Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII СЕССИЯСЫ
(Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 53/9-3 токтомунун редакциясына ылайык)
2013-жылдын 21-февралы № 38/8-3
Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына ѳзгѳрүүлѳрдү киргизүү жана бекитүү жөнүндө
Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун милдетин аткаруучусунун ѳтүнүч катын карап, кадрлык ѳзгѳрүүлѳр болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына тѳмѳнкүдѳй ѳзгѳрүүлѳр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан Имамадиев Б.К. – комиссиянын тѳрагасы, Эсенбеков М.Э. – комиссиянын тѳрагасынын орун басары чыгарылсын;
- комиссиянын курамына Шамыралиев Ж.Ж. – Токмок ш. вице-мэри – комиссиянын тѳрагасы, Орозбаев М.Т. – Токмок ш. мэриясынын ММБ башкаруучусунун м.а. – комиссиянын тѳрагасынын орун басары болуп киргизилсин.
- комиссиянын курамынан тѳмѳндѳгү мүчѳлѳрү чыгарылсын: Нургазиев Р.Т. – МСЭКБ башкы дарыгери, Кыдырбаев А.Ю. – Токмок шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын башкаруучусу, Абирова С.А. – “Азия-Нэт” ЖЧМ башкы бухгалтери;
- комиссиянын курамына Алымбекова А.М. – Ысык-Ата район аралык мамлекеттик инспекциясынын башкы адиси, Абышалиев С.А. - Токмок шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы, Абышкаев А.Ж. – Токмок ш. жеке ишкери киргизилсин.
2. Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы тѳмѳнкү курамда бекитилсин:
Шамыралиев Ж.Ж. – Токмок ш. вице-мэри – комиссиянын тѳрагасы,
Орозбаев М.Т. – Токмок ш. мэриясынын ММБ башкаруучусунун м.а. – комиссиянын тѳрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчѳлѳрү:
Момункулов Мелис Альясович – Токмок – Чүй аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккѳ укуктарды каттоо боюнча башкармасынын башчысы;
Садамкулова Фарида Исакуловна – Токмок ш. МСЭКБ санитардык бөлүмүнүн башчысы;
Кыдырбаев Абдулазим Юсупович - Токмок шаардык архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын башкаруучусу;
Акылбеков Талантбек Тилектешевич – Токмок ш. мэриясынын юристи – укук камсыздоо жана маалыматтык алмашуу бѳлүмүнүн башчысы;
Абышкаев Азим Жанышевич – Токмок шаарынын жеке ишкери;
Дубина Александр Евгеньевич – “ДАО” коомдук бирикмесинин ѳкүлү;
Машалаева Роза Шывасовна – Токмок шаардык Кеңешинин депутаты;
Идрисов Садырбек Можинович – Токмок шаардык Кеңешинин депутаты;
Керимов Урмат Элеисбекович – ѲКМ Токмок шаардык бѳлүмүнүн башкаруучусу.
(Токмок шаардык кеңешинин 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 53/9-3 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 15-майындагы № 6/3-3 токтому күчүн жоготту деп саналсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Таманбаев |