Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-декабры № 1/2
Депутатардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин Регламетин кабыл алуу жөнүндө
«Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик админстрациясы жонундогу», «Жергиликтуу Кенештердин депутаттардын статусу жонундогу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттинин директорунун 2008-жылдын 29-сентябрь №04/24/63 «Айылдык округдук Кенешинин типтуу регламент™ жонундогу » буйругунун негизинде депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин Регламенти тиркемеге ылайык кабыл алынсын (Регламент тиркелет).
2. Депутатардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин Регламетин депутаттардын айылдык округдук Кенеши анын туруктуу комиссиялары, айылдык округдук Кенештин депутаттары тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
Кара-Кулжа айылдык округдук Кеңешинин карыя депутаты |
С. Абдыкадыров |
| Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин 24.12.2012-жыл №1/2 «Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин директорунун 29.12.2008-жылдагы №04/24/63 буйругу негизинде тузулгон Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин регламентин бекитуу жонундогу» токтому менен бекитилген. |
1 Болук ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1-Глава
Кара-Кулжа айылдык округдук кенеши
2 -Глава
Кара-Кулжа айылдык округдук кенештин компетенциясы
II Болук
Кара-Кулжа айылдык округдук кенештин торагасынын жана торагасынын орун басары
4- Глава
Кара-Кулжа айылдык округдук кенештин катчысы
5- Глава
Кара-Кулжа айылдык округдук кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиясылары
III Болук
Кара-Кулжа айылдык округдук кенештин иштоонун жалпы тартиби
6- Глава
Кара-Кулжа айылдык округдук кенешинин сессияларын откоруунун тартиби
7- Глава
Кара-Кулжа айылдык округдук кенешинин токтом долбоорлорун кароо тартиби
IV Болук
Кара-Кулжа айылдык округдук кенешинин Регламенти
8- Глава
Кара-Кулжа айылдык округдук кенешинин Регламентине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жана бекитуу тартиби
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу» жана «Жергиликтуу кенештин депутаттарын статусу жонундогу» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылды жана Кара-Кулжа айылдык округ Кенешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1.1. Кара-Кулжа айылдык округдук кенеши озунун иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы , «Жергиликтуу оз алдынча жонундгу» жана «Жергиликтуу кенештин депутаттарын статусу жонундогу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына, Жогорку Кенеш жана Кыргыз Республикасынын Окмотунун токтомуна, ошондой эле ушул регламентти жетекчиликке алат.
1.2. Кара-Кулжа айылдык округдук кенешинин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жургузулот. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жана жонундогу»жана «Жергиликтуу кенештин депутаттарын статусу жонундогу» Мыйзамдарына ылайык , айылдык округунун кенеши жана поселкалык кенеши жергиликтуу оз алдынча башкаруунун окулчулуктуу органы болуп саналат.
1.3. Кара-Кулжа айылдык округдук кенеши 31 курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштуу аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана туз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен 4 жылга шайланат.
1.4. Кара-Кулжа айылдык округдун кенешинин уюштуруучу-укуктук иштоо формасынын негизи сессия болуп саналат.
Кара-Кулжа айылдык округдук кенешинин компетенциясына томондогулор кирет:
1) Жергиликтуу маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилоо.
2) Жергиликтуу бюджетти жана анын аткарылышы жонундо отчету бекитуу,ошондой эле бюджетти. аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун журушу жлнундо маалыматты угуу.
3) Аймактырды социалдык-экономикалык жактан онуктуруу жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитуу жана алардын аткарылышына контролдук кылуу.
4) Жергиликтуу салыктарды,жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктердин киргизуу,ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзымдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилоо.
5) Жергиликтуу жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескоо тартибин белгилоо,анын ичинде муниципалдык менчик объектилерин менчиктештируу программасын бекитуу жолу менен белгилоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролдукту жузого ашыруу.
6) Жергиликтуу оз алдынча башкаруунун тиешелуу аткаруучусу-тескоочу органынын иш жузундо отчетун угуу.
7) Мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын моонотунон мурда токтотуу.
8) Депутаттардын жалпы санынын копчулук добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним корсотпоо
9) Жергиликтуу жамааттын уставын бекитуу
10) Администрациялык-аймактык тузулуш боюнча сунуштарды тиешелуу мамлекеттик бийлик органдары»-' киргизуу максатында аларды иштеп чыгуу.
11) Тороганы жана орун басарын шайлоо, аларды кызматынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу.
12) Жергиликтуу кенештин Регламентин кабыл алуу.
13) Оз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу.
14) Муздак сууну,канализацияны , жылуулук жабдууларын пайдаланууу учун,ошондой эле турмуш-тиричилиутин катуу калдыктарын чогултуу,ташып чыгаруу жана жок кылуу учун тарифтерди Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык бекитуу.
15) Кара-Кулжа айылдык округ башчысын шайлоо.
16) Тиешелуу айыл окмот учун мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, учун белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен,айыл-чарба жерлерин пайдалануу учун салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилоо.
17) Кайра болуштуруу фондунун айыл чарба жерлеринин,чабындыларды,жайыттарды ижарага тапшыруу тартибин анытоо.
18) Жергиликтуу жамааттардын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ылайь. башка маселелерди чечуу.
1.3. Айылдык округдук кенеши жергиликтуу маанидеги башка маселелерди чечууго укуктук, материалдык, финансылык жана башка каражаттар болунуп берилип,ага ылайык мамлететтик ыйгарым укуктар откорулуп алынат жана аткарылат.
