Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-августу № 16/2
Чүй айыл өкмөтүнүн “Чүй – Водоканал” муниципалдык ишканасынын Уставынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн калкты таза суу менен камсыздоо боюнча топтун жетекчиси Гафуров Асадулла Амурлаевичтин “Чүй – Водоканал” муниципалдык ишканасынын Уставын долбоору боюнча маалыматын угуп жана калкты таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31- беренесине ылайык Чүй айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй – Водоканал” муниципалдык ишканасынын Уставынын долбоору бекитилсин (Тиркеме 1).
2. Ушул Токтомдун массалык маалымат булактарына жарыяланышы жана юстиция министирлигинен каттоодон өткөрүү иштери Чүй айыл өкмөтүнүн укуктук коргоо жана юридикалык маселелер боюнча башкы адиси – юрист И. Мурзахмедовго жүктөлсүн.
3. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык Кенешинин жер жана айыл чарба суроолор боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Байтиковго жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу М. Орозбаевге жүктөлсүн.
Чүй айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Кочкорбаев |
| Чүй айылдык Кенешинин 2014-жылдын 13 августунун № 16/2 Токтомуна тиркеме № 1 |
1.1.“Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын негизинде Уставы иштелип чыгып, “Чүй – Водоканал” муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн аныктайт.
1.2.“Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы Чүй облусунун Чүй районун Чүй айыл өкмөтүнүн карамагында.
1.3.“Ишкананын” мамлекеттик тилде расмий аталышы;
Муниципалдык ишкана “Чүй -водоканал”
Орусча аталышы: “Чүй-Водоканал” кыскартылганда М.П. “Чуй-Водоканал” (Муниципальное предприятие “Чүй - Водоканал”).
1.4. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы Чүй облусу Чүй району Чүй айылы Ибраимова көчөсү – Подстанция – Водозабор.
1.5.“Чүй - Водоканал” муниципалдык ишкананын түзүлүшү жана жоюлушу Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
1.6.“Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Чүй айыл өкмөтүнүн чечиминин жана башка ченемдик – укуктук актыларынын негизинде алып барат.
2.1. “Чүй – Водоканал” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын бекитилген Мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын, ушул Уставдын негизинеде иш жүргүзөт.
2.2. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын өзүнүн балансы, обочолонгон мүлкү, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы, эмблемасы, өзүнүн бланкасы жана башка атрибуттары болуп, Кыргыз Республикасынын сотторунда жооптуу жана доочу болуп чыга алат.
2.3. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы, өзүнүн балансына ээ болууга, банк мекемелеринде эсебин ачууга укуктуу. Башкаруунун формасын аныктоого, чарбалык чечимдерди кабыл алууга, сатылып өткөрүүгө, уюмга жана мекемеге келишимдүү бааларды бекитүүгө, айлык маяна, таза кирешени бөлүштүрүү укугуна ээ.
2.4. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасына бекитилип берилген иш жүргүзүлүүчү чарбасы, негизги өндүрүүчү фондусунун, жүгүртүлүүчү каражаты, материалдык баалуулугу, каржы булактары жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасына өзүнүн функционалдык иштерин аткарууга өткөрүлүп берилген материалдык баалулуктарды жана мүлктөрүнө ээ.
2.5. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын башкаруучусу болуп, Чүй облусунун, Чүй районун Чүй айыл өкмөтү саналат.
2.6. “Ишканага” чарбалык иштерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамынын чегинде гана бекитилип берилген мүлктөрдү колдонууга болот.
2.7. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы – ээликтен ажыратууга, же башка ыкма менен бекитилип берилген мүлктөрдү башкаруусуна, ээ болгон каражаттарды, бөлүнүп берилген сметаны колдонууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюга, Чүй айыл өкмөтүнүн макулдугу жок чарбалык чөйрөгө, коомдук, жолдош-жоролорго салымдарды кошконго укугу жок.
2.8. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы – өзүнүн милдеттери боюнча, жеке каражаттары менен мүлкүнө жооп берет жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде төлөтүп алууга (суракка, жоопко тартылышы) болушу мүмкүн.
2.9. “Чүй айыл өкмөтү “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес, ошондой эле “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы Чүй айыл өкмөтүнун милдеттерине жооп бербейт.
3.1. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын максаты, пайдалуулуктуу, кирешелүүлүктү жогорулатуу, айлык маянаны жогорулашын, кирешени көбөйтүү, ички булактарды мобилизациалоо жана издеп табуулар менен шарттарды түзүү, каржы мекемелер менен заманбап ыкмаларды колдонуп башкарууну жана эмгектенүүнү уюштуруу.
