Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 2/2
Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2013-2014- жылдардын долбоорун бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2013-2014-жылдардын долбоору «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга Республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин «Социалдык экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы, салык, лицензия, патент, приватташтыруу» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 200334,5 мин сом мунун ичинен жалпы жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше 52375,0 миң сом, категориалдык грант 147959,5 миң сом өлчөмүндө жана 2013-жылдын долбоору 200589.5 миң сомго, 2014-жылдын долбоору 201528.0 миң сомго бекитилсин.(№1,2 тиркемелер тиркелет)
2. Чыгашалар бөлүгү боюнча 200334,5 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 160695,0 миң сом, саламаттыкты сактоого 40,0 миң сом, маданият тармагына 4763,0 миң сом, социалдык коргоо тармагына 4884,5 мин сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына 9814,5 мин сом, турак жай жана коммуналдык чарбага 17291,5 мин сом, коргоо тармагына 180,0 миң сом, коомдук тартипти сактоого 196,0 миң сом жана башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 2470,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (№3,4 тиркемелер тиркелет)
3. Нарын шаардык Билим берүү тармагында «Агахан» фондусу тарабынан жүргүзүп жаткан проектилерин колдоо максатында№14 «Алтын балалык» , №18 «Ак дил», №17 «Ынтымак», №15 «Бактылуу балалык», №16 «Ыйман», балдар бакчаларында жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектепке келишим менен штаттык бирдиктер кармалып каржылоого жалпысынан 203,0 миң сом акча каражаты каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө (К.Стамов) жана шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) милдеттендирилсин. (№ 5 тиркеме тиркелет)
4. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына жергиликтүү салыктарды чогултуу үчүн келишимдин негизинде 3 (үч) штаттык бирдикти кармоого 270,0( эки жүз жетимиш миң) сом жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнө келишимдин негизинде 1(бир) штаттык бирдикти кармоого 196,0 (жүз токсон алты миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
5. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Социалдык экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы, салык, лицензия, патент, приватташтыруу» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен шаардык финансы бөлүмү тарабынан бекитилсин.
6. Нарын шаарынын муниципалдык менчиктен түшүүчү 2100,0 (эки миллион бир жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу муниципалдык менчик департаментинин (Н.Максуталиев) персоналдык милдети деп белгиленсин. (№ 6 тиркеме)
7. Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 39575,0 (отуз тогуз миллион беш жүз жетимиш беш) сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын (К.Насирдинов) персоналдык милдети деп белгиленсин.
8. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан бюджеттин атайын каражатына түшүүчү 2500,0 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты толук чогултуу ишкананын директоруна (Б.Жакиев) милдеттендирилсин
9. Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн 10 (он) айлык эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен каралсын, ал эми 2 (эки) айлык эмгек акысы өздөрү чогулткан атайын каражаттан төлөнүп берилсин.
10. 2012-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен Нарын шаарындагы Кара-Бүк участкасындагы таштанды төгүүчү жайды рекультивация жасоо үчүн 140,0 (жүз кырк миң) сом, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана керектүү материалдарды алууга 103,0 (жүз үч миң) сом, жолбун иттерди аттырууга кеткен карыздарды жабууга 97,0 (токтон жети миң) жана Нарын шаарындагы С.Бекмамбетов атындагы балдар уландар спорт мектебине спорт шаймандарын алуу үчүн 60,0 (алтымыш миң) сом бөлүнүп берилсин.
11. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша өзүн-өзү башкаруу органынын 1 пайызга чейинки 1000,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн, мунун ичинен 350,0 миң сом депутаттардын Нарын шаардык Кеңешине бекитилсин.
12. Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына (К.Насирдинов), шаардык муниципиалдык менчик департаментине (Н.Максуталиев), Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына (Б.Жакиев), Нарын регионалдык казына бөлүмүнө (Ж.Окенова) жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин
13. Нарын шаарынын 2012-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2013-2014-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Көкөтаев
|
| Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги 23 сессиясынын № 2/2 токтомуна № 1 тиркеме |
| Аталышы | 2012-жылга план |
1 | Киреше салыгы 40% | 17080,0 |
2 | Ы ктыярдуу патент негизинде салык | 3900,0 |
| Милдеттүү патент негизинде салык | 220,0 |
3 | Бирдиктүү салык | 580,0 |
| Турак жай мүлкүнөн алынуучу салык |
|
| Турак жай эмес мүлкүнөн алынуучу салык | 1450,0 |
| Физикалык жактардан алынуучу жер салыгы | 156,0 |
| Элден алынуучу жер салыгы | 1555,0 |
| Сатуудан алынуучу салык 50% | 11700,0 |
| Транспорттук салык | 2900,0 |
| Атайын каражаттын салыгы | 34,0 |
| Мамлекеттик пошлина | 2800,0 |
| Атайын каражаттар | 7000,0 |
| Конфискация жана айып | 1000,0 |
| Муниципалдык менчик | 1500,0 |
| Жер сатуудан | 500,0 |
| Бекитилген киреше бардыгы | 52375,0 |
| Категориалдык грант | 147959,5 |
|
|
|
| Бардык киреше | 200334,5 |
Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси-жооптуу катчы |
А.Абдыкеримов |
| Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги 23 сессиясынын № 2/2 токтомуна № 2 тиркеме |
Аталышы | 2013-жыл | 2014-жыл | |
Киреше салыгы 40% | 17080,0 | 17080,0 | |
Ыктыярдуу патент негизиндеги салык | 3900,0 | 4000,0 | |
Милдеттүү патент негизиндеги салык | 220,0 | 220,0 | |
Бирдиктүү салык | 380,0 | 350,0 | |
Киреше жана пайдадан түшүүчү салыктын баары | 21580,0 | 21650,0 | |
Кыймылсыз мүлктүн салыгы | 1450,0 | 1500,0 | |
мунун ичинен |
|
| |
Турак жай мүлкүнөн алынуучу салык |
|
| |
Турак жай эмес мүлкүнөн алынуучу салык | 1450,0 | 1500,0 | |
Жер салыгы | 1650,0 | 1662,5 | |
мунун ичинен |
|
| |
Физикалык жактардан жер салыгы | 150,0 | 162,5 | |
Элден алынуучу жер салыгы (несельхозназ) | 1500,0 | 1500,0 | |
Транспорттук салык | 2900,0 | 2900,0 | |
Сатуудан түшүүчү салык | 11700,0 | 11700,0 | |
Атайын каражаттын салыгы | 30,0 | 36,0 | |
Салык жыйымдардын баардыгы | 39310,0 | 39448,5 | |
Мамлекеттик пошлина | 2500,0 | 2800,0 | |
Атайын каражаттар | 7500,0 | 8000,0 | |
Конфискация жана айып | 1220,0 | 1220,0 | |
Муниципалдык менчик | 2100,0 | 2100,0 | |
мунун ичинен |
|
| |
Арендадан | 1600,0 | 1600,0 | |
Жер сатуудан | 500,0 | 500,0 | |
Салык эмес жыйымдардын баары | 13320,0 | 14120,0 | |
Салык жана салык эмес кирешенин баардыгы | 52630,0 | 53568,5 | |
Кирешенин баардыгы атайын каражатсыз | 45130,0 | 45568,5 | |
Категориалдык грант | 147959,5 | 147959,5 | |
БААРЫ | 200589,5 | 201528,0 |
Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси-жооптуу катчы |
А.Абдыкеримов |
| Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги 23 сессиясынын № 2/2 токтомуна № 3 тиркеме |
№ | ||
1 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат | 9814,5 |
2 | Билим беруу | 160695,0 |
3 | Саламаттыкты сактоо | 40,0 |
4 | Социалдык жактан коргоо | 4884,5 |
| мунун ичинен женилдиктер: | 900,0 |
5 | Коммуналдык чарба | 17291,5 |
6 | Маданият | 4763,0 |
| Анын ичинен дене тарбия | 300,0 |
| Маданият тармагы | 4463,0 |
7 | Экономикалык чыгымдар | 2470,0 |
8 | Коргоо | 180,0 |
9 | Коомдук тартип | 196,0 |
|
|
|
| Баары: | 200334,5 |
| Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги 23 сессиясынын № 2/2 токтомуна № 4 тиркеме |
№ | Аталышы | 2012-жылга план |
1 | Кирешелер |
|
| Жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер | 52375,0 |
| Категориалдык грант | 147959,5 |
| Бардык кирешелер | 200334,5 |
|
|
|
2 | Чыгашалар | 9814,5 |
| Башкаруу аппараты | 180,0 |
| Коргоо | 196,0 |
| Коомдук тартип | 17291,5 |
| Коммуналдык чарбалар | 2470,0 |
| Экономикалык чыгымдар | 2470,0 |
| Маданият | 4763,0 |
| Билим берүү | 160695,0 |
| Саламаттык сактоо | 40,0 |
| Социалдык жактан коргоо | 4884,5 |
| Баары: | 200334,5 |
| Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги 23 сессиясынын № 2/2 токтомуна № 5 тиркеме |
№ | Аталышы | штаттык бирдик | суммасы |
1 | № 14 Алтын балалык балдар бакчасы | 1 | 25,3 |
2 | № 15 Бактылуу балалык балдар бакчасы | 1 | 25,3 |
3 | № 16 Ыйман балдар бакчасы | 3 | 76,5 |
4 | № 17 Ынтымак балдар бакчасы | 1 | 25,3 |
5 | № 18 Ак дил балдар бакчасы | 1 | 25,3 |
7 | №10 Чолпонбаев орто мектеби | 1 | 25,3 |
| Баардыгы | 8 | 203,0 |
| Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2012-жылдын 11-апрелиндеги 23 сессиясынын № 2/2 токтомуна № 6 тиркеме |
| ||
№ | Аталышы | 2012-жылга план |
1 | Кирешелер |
|
| Муниципалдык менчиктин ижарасынан түшүүчү акча каражат | 1500,0 |
| Жер аянтын сатуудан | 500,0 |
| Баардык киреше: | 2000,0 |
|
|
|
2 | Чыгашалар |
|
| Жергиликтүү бюджетке | 400,0 |
| ММД | 1600,0 |
Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси-жооптуу катчы |
А.Абдыкеримов |