МыйзамКүчүндө

КР 2008-жылдын 29-декабрындагы № 279 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

Редакция29.12.2008 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 29-декабры № 279

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 270-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын 2-пунктундагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин ишке ашыруу" деген сөздөр "жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 3-статьянын 2-пунктунун он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- тиешелүү аймактагы калктын турмуш тиричилигин камсыз кылуу маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон башка объектилер.".

3. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- менчик качан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгондо;".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К. Бакиев