3.2. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын иш жүргүзүүнүн предмети, Чүй айылынын калкын, ишканаларды жана башка керектөөчүлөрдү таза, сапаттуу суу менен камсыз кылуу, сууну бөлүштүрүү жана суу чөлмөктөрүн, таза суу өтүүчү түтүктөрдөгү акыр – чикирлерди тазалап туруу.
3.3. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы коюлган максаттарды төмөндөгүдөй иш жүргүзүүнүн түрлөрү менен ишке ашырат:
- Керектөөчүлөрдү таза суу менен канаттандыруу, суу түтүктөрүнүн тармактарын оңдоо, көчө суу чөлмөктөрүн оңдоо, канализациаларды жана суу түтүктөрүндөгү суулардын азаюсун жою.
- Негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттын сакталышын жана сарамжал пайдаланылышын камсыз кылуу, чыгарылган продукциянын өздук наркын төмөндөтүү ошондой эле айлануучу каражаттардын кирешесин жогорулатуу.
- Үнөмдүү пайдалануу жана суу ресурстарын жоготууну төмөндөтүү, айлана –чөйрөнү жакшыртуу.
- Өндүрүштүн учурдагы жана келечектүү планын иштеп чыгуу.
- Инженердик жабдуулардын, тазалоочу курулуштардын иштөөсүнүн натыйжалуулугун көзөмөлдөө.
- Эмгекти жана заманбап материалдык базаны калыптандырууга жакшы шарттарды түзүү.
“Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы өзүнүн ишин ишке ашыруудагы укуктары:
4.1. Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан Мыйзамдарына каршы келбеген, өзүнүн атынан келишимдерди, контрактарды түзүүгө жана башка юридикалык аракеттерди жүргүзүүгө;
4.2. Түзүүчү аныктаган милдеттерине ылайык банктардагы ачылган эсебине түшкөн, акча каражаттарын өз алдынча сарптоого;
4.3. Ички базарларда бартердик формадагы иштерди жүргүзүүгө:
4.4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген, бекитилген келишимдердин негизинде жеке жана юридикалык жактарга акыга жана акысыз тейлөөлөрдү көрсөтүүгө укутуу.
5.1. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган бардык чарбалык субъектердин бардык милдеттерине жооп берет.
5.2. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы, белгиленген тартипте ыкчам, бухгалтердик, статистикалык каттоо жана отчет берүүнү ишке ашырат.
5.3. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын каржы боюнча иштери, башчынын жана башкы эсепчи тарабынан жүргүзүлөт.
5.5. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы, Чүй айыл өкмөтүнүн талаптары менен, чарбалык каржы иштери боюнча жана башка маалыматтарды алып келип берүүгө милдеттүү.
5.6. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын иш жүргүзүүсүнө текшерүү боюнча жүктөлгөн мамлекеттик органдар тарабынан, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде өзүнүн компетенциясынын чегинде текшерүүлөр жургүзүлөт.
5.7. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын чарбалык каржысы боюнча – текшерүү Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде, мамлекеттик каржы органдары тарабынан жүргүзүлөт.
6.1. Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын мүлкү, негизги фондусу жана жүргүтүлүүчү каражаты, ошондой эле материалдык баалулуктарынын наркы өзүнүн балансында көрсөтүлөт.
6.2. Бардык кирешелери жана мүлктөрү Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болуп саналат.
6.3. Мүлктөрдү түзүүнүн булактары болуп:
- тейлөөлөрдө ишке ашыруудан келип түшкөн кирешелер, ошондой эле ж.б иштердин түрлөрү боюнча.
- Жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүүлөр
- Банктардагы жана башка мекемелердеги насыялары
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында чектелбеген башка киреше булактары. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын аткарган иштеринин кортундусу, жыйынтыгы болуп, колдонулуп жаткан мыйзамдардын негизинде салыктарды чогултуп кайра салык төлөп жана башка төлөнүчү төлөмдөр, кредиттин пайыздары, “Ишкананын” фондусун түзүүгө колдонулган айыптарды, санкцияларды төлөө.
- резервдик фонд.
- өндүрүштүк фонд.
- социалдык өнүгүү фонду.
- демилге берүү (сыйлык) фонду.
6.5. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын мүлктүк укугун, негизги фондун, мамлекет коргоого кепилдик берет.
7.1. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын иш жүргүзүүсүн башкарууну “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын мүдүрү жүргүзөт, “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишкананын мүдүрү Чүй айыл өкмөтүнүн алдында жеке жоопту болуп эсептелет. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасы жүктөлгөн милдеттерди аткарууда ишеним каты жок эле “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын атынан бардык Ата-Мекендик жана чет өлкөлүк ишканалар, фирмалар жана башка уюмдар менен келишимдерди анын ичинде эмгек келишимин түзүп иш жүргүзөт.
7.2. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын мүдүрү Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы аркылуу Чүй айылдык Кеңешинин макулдугу менен кызматка алынат же кызматтан бошотулат.
7.3. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын мүдурү Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын жана түзүлгөн контрактын негизинде мөөнөтүнөн мурда иштен бошотулушу мүмкүн.
7.4. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын мүдүрү өзүнө берилген укуктарынын негизинде “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын иш жүргүсүүсү боюнча өз алдынча бардык маселелерди чече алат.
- “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын компетенциясына тиешелүү жана бардык кызматкерлерине милдеттүү буйруктарды чыгарат, нускама жана башка ченемдик - локалдык ишкагаздарды, суроолор боюнча актыларды түзөт.
- Кызматкерлерди жана жумушчуларды иш менен камсыз кылуу.
- Кызматка алуу, иштен бошотуу жана тартипке чакыруу, ошондой эле мыкты кызматкерлерге сыйлыктарды берүү иштерин жүргүзөт.
- Профсоюздук комитет менен биргеликте эмгекти коргоо боюнча, бекитилген системадагы айлык маяналарын эффективдүү колдонууга материалдык кызыгууну арттыруу максатында, аткарылган иштерди натыйжалуу жыйынтыктоого ар кандай иш-чараларды уюштуруу.
7.5. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын мүдүрү аткарган иштери боюнча Чүй айыл өкмөтүнө ар бир жарым жылда бир жолу отчет берүүгө милдеттүү.
7.6. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасына башкы эсепчи “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын мүдурү тарабынан Чүй айыл өкмөтү жана Чүй айылдык Кеңешинин макулдугу менен, бардык укуктары, милдеттери, жоопкерчиликтери, материалдык камсыздоо шарттары жана кызматтан бошотуу шарттары каралган контрактын негизинде кызматка алынат.
8.1. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Чүй айылдык Кеңешинин макулдугу менен Чүй айыл өкмөтү тарабынан бекитилип, кийин мыйзамдын чегинде катталат.
9.1. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасын түзүлүшү жана жоюулусу Кыргыз Республикасынын жүрүп турган мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөт.
9.2. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасын кайрадан түзүлүүсүн (кошулушу, биригишүүсү, бөлүнүүсү, ) жоюлушу Чүй айылдык Кеңешинин макулдугу менен Чүй айыл өкмөту тарабынан жүргүзүлөт жана бардык укуктары жана милдеттери укукту алып калуучуга өткөрүлөт.
9.3. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын иши Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын чегинде, Чүй айылдык Кеңешинин макулдугу менен Чүй айыл өкмөтүнүн чечиминин негизинде токтотулат, жоюлат.
9.4. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишкананы жоюну, аны жою боюнча чечим кабыл алган уюм тарабынан белгиленген жою комиссиясы жүргүзөт.
Жою комиссиясы алдындагы боло турган жою, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдуулугуна белгиленгендей тартибин жана мөөнөтүн көрсөтүү менен басма сөзгө жарыялайт.
9.5. Жою комиссиясы түзүлгөн учурдан тартып, комиссия мүчөлөрүнө Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасында жүргүзүлгөн иштери өткөрүлүп берилет. Жою комиссиясы активдерин баалап, дебитор, кредиторлор менен эсептешип, жоюлуучу балансын түзүп, түзүүчүнүн кароосуна жиберет. Кредиторлордун талаптары Кыргыз Республикасынын жарандык Кодексинин негизинде канааттандырылат.
9.6. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасында калган мүлктөр, кызматкерлер айлык маянасын төлөп бергенден кийин гана аныкталат, анын ичинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын актылары боюнча компенсациялык төлөмдөр кирет. Кредиторлор жана бюджеттин алдындагы аткаруулар жана милдеттер Чүй айыл өкмөтүнү менчигине өткөрүлүп берилет.
9.7. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын жоюлушу юридикалык жактан мамлекеттик реестрга катталгандан кийин гана жоюлду деп эсептелет.
9.8. Жою комиссиясы тарабанан Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасына чыгымдар келтирилген учурда, комиссия курамы жана Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде үчүнчү жакка чыгымдарына жооптуу болуп эсептелет.
10.1. “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын ушул Уставда көрсөтүлбөгөн маселелери Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.
10.2. Ушул Уставдын чегиндеги “Чүй - Водоканал” муниципалдык ишканасынын башчысы, ыйгарым укугуна ылайык, чыгарылган буйруктар жана башка ченемдик укуктук актылары ушул Уставга майда карама – каршылыктар келип чыкса, ал учурда Устав юридикалык күчкө ээ болот.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу |
М.Орозбаев |