Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-апрели № 198/28-4
“Чүй-Токмок Транс” ЖЧКнун 2019-жылдын 30-январындагы “КММнын тетиктеринин бааларынын өсүшүнүн, ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу, пенсионерлерге жана окуучуларга жеңилдетилген жол кирени жокко чыгаруу тууралуу” катын карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 84/12-3 «Токмок шаарында коомдук унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифтерин жогорулатуу жөнүндө» токтомуна төмөнкү ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин.
- 1-пункта Токмок ш. жана Чүй айылынын аймагында жашаган (күбөлүк көрсөткөндө) пенсионерлердин жашы боюнча, жалпы оорунун майыптары үчүн тариф 5 (беш) сом суммасында өзгөрүүсүз калтырылсын.
Бул токтомдун ушул эле пунктунда “9-00дөн 17-00гө чейин чектөө белгиленсин, 17-00дөн кийин толук тариф боюнча акы алынат” деген сөздөр менен толуктоо киргизилсин.
1-пунктунун 2-абзацындагы “окуучуну (окуу убагында)” сөзү жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин өнөр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Солтобаев |