Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-марты № 73
Үч-Терек айыл өкмөтүнө Камбар-Ата ГЭС-2 ден айыл чарбасы эмес салыктарынан түшкөн акча каражаттарына сатып алынган 2 автосамосвал, 1 погрузчик жана 1 экскаватордун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айылынын айыл өкмөтүнүн сатып алган техникаларынын элдин муктаждыгы үчүн кызмат көрсөтүүгө хронометраж жасап өзүбүздүн жашоочуларга арзан баада кум, шагылдарын түшүрүүгө канча расход кетерин эсептеп бааларын бекитип берүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө депутаттардын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жашоочулары үчүн курулушка, жолдорун түзөтүүгө жана айыл чарбачылыгына керектүү кызмат көрсөтүү үчүн айыл өкмөттүн карамагындагы техникаларды элдин муктаждыгы үчүн кызмат көрсөтүүгө Үч-Терек, Жетиген, Саргата, Кызыл-Ураан айылдарына хронометраж жүргүзүү жана ошонун негизинде бааларын бекитүү үчүн төмөндөгү комиссиянын курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек,Жетиген,Кызыл-Ураан,Саргата айылдарына техникаларды иштетүүгө хронометражды оз убагында жасап, бааларын бекитип берүү жагы айылдар боюнча түзүлгөн комиссияларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтом vvww.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы |
Ө. Сулайманов |
| Үч-Терек айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясынын 2014-жылдын 27-мартындагы № 73 токтомуна 1тиркеме |
Үч-Терек айылы:
1. Казимидинов Ж - айыл өкмөт башчысынын орун басары
2. Урматаев Т - депутат
3. Кадыров - механик
Саргата айылы:
1. Келгенбаев М - Саргата айылынын айыл башчысы
2. Бекжанов Д - депутат
3. Кадыров И - механик
Кызыл-Ураан айылы:
1. Качкынбаев А -Кызыл-Ураан айылынын айыл башчысы
2. Чарыков А -депутат 3. Кадыров И -механик
Жетиген айылы:
1. Талканчиев Ч -Жетиген айылынын айыл башчысы
2. Жусукеев Б -депутат
3. Кадыров И – механик
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
М. Чолпонкулов |