Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 67
Техникалардын жана бада бааларынын, суугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү бааларын бекитүү жөнүндө
Айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүү боюнча колдонулган техникалардын кызмат көрсөтүү акысы ( раценка тиркелет) боюнча айыл өкмөттө тиешелүү адистер тарабынан кызмат акылары белгиленип, айыл өкмөттүн өзгөчөлүүгүн эске алуу менен шартталып иштелип чыккан. Тракторлордун жана бада бааларынын, суугат суу, таза суу, таштанды-ларды чыгаруу раценкаларын бекитүү боюнча ар бир айылда көчө боюнча чогулуштар өткөрүлүп эл менен макулдашылды, бада баасы бир баш уйга 300 сом, жандык малга 40-45 сом, суугат сууга 50 сом, таза сууга ар үйдөн чыккандарга айына 80 сом, ал эми көчөдөн чыккан таза сууга айына 20 сом, мусор чыгарууга ай сайын үй башына 20 сомдон деп белгиленди. Ушул тарифтен ашыкча акча алынса трактористерге жана бадачыларга айып салынары эскертилди. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылга айдап себүүгө карата айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан техникалардын жана бада бааларынын, суугат суу, таза суу, таштандыларды чыгаруу боюнча раценкасы бекитилсин жана түзүлгөн тарифтин негизинде иш алый баруу жагы механизаторлорго, бадачыларга, таза суу боюнча суу технике, суугат суу боюнча мурабка, таштандыларды чыгаруу айыл башчыларына милдеттендирилсин.( раценкалар тиркелет)
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2014-жылга жазгы талаа жумуштарына айдап себүүнүн күнүмдүк иш нормасы күйүүчү жана майлоочу майлардын чыгымдалышы жана тракторлордун күнүнө төлөнүүчү акысы жалпы суммасы 1 га жерге 2600 (эки миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Суугат сууга төлөнүүчү акы 50(элүү) сом, таза сууга төлөнүүчү акы үйдөн чыккан сууларга ай сайын 80 (сексен) сом, көчөдөн алган сууларга ай сайын 20( жыйырма) сом, мусор чыгарууга ай сайын үй башына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Ж.Казимидиновго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов
|
| Үч-Терек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезексизXXVII-сесиясынын № 67 токтомуна 1-тиркеме |
Трактор | Айдоо | Малалоо | Себүү | Культивация | Агент салуу | Рама салуу | ||||||||||||
түрү | Күн. | 1 га | 1 га | Күн. | 1 га | 1 га | Күн. | 1 га | 1га | Күн. | 1 га | 1га | Күн. | 1 га | 1 га | Күн. | 1 га | 1 га |
| Норма | ГСМ | чыгым | норма | ГСМ | чыгым | норма | ГСМ | чыгым | норма | ГСМ | чыгым | норма | ГСМ | чыгым | норма | ГСМ | чыгым |
МТЗ-80 | 3 | 30 | 1000 | 12 | 10 | 300 | 12 | 10 | 400 | 12 | 10 | 400 | 10 | 10 | 300 | 12 | 10 | 300 |
ЮМЗ | J | 30 | 1000 | 12 | 10 | 300 | 12 | 10 | 400 | 12 | 10 | 400 | 10 | 10 | 300 | 12 | 10 | 300 |
Т-150 | 5,2 | 30 | 1000 | 12 | 10 | 300 | 26 | 10 | 400 | - | - |
|
|
|
|
|
|
|
ДТ-75 | 3,5 | 30 | 1000 | 1 | 10 | 300 | 1 | 10 | 400 | - | - |
|
|
|
|
|
|
|
Т-40 | 1.7 | 30 | 1000 | 6,5 | 10 | 300 | 6,5 | 10 | 400 | 8,5 | 10 | 300 | 6,3 | 10 | 300 | 12 | 10 | 300 |
Т-28 | 1,7 | 30 | 1000 | 6,5 | 10 | 300 | 6,5 | 10 | 400 | 8,5 | 10 | 300 | 6,3 | 10 | 300 | 12 | 10 | 300 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Үч-Терек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы кезексизXXVII-сесиясынын № 67 токтомуна 1-тиркеме |
№ | Малдын түрү |
| 1 айга баасы (сом) | 6 айга баасы (сом) |
1 | Бодо мал үчүн | 1 баш уйга | 300 | 1800 |
2 | Кой-эчкилер үчүн | 1 баш кой,эчкиге | 40-45 | 240-270 |