Загрузка документа…
| Балыкчы шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIX сессиясынын №1 токтомуна тиркеме 2015-жылдын 11-июну №1 |
1.1. Балыкчы шаарынын мэриясынын алдындагы административдик комиссия
(мындан ары-административдик комиссия)Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳгү Кодексинин негизинде административдик укук бузуулар жѳнүндѳгү материалдарды кароо боюнча түзүлөт.
1.2. Административдик комиссия ѳзүнүнишмердүүлүгүндѳ Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳгү Кодексин жана башка мыйзам-алдындагы актылардын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2.1. Административдик комиссиянын негизги милдеттери болуп:
-ар бир административдик укук бузуунун кырдаалын ар тараптуу, толук, объективдүү, өз убагында ачып көрсөтүү жана мыйзам чегинде чечүү;
-административдик укук бузуу ишине карата чыккан токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө;
-административдик укук бузууга түрткү берген шарттарды жана себептерди ачып көрсөтүү;
-инсанды коргоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, ден соолугун, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин, коомдук адептүүлүктү, жаратылыштагы айлана-чѳйрѳнү, бекитилген тартипте мамлекеттик бийликти жүргүзүү жана башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын укуктарын жана алардын бирикмелерин административдик укук бузуулардан cактоо жана алардын алдын алуу болуп саналат.
2.2. Административдик комиссиянын функциялары:
2.2.1. Органдардын кызматтык адамдары берген административдик укук бузуулардын протоколдорун кароо.
2.2.2. Административдик укук бузуунун протоколун жана башка материалдарын карап чыккан сон токтом түрүндө тиешелүү чечим кабыл алат.
2.2.3. Административдик укук бузууга берилген эскертүү ишин жакшыртуу үчүн сунуш даярдайт.
2.3. Административдиккомиссиянын ишмердүүлүгү, мыйзамдуулуктун, демократиялуулуктун,адилеттүүлүк мыйзамынын алдындагы жарандардын тен укуктуулугунун, гумандуулуктун, административдик укук бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчиликтин жана кайтарымсыздыктын принциптеринде негизделет.
3.1. Административдик комиссия Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳгү Кодексинде белгиленген өзүнүн компетенциясына кирген административдик укук бузуу иштери боюнча административдик сот иштерин жүргүзүүчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3.2. Административдик комиссия өз ишин Балыкчы шаарынын аймагында жүргүзөт.
3.3. Административдик комиссиянын Жобосу Балыкчы шаардык Кенешинин чечими бекитилет.
3.4. Административдик комиссиянын саны 9 адамдан түзүлөт.
3.5. Административдик комиссия төрага, төраганын орун басары, жооптуу катчы жана комиссиянын мүчөлөрүнөн турат.
3.6. Комиссиянын жеке курамы Балыкчы шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
3.7. Административдик комиссиянын төрагасы Балыкчы шаарынын вице-мэрлеринин ичинен дайындалат.
3.8. Административдик комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, Балыкчы шаарынын аймагында иш жүргүзгөн мекеме-ишканалардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана Балыкчы шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн башчылары кире алышат.
3.9. Административдик комиссияга мүчѳ болуу кызматтан бошотулган эмес болуп саналат жана административдик комиссиянын мүчѳлөрүнѳ, иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдуулугуна ылайык, административдик комиссиянын отурумдарына катышкан мезгилинде негизги кызмат орду боюнча орточо айлык акысы сакталат.
Административдик комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- административдик комиссия белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана уюштуруу укуктук формаларына, менчигинин түрүнө карабай мекемелерден административдик укук бузуу ишин кароо үчүн маалымат жана иш-кагаздарды талап кылууга;
-комиссия карап жаткан маселе боюнча кызмат адамдарын жана жарандарды тиешелүү суроолорго жооп алууга комиссиянын отурумуна чакырууга;
- комиссиянын ишине тиешелүү адистерди тартууга;
- укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары менен бирге иш алып барууга;
-өз ишин массалык маалымат каражаттарына чагылдырууга;
-Кыргыз Республикасынын административдик жоопкечилик жөнүндөгү мыйзамынын негизинде укук бузгандарга административдик жаза колдонууга;
- административдик укук бузуу ишин кароодо комиссия укук бузууда кылмыш ишинин белгилери бар деген жыйынтыкка келсе, алдын ала тергөө органына же, прокурорго ишти жөнөтүүгө;
- отурумду сыртка чыгып кароо чечимин кабыл алууга;
5.1.Административдик комиссия Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳгү Кодексинде белгиленген өзүнүн компетенциясына кирген административдик укук бузуу иштери боюнча өз ишин жүргүзөт.
