Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-январы № 13/7
Чүй айылдык аймагынын Чүй айыл өкмөтүнүн “Кварталныйлары жөнүндөгү” жобонун долбоорун бекитүү жөнүндө
КР “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү ” 2011-жылдын 15-июлдагы №101 Мыйзамынын 18-беренесине Чүй айылдык аймагынын Чүй айыл өкмөтүнүн Чүй айылындагы калкка социалдык жана маданий кызматтарды сунуштоо, социалдык-экономикалык пландоо, натыйжалуу жана жемиштүү иш алып баруу, аймактык жашоо турмушту жакшыртуу максатында Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айылдык аймагынын Чүй айыл өкмөтүнүн квартальныйлары жөнүндөгү” Жобо бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу бул токтомго ылайык иш алып барсын.
3. Бул токтом “Баласагын оттору” гезитине жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чүй айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Кудайбергеновага жана Чүй айылдык аймагынын Чүй айыл өкмөтүнүн ЖТЧ жана ӨК боюнча башкы адиси К.Кожоналиевге тапшырылсын.
Чүй айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Кочкорбаев |
| “Бекитемин” Чүй айылдык кеңешинин төрагасы 2014-жыл 25-январы К.Кочкорбаев _________________ |
1.1. Бул Жобо КР “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын, КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы №625чи “КР аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн регламенттик жобосун бекитүү жөнүндөгү” Токтомунун, Чүй айыл өкмөтүнүн Уставынын негизинде иштелип чыкты.
1.2. Квартальныйлар кварталда жашаган жарандарды жергиликтүү чарбалык жана социалдык-маданий маанидеги маселелерди чечүүгө тартууга багытталган иштерди жүргүзүшөт.
1.3. Квартальныйлардын иш жүргүзүүчү аймактык чек арасы Чүй айыл өкмөтүнүн жана ошол кварталда жашаган жашоочулардын сунушунун негизинде Чүй айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
1.4. Квартальныйлар Чүй айылынын кварталындагы жарандардын жеке менчигиндеги маселелер боюнча Чүй айылдык кеңешинин чечимине таянат.
1.5. Квартальныйлар жарандардын жыйынында шайлоонун негизинде тандалып алынат.
1.6. Квартальныйлардыни саны Чүй айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
1.7. Квартальныйлардын ыйгарым укуктары 2 жылдык мөөнөттөн ашпайт. Чүй айыл өкмөтүнүн чечими менен квартальныйлар же алардын мүчөлөрү төмөндөгүдөй учурда аткарган милдетинен бошотулат:
А) Өзүнүн милдетин талаптагыдай аткара албаганда;
В) Ден-соолугунун абалы жана жеке арызы боюнча.
1.8. Квартальный бошогон учурда анын ордуна шайлоонун негизинде жаңы квартальный шайланат.
1.9. Квартальныйлар өздөрүнүн кылган иштери боюнча Чүй айыл өкмөтүнө жума сайын, жарандардын жыйналышында бир жолудан кем эмес отчет берип турат.
2.0. Квартальныйлар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө КР Конституциясына, КР “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамына, жергиликтүү кеңештин, кварталдагы жарандардын жыйындарынын чечимине жана бул Жобого таянат.
2.1. Квартальныйларды шайлоо белгилүү кварталда же көп батирлүү үйдө катталган жана жашаган жарандардын жалпы жыйналышында өткөрүлөт.
2.2. Жалпы жыйналашты ошол аймактын жашоочулары уюштурат жана өткөрөт. Жыйналашты өткөрүүнүн күнү жана орду Чүй айыл өкмөтү менен макулдашылат.
2.3. Квартальныйлардын шайлоосу аталган аймакта катталган, жашы 18ден жогору болгон кварталдагы жашоочулардын жалпы чогулушунда документтик тариздөөгө ылайык өткөрүлөт.
2.4. Кварталдагы жашоочулардын жалпы чогулушунда 20дан кем эмес катышуучулардын ачык добуш берүүсүндө көпчүлүк ачык добушка ээ болгон талапкер квартальный болуп шайланат.
2.5. Жашы 18ден ашкан, ишке жөндөмдүү, аталган кварталда туруктуу жашаган жана катталган, соттолбогон же соттук иштери алынып салынган жана өчүрүлгөн, билими ортодон төмөн эмес КР жараны квартальный болуп шайлана алат.
