ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН VI СЕССИЯСЫ
2012-жылдын 9-ноябры № 24/6-3
Токмок шаарынын гербин, туусун жана гимнин жана Токмок шаарынын Күнүн майрамдоо датасын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын өтүнүч катын карап, шаардын 145-жылдыгына карата, Токмок шаарынын гимнинин текстиннин жана музыкасынын эң жакшы редакциясын, Токмок шаарынын гербинин жана туусунун эң жакшы эскиздүү сунуштарын аныктоо боюнча конкурстук комиссиясынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, биргелешкен депутаттык комиссиясынын чеминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын гимнинин текстинин жана музыкасынын редакциясы бекитилсин (тиркеме №1).
2. Токмок шаарынын гербинин жана туусунун эскизи бекитилсин (тиркеме №2).
3. 7-октябрь – Токмок шаарынын Күнү деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин профилдик туруктуу депутаттык комиссияларына жүктөлсүн.
Токмок шаардык кеңешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |
Токмок шаардык Кеңешинин
2012-ж. 9-ноябрдын
№24/6-3 токтомуна
№1 тиркеме
Сөзү: Мырзабек Тойбаева,
Музыкасы: Сардарбек Жумалиева.
Токмок ш. гимдин тексти «Токмок шаарым»
Токмок шаары борборубуз,
Өнөр жайлуу чордонубуз.
Ынтымакта жашайбыз биз,
Бек кармашып колдорубуз.
Кайырма: Жалыны күч, ысык демиң,
Жандай көргөн Токмок шаарым.
Өркүндөй бер, өсө бергин,
Сыймыктантып элдин баарын!
Жашообузду сен коштодуң,
Жашасын көп эл - досторуң.
Келечегиң бар эң сонун
Керемет шаарым Токмогум!
Кайырма: Жалыны күч, ысык демиң,
Жандай көргөн Токмок шаарым.
Өркүндөй бер, өсө бергин,
Сыймыктантып элдин баарын!
Сары Өзөн Чүйүбүздүн,
Өчпөс оту сүйүүбүздүн.
Эң алгачкы борбор болгон,
Шаарлардын бийигисиң.
Кайырма: Жалыны күч, ысык демиң,
Жандай көргөн Токмок шаарым.
Өркүндөй бер, өсө бергин,
Сыймыктантып элдин баарын!
Токмок ш. гимдин музыкасы
Токмок шаардык Кеңешинин жоопту катчысы |
В. Исалиева |
Токмок шаардык Кеңешинин
2012-ж. 9-ноябрдын
№24/6-3 токтомуна
№2 тиркеме
Токмок шаардын
гербинин жана желегинин эскизи
Токмок шаардык Кеңешинин жоопту катчысы |
В. Исалиева |