5.2. Административдик укук бузуу боюнча иштер комиссиянын отурумунда каралат жана чечилет.
5.3. Административдик комиссиянын отуруму зарыл болгон учурда бирок бир айда эки жолудан ашык эмес Балыкчы шаарынын мэриясынын имаратында өткөрүлөт. Комиссиянын отуруму боло турган убакыт жана ордун комиссиянын төрагасы чечет, комиссиянын калган мүчөлөрүнө отурум тууралуу жооптуу катчы маалымдайт.
5.4. Административдик комиссиянын отурумуна комиссиянын төрагасы жана төраганын орун басары төрагалык кылат, алар жок учурда жооптуу катчыдан башкасы, комиссиянын каалаган мүчөсү шайлоо жолу менен төрагалык кылат.
5.5. Төрага отурумду башкаруу менен ар бир ишти ар тараптуу, толук, объективдүү жана өз убагында кырдаалды талдап, мыйзам чегинде чечет. Төрага отурумдун тиешелүү тартипте өтүшү үчүн зарыл болгон чараларды колдонот.
5.6. Административдик комиссиянын отурумундамүчөлөрдүн үчтөн экиси катышса анда отурум укук ченемдүү болду деп эсептелинет.
5.7. Административдик укук бузуу ишинин токтому административдик комиссиянын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Административдик укук бузуу ишине добуш бербей коюуга комиссиянын мүчөлөрүнүн укугу жок.Отурумдун төрагасы эң акыркы болуп өз добушун берет.
5.8. Отурум мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүлөт.
6.1. Административдик комиссиянын төрагасы:
- административдик комиссиянын ишин башкарат жана жүктөлгөн маселелерди аткарууга жоопкерчиликтүү;
- бардык органдарда жана менчигинин түрүнө, баш ийгендигине карабай бардык мекемелерде ишеним каты жок эле административдик комиссиянын атынан иш жүргүзө алат;
- административдик комиссиянын отурумуна төрагалык кылат;
- административдик комиссиянын ишин уюштурат;
- административдик укук бузуу боюнча кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөйт.
- административдик комиссиянын иштери боюнча отчетту жана башка маалыматтарды Балыкчы шаарынын мэрине берет;
6.2. Административдик комиссиянын төрагасынын орун басары:
-административдик комиссиянын төрагасы жок учурда отурумга төрагалык кылат;
-отурумда каралуучу административдик укук бузуу боюнча иштерди кароого даярдайт;
- административдик укук бузууларга жол берген шарттарга жана себептерге эскертүү катарында, мыйзамдарды сактоого иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
6.3. Административдик комиссиянын жооптуу катчысы:
- административдик комиссиянын иш кагаздарын жүргүзөт жана техникалык тейлөөсүн ишке ашырат;
-отурумда каралуучу административдик укук бузуу боюнча иштерди кароого даярдайт;
- комиссиянын отурумунун жыйынтыгын бүткөн түргө келтирет;
- кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөйт;
- административдик практиканы жалпылайт жана талдайт;
-административдик комиссиянын иш кагаздарынын эсебин жана сакталуусун карайт;
-комиссиянын ишмердүүлүгү жөнүндө отчетторду жана башка материалдарды даярдайт;
- административдик комиссиянын кызыкчылыгын сотто жана башка укук коргоо органдарында коргойт;
7.1. Административдик комиссиянын кызмат адамдары башка мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жоопкерчилик алышат.
8.1. Ушул Жобону өзгөртүү жана административдик комиссиянын ишин токтотуу боюнча чечимди Балыкчы шаардык Кенеши тарабынан чыгарылат.
Балыкчы шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри |
М.Джаналиев |