1.4. Айылдык округдук кенеши белгиленген моонотто озунун ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришуудо тораганын орун басарын жана структура жонундо чечим кабыл алат.
Айылдык округдук кенештин торогасы жана орун басары.
3.1. Айылдык округдук кенештин торгасы депутаттардын арасынан жашыруун добуш беруу жолу менен айылдык округ кенешинин ыйгарым моонотуно шайланат.
Айылдык округдук кенештин депутаттар тарабынан, ошондой эле озун-озу корсотуу тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттардын копчулук добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелет. Айылдык округдук кенештин торагасы:
• Кенеш сессиясын чакырат:
• Сессияга торагалык кылат
• Айылдык округдук кенештин токтомдоруна,отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет.
• Кырыгыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.2. Айылдык округдук кенештин торагасы озунун милдеттерин же талаптагыдай аткарбагандыгы учун шайланган депутаттардын 1/3 демилгеси боюнча жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кызматтан бошотулат.
3.3. Айылдык округдук кенештин торагасынын орун басары, торага тарабынан сунушталат, ачык добуш беруу жолу менен шайланат. Депутаттардын копчулук добушуна ээ болгон талапкер, шайланды деп эсептелет.
3.4. Кенештин торагасынын орун басары тораганын тапшырмаларын аткарат, оз милдетин ар кандай себебтер менен аткара албай калган учурда,тораганын милдетин аткарат.
3.5. Кенештин торагасынын орун басары оз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кенештин торагасынын орун басары депутаттардын 1/3 болугунун демилгеси боюнча жалпы депутаттардын копчулук добушу менен кызматтан бошотулат.
4.1. Айылдык округдук кенешинин катчысынын милдетин айылдык округдун жоопту катчысы аткарат.
4.2. Айылдык округдук кенешинин катчысы:
• Айылдык округдук кенешинин катчысы сессиянын протоколун жургузот.
• Айылдык округдук кенешинин катчысы келип тушуучу иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат.
• Айылдык округдук кенешинин туруктуу жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жургузот.
• . Айылдык округдук кенешинин сессиясын откоруу жонундо депутаттарга кабарлайт жг алардын катышуусунун эсебин алат.
• Айылдык округдук кенешинин сессия токтомун тариздейт жана кенеш депутаттарына жуктоону уюштурат жана айылдык округдук кенешинин сессиясынын токтомдоунун долбоолорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5.1. Айылдык округдук кенешке киргизууго тийиштуу маселелерди аларды алдын ала кароо жана даярдоо учун депутаттардын санынан ,ошондой эле кенеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу учун бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарылышын козомолдоо учун туруктуу комиссия тузулот.
Айылдык округдук кенеш тарабынан убактылуу комиссиялар тузулот. Комиссиялар тизмеси алардын сандык курамын шайлоо айыдык округунун кенешинин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык округдук кенешинин атайын тапшырмаларынын аткаруу учун убактылуу комиссияларды тузо алат.Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды тузуу убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердуулугу тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
6.1. Айылдык округдук кенешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айылдык округдук кенешинин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча откорулот.Айылдык округдук кенешинин чечимдери депутаттарды; жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
6.2. Айылдык округдук кенешинин депутаттары кенеш сессиясына катышууга милдеттуу. Алардын сессияга катышуу эсебин катчы жургузот. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
6.3. Айылдык округдук кенешинин сессиясы ачык турундо откорулот. Кенештин чечими менен сессия жабык турундо отулуусу мумкун.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш беруу менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык округдук кенешинин ар бир сессияда кун тартибин жана иштоо тартибин кабыл алат
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык округдук кенешинин жана поселкалык кенештин сессиясынын протоколун кенештин катчысы жургузот. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышбай калган депутаттардын фамилиялары, катышбай калгандардын себеби, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколдо сессияга торагалык кылуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурда айылдык округдук кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жонундо маалыматтар каражат булактарына чагылдырылат.
7.1. Айылдык округдук кенешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кенештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык округдук кенешне кароого сунушталган токтом долбоору томондогудой болууга тийиш.
• Кабыл алынган чечимдерди аткаруучулар, аткаруу мооноту, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдук кучуно киргендигин корсотулот.
• Зарыл учурда чечим кызыктар уюмдар, тийиштуу аймактык органдардын жергиликтуу болумдору, зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш.
• Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же озгортуу боюнча сунуштар камтылууга тийиш.
• Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
7.3. Айылдык округдук кенештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кенештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу, же оозеки формасында озунун озгочо пикирин айылдык округдук кенешинин протоколуна киргизууго укуктуу.
7.5. Сунушталган долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын копчулук болугу добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пунктар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору баардык ондоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык округдук кенешинин чечимин таркатуу кол коюлгандан кийин эки жумалык моонотто кенеш аппараты тарбынан жургузулот.
7.8. Айылдык округдук кенеши кабыл алынган токтому, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштуу аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттуу.
8.1. Айылдык округдук кенешинин иш Регламентин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштелип чыгат жана кенештин сессиясына бекитууго киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык округдук кенешинин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Кара-Кулжа айылдык округдук кенешинин торагасынын орун басары жетекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат регламентке озгортуулорду жана толуктоолорду киргизу жонундо сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо учун жонотулот.
8.5. Регламент жана Регламентке ондоолор киргизилгенден кийин кенешке шайланган депутаттардын копчулук саны менен кабыл алынат.
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык округдук Кенешинин 24.12.2012-жыл №1/2 токтому менен кабыл алынды.