Загрузка документа…
Акман айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-июлундагы № 121 токтомуна ылайык жокко чыгарылсын
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 04-майы №108
Жараке айылынан мечит курууга жер аянтын ажыратуу жөнүндө
Акман айылдык кенешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, коммуникациялар жана архитектура, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жараке айылындагы парк эсебинде турган 0,20 га жер аянты парк эсебинен чыгарылсын.
2. Жараке айылына жамааттык мечит куруу үчүн парк эсебинен чыгарылган 0,20 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Акман айыл аймагыпын Жараке айылындагы парк эсебинен чыгарылган 0,20га жер аянтыпа документтерди мыйзамдаштырып берүү жаты райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Жамааттык мечит куруу үчүн тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Жолдошовго жүктөлсүн.
Акман айылдык кеӊешинин төрагасы |
А.Маматкулов |