Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 84/12-3
Токмок шаарында коомдук унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифтерин жогорулатуу жөнүндө
(Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 198/28-4 токтомунун редакциясына ылайык)
Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинатынын каттам таксилеринин айдоочуларынын 31.01.2014-ж. жамааттык кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаарында коомдук унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташуу үзгүлтүксүз, туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен жана өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарында 2014-жылдын 1-апрелинен баштап коомдук унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга (каттам такси) төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
- Бир жүргүнчүнүн жол киреси – 10 (он) сом,
- Бир пенсионерге, жалпы оорулардын майыптарына, күбөлүктөрүн көрсөткөндө – 5 (беш) сом, 9-00 дөн 17-00 гө чейин чектөө белгиленсин, 17-00 дөн кийин толук тариф боюнча акы алынат.
(Токмок шаардык кеңешинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги № 198/28-4 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токмок шаардык Коммуналдык ишканалар комбинатынын унаа бөлүмү тарабынан тариф Кыргыз Республикасынын Экономиканы жөнгө салуу минитсрлигинин монополияга каршы комитети менен макулдашылсын.
3. Токмок шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы № 9/4-3 токтому өз күчүн жоготту деп саналсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |