Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VIII СЕССИЯСЫ
2013-жылдын 21-февралы № 39/8-3
Токмок шаарынын мэриясынын аппаратынын штатык санын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын аппарат жетекчисинин “Токмок шаарынын мэриясынын аппаратынын штатык саны жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, мэриянын штаттык санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясынын аппаратынын штаттык саны бекитилсин (тиркеме).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Токмок шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №39/8-3 токтомуна тиркеме |
Жетекчилик:
1. Токмок ш. мэри.
2. Токмок ш. биринчи вице-мэри.
3. Токмок ш. вице-мэри.
4. Токмок ш. мэриясынын аппарат жетекчиси.
Уюштуруу иштеринин сектору:
5. Сектор башчысы.
6. Уюштуруу иштери боюнча башкы адис.
7. Мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис.
Документациялык камсыздоо жана иш кагаздарын жүргүзүүгө көзөмөл сектору:
8. Иш кагаздарын жургузуу боюнча башкы адис (сектор башчысы статусу менен) 9.Документтерди аткаруу көзөмөлү боюнча жетектөөчү адис.
10. Которуу боюнча адис.
11. Көчүрүп-көбөйтүүчү машинанын оператору (ТТП).
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмү:
12. Бөлүм башчысы.
13. Экономикалык талдоо жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адис.
14. Ишкердүүлүктү өнүктүрүү, сооданы, коомдук тамактанууну уюштуруу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча башкы адис.
15. Эл аралык долбоорлор менен иштее жана экономиканы өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашыруу боюнча жетектөөчү адис.
16.Салыктардын, жыйымдардын түшүүсүн талдоо жана насыя саясаты боюнча жетектөөчү адис.
Социалдык чөйрө, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт сектору:
17. Сектор башчысы.
18. Социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча башкы адис.
19. Маданият, спорт жана жаштар саясаты боюнча жетектөөчү адис.
Укуктук камсыздоо жана маалыматтык алмашуу боюнча сектор:
20. Сектор башчысы.
21. Коомчулук менен байланыш боюнча башкы адис-мэрдин жардамчысы.
22. Укуктук маселелер боюнча башкы адис.
Техникалык тейлөө персоналы:
23. Башкы бухгалтер.
24. Жетекчинин катчысы
25. Чарба башчысы.
Токмок шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
В. Исалиева |