Кыргыз Республикасынын референдумдарды жана шайлоолорду өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин 2012-ж. 12 июндун №11/4-3 токтомуна тиркеме |
1. Кенешбек кызы Райхан - тургундардын чогулушунан
2. Толомушева Гуляим Обозбековна - тургундардын чогулушунан
3. Шакеев Мыктыбек Абдимухамбетович - тургундардын чогулушунан
4. Клеменова Елена Валерьевна - тургундардын чогулушунан
5. Джумабек улуу Талант - тургундардын чогулушунан
6. Рыжих Светлана Васильевна- №18 кв. тургундардын чогулушунан
Тиркеме: 29барактан:
1. Талапкерлердин арыздары – 6 б.
2. Таржымал – 6 б.
3. Паспортордун көчүрмөлөрү – 6 б.
4. Талапкерлерди көрсөтүү боюнча чогулуштун катышуучуларынын тизмеси тиркелген протокол–11 б.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |