Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 34/123
Кызыл-Кыя шаарынын Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу багындагы оюн-зоокторго жана соода түйүндөрүнө төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, шаардын Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу багынын администрациясынын 2015-жылдын 30-июнундагы №40-ПК кайрылуу катын жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Кыя шаарынын Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу багындагы оюн-зоокторго жана соода түйүндөрүнө төлөмдөр тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Маткалыков |
| Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (V чакырылышы) 2015-жылдын 19-августундагы кезексиз 34-сессиясынын № 34/123 -токтомуна №1-тиркеме |
К-р № | Аткарылуучу иш-чара | Баасы (сом менен) |
1. | Оюн-зоокторго түшүүгө бир адамга | 20 |
2. | Автоунаалардын кирүү акысы:
Жеңил автоунаа
Оор автоунаа |
20
100 |
3. | Соода түйүндөрү үчүн күнүнө | 50 |
4. | Балмуздак, шашлык, пахтакант, сүрөтчүлөр, тамак жасоочулар үчүн күнүнө | 100 |
5. | Автоунаа коюучу автопарковка акысы күнүнө | 10 |
6. | Таштандылар үчүн айына (Ижарачылар) | 50 |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жооптуу катчысы: |
Р. Абдукаюмов |