Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 121
2015-жылдын 4-майындагы Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын №108 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Акман айылдык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Т.Жолдошовдун билдирүүсүн, Базар-Коргон райондук прокуратурасынын 26.06.2015-жылдагы 480-11/1 -3д-15 сандуу каршылык билдирүүсүнө жана туруктуу комиссиянын төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жараке айылындагы парк эсебинде турган 0,20 га жер аянты парк эсебинен чыгарылып, жамааттык мечит куруу учун ажырагып беруу боюнча 2015-жылдын 4-майындагы Акман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясынын № 108 сандуу токтому Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына каршы келгендиктен жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү" Мыйзамынын 29-беренесине ылайык расмий жарыялоо жана адилет башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Акман айылдык кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, коммуннкапиялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы милдетин аткаруучу |
Т.Р. Жолдошов |