Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин
2013-жылдын 21-февралындагы № 38/8-3 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-майы №6/3-3
Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кадрлык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Мыйзамын, КР өкмөтүнүн 23.09.2011 ж. №571 токтому менен бекитилген "Токмок шаардык муниципалдык менчигинде жайгашкан жер тилкелерди ижарага же кайтарымсыз менчике берүү укуктарынын шарттары жана тартиби жөнүндө" калыптык жобосунун 7п. жетекчиликке алып, Токмок шаарынын мэринин өтүнүч катынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу боюнча комиссиясы томонку курамда бекитилсин:
Имамадиев Болот Кадырбекович - Токмок шаарынын биринчи вице-мэри - комиссиянын төрагасы;
Эсенбеков Мирлан Эсенбекович - Токмок шаарынын ММБ башчысы-комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Момункулов Мелис Альясович - Токмок-Чуй аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо боюнча башкармасынын башчысы;
Нургазиев Раимбек Токомбаевич - Токмок ш. МСЭКБ башкы дарыгери;
Кыдырбаев Абдулазим Юсупович – Токмок ш. архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башкы архитектору.
Акылбеков Талантбек Тилектешович - Токмок ш. мэриясынын юристи - маалымат алмашуу боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Дубина Александр Евгеньевич - "ДАО" коомдук бирикмесинин төрагасы;
Машалаева Роза Шывасовна - Токмок шаардык Кеңешинин депутаты;
Идрисов Садырбек Мажинович - Токмок шаардык Кеңешинин депутаты;
Абирова Салтанат Асанкожоевна "Азия-Нэт" - МЧМ башкы бугалтыр;
Керимов Урмат Эмизбекович - Токмок ш.ӨКМБ башчысынын м.а.
2. Токмок шаардык Кеңешинин 30.11.10ж. №208/35-2 токтому күчүн жоготту деп саналсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө орто жана кичи бизнести, ишкердикти өнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Таманбаев |