Квартальныйлар төмөндөгүдөй ыйгарым укуктарга ээ болот:
А) Аныкталган аймакты өнүктүрүү боюнча программаларды жана пландарды иштеп чыгууга катышат, жергиликтүү өз алдынча башкармалыкка сунуштарын кароого берет.
Б) Камтылган аймакта санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча иштерди уюштурат.
В) Өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Чүй айыл өкмөтүнүн чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүшөт.
Г) Курулуш эрежелерин, өрт коопсуздуктарын жана санитардык нормаларды сактоо, жашоочу жайларды, үйлөрдү жана үйдүн алдындагы жер тилкелерди колдонуу, жерди, сууну жана жаратылыштын башка ресурстарын рационалдуу пайдалануу боюнча коомдук көзөмөл жүргүзөт, табылган кемчиликтерди жоюу боюнча жергиликтүү органдарга сунуш киргизет.
Д) Бекитилген аймакта санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык жана өрт көзөмөлдүгүн жана коопсуздук чараларын ишке ашырууда шайкеш органдарга жардамдашат.
Е) Коомдук тартипти сактоо боюнча укук коргоо органдарына жардамдашат.
Ж) Салык төлөмдөрүн чогултуу боюнча салык кызматынын инспекторлоруна көмөк көрсөтөт.
З) Коомдук жашоонун ар кандай маселелери боюнча демилге көтөрөт, жергиликтүү башкаруу органына сунуш киргизет.
И) Көчөлөрдүн, үйлөрдүн, кварталдын жашоочуларын тизмеге каттайт.
тажеринен аныктама берет.
М) Кварталдагы жарандарды каттоого алууну жана каттоодон чыгарууну ишке ашырат.
Н) Бекитилген аймактан таштандыларды чыгарууну көзөмолдөйт.
О) Массалык жана маданий иш чараларды өткөрүүгө жана уюштурууга кварталдын жашоочуларын тартат.
П) Коммуналдык чарбанын шаймандарынын жана обьектилеринин сакталышына көзөмөл кылат, кварталдын жашоочуларын мүлккө аяр мамиле кылууга жана сактоого болгон жоопкерчиликтүүлүккө тарбиялайт.
Р)Чүй йылдык кеңешине, Чүй айыл өкмөтүнө, шайлоо комиссиясына шайлоочулардын тизмесин даярдоого, референдум, шайлоолорду уюштурууга жана кварталдын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүгө жардамдашат.
С) Квартальныйларды аныктама бланктары жана типтүү журналдар менен Чүй айыл өкмөтү камсыздайт.
Т) КР “Жергиликтүү өзүн башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамында бекитилген башка ыйгарым укуктар.
4.1. Чүй айыл өкмөтү квартальныйлардык бардык иш жүргүзүүлөрүнө жетекчилик кылат. Ушул максатта:
4.2. Квартальныйлар менен кеңешме өткөрөт, келечектеги жана жакынкы убактардагы пландар, тапшырмалар менен тааныштырат.
4.3. Алардын ишине текшерүү жүргүзөт, жардам көргөзөт жана иш жүргүзүү отчетторун талкуулайт.
4.4.Квартальныйлардын иш жүргүзүүлөрү үчүн шарт түзүп берет, аларды маалымдама материалдары менен камсыздайт.
4.5. Квартальныйлардын эмгек акы фонду КР Мыйзамдарына ылайык Чүй айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
4.6. Квартальныйлардын сунуштарын карайт, алар боюнча ылайык келген чараларды кабыл алат.
4.7. Жарандардын жыйынында, жалпы чогулуштарда квартальныйлар кабыл алган чечимдер мыйзамга дал келбеген учурда, Чүй айылн өкмөтүнү чечимдерди толугу менен же алардын бөлүктөрүн жокко чыгарууга укугу бар.
5.1 Бул Жобого бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, жергиликтүү ткеңештин депутаттарынын, жергиликтүү башкаруу органынын сунушунун негизинде киргизилет жана Чүй айылдык кеңеши бекиткенден кийин күчүнө кирет.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу |
М. Орозбаев |
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
М. Джумабаев |