Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-декабры № I/III
Депутаттардан Сары-Ой айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи (уюштуруу) сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасынын Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматын угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу ез алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесине ылайык Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кецеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи (уюштуруу) сессиясынын эсептөө комиссиясынын отурумунун Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгү №1, № 2 протоколдору бекитилсин. (тиркелет)
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи (уюштуруу) сессиясынын эсептөө комиссиясынын отурумунун Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндөгу протоколу бекитилсин.
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты — Мирлан Калдыбаевич Нааматбеков Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин терагасы болуп шайланды деп эсептелсин.
Төрагалык кылуучу Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты |
Ж. Султанов |
| Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын 2012-жылдын 29–декабры № 1 ПРОТОКОЛУ |
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешиннн эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин эсептөө комиссиясынын төрагалыгына депутат - Жакыпов Чубак. катчылыгына депутат-Асанов Тынчтык. мүчөлүгүнө-Исмаилбеков Биймырза бекитилсин.
2. Эсептөө комиссиясынын № 1 протоколун бекитип берүү жагы Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы | Ч. Жакыпов |
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын
№ 2 ПРОТОКОЛУ
2012-жылдын 29-декабры
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагалыгына Нааматбеков Мирлан Калдыбаевич сунушталып жабык, жашыруун добуш менен шайлоо бюллетенине киргизилген. Добуш берүү үчүн 10 бюллетень таратылып, жыйынтыгы төмөндөгүдөй болуп чыкты:
Добуш берүүнүн жыйынтыгында Нааматбеков Мирлан Калдыбаевичти колдоп 10 депутат добуш берген.
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин эсептөө комиссиясынын заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 37-беренесинин 1- бөлүмчөсүнө ылайык көпчүлүк добушка Нааматбеков Мирлан Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелинисин.
2. Эсептөө комиссиясынын № 2 протоколун бекитүү Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясынан суралсын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы | Ч. Жакыпов |