Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин II чакырылышынын XVII сессиясы
2013-жылдын 12-июну № 17/1
Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин алдында Дин ( дин иштери ) коомдук комитетин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан “2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын” аткаруудагы жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республика-сындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренеси-нин 2-бөлүгүндө “Ушул мыйзам дин боюнча комитеттерди түзүү менен дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен биргеликте коомдук тартипти, диний коопсуздукту, аймактык бүтүндүктү жана конституциялык түзүлүштү диний экстремизмден коргоону камсыз кылуу үчүн дин жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын жана милдеттерин аныктайт” көрсөтүлгөн.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин алдында Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитет түзүлсүн.
2. Түзүлгөн Дин (дин иштери) боюнча коомдук комитеттин мүчөлөрүнүн тизмеси бекитилсин.( № 1 тиркеме тиркелет)
3. Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин алдында түзүлгөн Дин (дин иштери)боюнча комитеттин жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
4. Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин алдында түзүлгөн Дин (дин иштери) боюнча Комитеттин иш-чараларынын планы бекитилсин (иш чаралардын планы тиркелет).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөөлгө алуу жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кеңештеринин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын жана саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Жусупов |
| Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин 12.06.2013- жылдагы 17-сессиясынын ( 2-чакырылыш) заседаниесинин № 17/1 токтому менен бекитилсин |
№ | Аты, атасынын аты | Туулган жылы | Билими | Аткарган кызматы | Коомдук комитетте турган кызматы | Эскертүү |
1 | Жусупов Бахытбек | 08.01.1970 | атайын орто | Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы | төрагасы |
|
2 | Токоев Жумабек | 12.04.1953 | орто | Аксакалдар сотунун төрагасы | Төраганын орун басары |
|
3 | Капарова Жамила | 28.01.1969 | орто | Аялдар Кеңешинин төрайымы | Катчы |
|
4 | Жоробаев Тургунбай | 14.05.1946 | жалпы орто | Имам | Мүчөсү |
|
5 | Нуруев Өмөрали | 02.06.1972 | атайын орто | Имам | Мүчөсү |
|
6 | Оморова Аккыз | 12.06.1962 | Жогорку | Кеңеш айыл өкмөтүндө соц кызматкер | Мүчөсү |
|
7 | Абдималик у Нурдан | 1990 | Жогорку | Аймакттык милициянын иниспектору | мүчөсү |
|
8 | Насиров Арапбай | 03.08.1957 | жогорку | Ж.Акматалиев ат.орто.мектебинин директору | мүчөсү |
|
9 | Манапов Пирмамат | 29.08.1951 | Жогорку | Ардагерлер Кеңешинин төрагасы ,Коомдук комитеттин мүчөсү | мүчөсү |
|
10 | Асилбеков Бекболот | 1956 | Жалпы орто | Кеңеш айылынын айыл башчысы | Мүчөсү |
|
11 | Маметеминов Жусуп | 27.05.1953 | Жалпы орто | Пор айылынын айыл башчысы | Мүчөсү |
|
12 | Медеров Абдырахман | 06.03.1990 | Атайын орто | ФАПтын башчысы | Мүчөсү |
|
13 | Кадырбекова Ашам | 28.03.1947 | Жогорку | “Доорайым” копаративинин жетекчиси | Мүчөс |
|