Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 20-февралы № 101
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 9-ноябрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөнүндө жободо:
- 6-пунктунун 9-пунктчасы "бузуулар" деген сөздөн кийин анын ичинде автоматтык режимде иштеген, фото жана кино тартуу, көрмө жазуу функциялары бар сертификацияланган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен фиксацияланган бузуулар" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |