Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 29-декабры № 279
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 270-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-пунктундагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин ишке ашыруу" деген сөздөр "жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 3-статьянын 2-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон башка объектилер.".
3. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- менчик качан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгондо;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |