Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII СЕССИЯСЫ
2014-жылдын 12-марты № 91/13-3
Токмок шаарынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга милдеттери жөнүндө
Токмок шаардык каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Котконун “Токмок шаарынын 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө” докладын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 2, 35, 46 беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы – экономикасынын негизи жөнүндө” Мыйзамынын 2, 3, 7, 13 беренелерин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин көзөмөлдөө сандарын жетекчиликке алуу менен жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын киреше жана чыгаша боюнча бюджети 2014-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 219518,0 миң сом өлчөмүндө, 2015-жылга божомол – 234532,0 миң сом, 2016-жылга – 253973,0 миң сом (№1,№2 тиркемеге ылайык) жана 2014-2016-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (тиркеме №3) жана жергиликтүү бюджеттин чыгашанын үстүнөн ашыкча кирешенин эсебинен 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча чыгаша бөлүмүнүн өзгөрүлгөн тизмеги бекитилсин (тиркеме №4) бекитилсин;
2. 2014-жылдын жана 2015-2016-жылдарга божомолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи ирет корголгон беренелер боюнча (кызмат акы, Социалдык фондко чегерүү, тамактануу, стипендия, калкка жеңилдетүүлөр) каржылоо орнотулсун.
3. Токмок ш. жергиликтүү бюджети боюнча кассалык накталай жүгүртүү 2014-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө орнотулсун.
4. Каржы бөлүмүнүн башчысы (Котко Н.Т.) тарабынан:
- Токмок ш. жергиликтүү бюджетинин аткарылышында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен жергиликтүү бюджеттин 2014-жылга киреше жана чыгашалар бөлүгү боюнча планды тактоо иштери жүргүзүлсүн;
- шаардын бюджеттик мекемелеринин 2013-жылдын кредитордук карызын жоюуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлсүн.
5. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башкаруучусу (Супатаев К.А.), Токмок ш. ММБнын башкаруучусунун м.а. (Чотбаев К.К.) тарабынан:
- көмүскөдөгү экономика секторун легализациялоо боюнча иш жүргүзүү жана башкарууну жакшыртуу жолу менен, ай сайын 4,0 млн. сом өлчөмүндө салыктар жана төлөмдөр боюнча жыйноолорду жогорулатууга чаралар көрүлсүн,
- ай сайын салыктар жана салык эмес төлөмдөрдүн бардык түрү боюнча жыйноо планынын аткарылышы камсыздалсын;
- жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр боюнча салык калдыктарын кыскартуу боюнча иш күчөтүлсүн.
6. Токмок шаарынын каржы бөлүмү жана Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын тарабынан бюджеттин аткарылышынын жүрүшүндө, бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөрүүлөр киргизилсе, шаардык Кеңештин сессиясында кийин бекитүүсү менен, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда тактоо жүргүзүлсүн.
7. 2014-жылдын 1-январына карата бюджеттик бош каражаттардын калдыктары (2013-жылдын жыйынтыктары боюнча чыгашалардан ашкан кирешелердин эсебинен (профицит) Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, 10,0 млн. сом өлчөмүндө акча каражат шаардын жолдорун оңдоо иштерине жөнөтүлсүн).
8. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын чыгашалар сметасы боюнча, Токмок ш. 3-кичи районундагы “Чүй Дан Азыктын” мурдагы бала бакчасынын имаратына (үлүштүк) стимграндттардын эсебинен капиталдык оңдоо жүргүзүү боюнча долбоорду ишке ашырууга кошо каржылоо жүргүзүү үчүн, шаардык жергиликтүү бюджеттен 1500,0 миң сом каралсын, анын ичинен:
- 50 пайызы же 750,0 миң сом – акча каражат менен;
- 50 пайызы же 750,0 миң сом – материалдар жана эмгек ресурсу түрүндө.
9. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ашык аткарууда, Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгына жергиликтүү бюджеттен 12380,4 миң сом каражат каралсын, анын ичинен:
- жер алдындагы жөө жүрүүчүлөрдүн өтмөсүн оңдоого – 4200,0 миң сом;
- Токмок ш. Башкы планын иштелмелөөгө – 6680,4 миң сом;
- машиналарды жана жабдууларды алууга – 1500,0 миң сом.
10. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик ишканалар, шаардык каржы бөлүмүнө бюджет жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын жана штаттык түзүмүн берүүгө милдеттендирилсин.
11. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казына тутумунан тышкары колдонууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузууда 100 пайыз атайын каражаттар жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Токмок шаардык бюджеттик ишканаларында, коммуналдык кызмат боюнча (байланыш кызматы, сууга төлөм, электроэнергиясы, жылуулук энергиясы) чектөөлөр катуу сакталсын.
13. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 21 б. ылайык, шаардык бюджетти бекитүүдө, караганга мүмкүн эмес экономикалык, социалдык – маданий жана башкалар боюнча күтүлбөгөн чыгымдарды жабуу үчүн, шаардык Кеңештин жана Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын 1% көлөмүнө чейин (Токмок шаардык Кеңешинин төрагасы – 0,3% жана Токмок ш. мэри – 0,7%) түзүлсүн.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |
Токмок шаардык Кеңешинин сессиясыны 2014-ж 12 марты № 91/13-3 токтомуна № 1 тиркеме |
2014-жылга карата Токмок ш. жергиликтүү бюжетинин киреше бөлүгүнүн долбоору | |||||
жана 2015-2016 -жылдарга карата божомолу | |||||
(миң. сом) | |||||
Элемент (8) | Аталыштары | 2014 г. | Божомол | ||
2015 г. | 2016 г. | ||||
|
|
|
|
| |
| жалпы кирешелер | 219518,0 | 234532,0 | 253973,0 | |
| Атайын каражаттарсыз жалпы кирешелер | 190552,0 | 205566,0 | 225007,0 | |
| МСК кирешелер | 182052,0 | 194766,0 | 214207,0 | |
11 | салык кирешелери | 177470,0 | 190184,0 | 209625,0 | |
11111100 | салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы | 52 225,0 | 60 742,0 | 70 345,0 | |
11121100 | чакан ишкердүүлүк субъек. үчүн бирдиктүү салык | 2 100,0 | 2 730,0 | 3 450,0 | |
11122100 | милдеттүү патенттин негизинде салык | 1 850,0 | 1 880,0 | 2 004,0 | |
11122200 | ыктыярдуу патенттин негизинде салык | 25 000,0 | 25 172,0 | 26 332,0 | |
11311100 | ишкердүүлүк үчүн колдонулбаган кыйм. мүлккө салык | 693,0 | 693,0 | 693,0 | |
11311200 | 2 группадагы ишкердүүлүк үчүн колдонулган кыйм. мүлккө салык | 10427,0 | 10427,0 | 10427,0 | |
11311200 | 3 группадагы ишкердүүлүк үчүн колдонулган кыйм. мүлккө салык | 100,0 | 100,0 | 100,0 | |
113121 | унаа каражаттарына салык | 11200,0 | 11200,0 | 11200,0 | |
11321100 | короо -бакча жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн салык | 3 260,0 | 3 260,0 | 3 260,0 | |
11321300 | айыл -чарба эмес жерлерин пайдалангандыгы үчүн салык | 11 310,0 | 11 310,0 | 11 310,0 | |
11412100 | сатуудан түшкөн салык | 58 385,0 | 61 690,0 | 69 474,0 | |
11442 | Роялти | 920,0 | 980,0 | 1 030,0 | |
14 | салык эмес кирешелер | 40048,0 | 42348,0 | 42348,0 | |
14152100 | жерди ижарага алуу үчүн төлөмдөр | 2 830,0 | 2 830,0 | 2 830,0 | |
141530 | мун.менч. жайл., имарат., курул-дын ижара төлөмдөрү | 350,0 | 350,0 | 350,0 | |
1422100 | таштандыларды ташып чыгуу үчүн төлөмдөр | 402,0 | 402,0 | 402,0 | |
14221800 | унаалардын токтотмолору үчүн төлөмдөр | 1000,0 | 1000,0 | 1000,0 | |
142222 | юстиция органдары тараб. алынган мамалымдар | 6 500,0 | 7 000,0 | 7 000,0 | |
1423 | акы төлөнүүчү кызматтардан түшүүлөр (атайын каражаттар) | 28966,0 | 28966,0 | 28966,0 | |
14311100 | Административдик айыптар |
| 1 800,0 | 1 800,0 | |
3 | Активдер жана милдеттер | 2000,0 | 2000,0 | 2000,0 | |
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | Р. Кадыркулова |
Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы | Н. Котко |
Токмок шаардык Кеңешинин сессиясыны 2014-ж 12 марты № 91/13-3 токтомуна № 2 тиркеме |
2014-жылга карата Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн | ||||
жана 2015-2016 жылдарга карата божомолунун долбоору | ||||
миң сом. | ||||
Бөлүк | Аталышы | 2014 г. | Божомол | |
2015 г. | 2016 г. | |||
701 | Мамлекеттик кызматтар |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 21648,5 | 25589,9 | 28008,0 |
| атайын каражаттар | 150,0 | 150,0 | 150,0 |
702 | Коргонуу |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 2510,6 | 3694,8 | 4044,0 |
703 | Коомдук тартип |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 3794,0 | 4013,3 | 4430,4 |
| атайын каражаттар | 282,0 | 282,0 | 282,0 |
704 | Экономикалык маселелер |
|
|
|
| аттайын каражаттар | 1122,2 | 2480,3 | 2714,7 |
706 | ТЖКЧ |
|
|
|
| бюджетик каражаттар | 63469,7 | 63885,0 | 67148,1 |
707 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 765,0 | 969,9 | 1061,6 |
708 | Маданият |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 21936,2 | 26253,1 | 28734,0 |
| атайын каражаттар | 816,3 | 816,3 | 816,3 |
709 | Билим берүү бөлүмү |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 62487,0 | 64861,0 | 73741,6 |
| атайын каражаттар | 27717,7 | 27717,7 | 27717,7 |
710 | Социалдык өнүктүрүү |
|
|
|
| бюджеттик каражаттар | 12818,8 | 13818,7 | 15124,6 |
| Бардык каражаттар | 219518,0 | 234532,0 | 253973,0 |
| бюджеттик каражаттар | 190552,0 | 205566,0 | 225007,0 |
| атайын каражаттар | 28966,0 | 28966,0 | 28966,0 |
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | Р. Кадыркулова |
Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы | Н. Котко |
Токмок шаардык Кеңешинин сессиясыны 2014-ж 12 марты № 91/13-3 токтомуна № 3 тиркеме |
Токмок ш. 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн жана 2015-2016ж.ж. божомолунун |
| |||||||||||||
долбоорун жөнгө салуу планы |
| |||||||||||||
(миң сом) |
| |||||||||||||
Кирешелер | 2014 год | Божомол |
| |||||||||||
2015 год | 2016 год |
| ||||||||||||
шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен | шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен | шаардык бюджетке кирешелердин жалпы континентинен |
| |||||||||||
% | сумма | % | сумма | % | сумма |
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
1.Жөнгө салынуучу кирешелер |
| 140480,0 |
| 153194,0 |
| 172635,0 |
| |||||||
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 50 | 52225,0 | 50 | 60742,0 | 50 | 70345,0 |
| |||||||
Чакан ишкерд суб.үчүн бирдиктүү салык | 100 | 2100,0 | 100 | 2730,0 | 100 | 3450,0 |
| |||||||
Милдеттүү патент негизиндеги салык | 100 | 1850,0 | 50 | 1880,0 | 50 | 2004,0 |
| |||||||
Ыктыярдуу патент негизиндеги салык | 100 | 25000,0 | 100 | 25172,0 | 100 | 26332,0 |
| |||||||
Сатуудан түшүүчү салык | 50 | 58385,0 | 50 | 61690,0 | 50 | 69474,0 |
| |||||||
Роялти | 50 | 920,0 | 50 | 980,0 | 50 | 1030,0 |
| |||||||
2.Бекитилген кирешелер |
| 79038,0 |
| 81338,0 |
| 81338,0 |
| |||||||
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулбаган кыймылсыз мүлккө салык | 100 | 693,0 | 100 | 693,0 | 100 | 693,0 |
| |||||||
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык | 100 | 10427,0 | 100 | 10427,0 | 100 | 10427,0 |
| |||||||
Ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлккө салык | 100 | 100,0 | 100 | 100,0 | 100 | 100,0 |
| |||||||
Унаа каражаттарына салык | 100 | 11200,0 | 100 | 11200,0 | 100 | 11200,0 |
| |||||||
Жеке жактардан алынуучу жер салыгы | 100 | 3260,0 | 100 | 3260,0 | 100 | 3260,0 |
| |||||||
Юридикалык жактардан алынуучу жер салыгы | 100 | 11310,0 | 100 | 11310,0 | 100 | 11310,0 |
| |||||||
Жерлерди ижарага алгандыгы үчүн төлөм | 100 | 2830,0 | 100 | 2830,0 | 100 | 2830,0 |
| |||||||
Муниципалдык менчиктеги имараттарды, курулмаларды ижарага алгандыгы үчүн төлөм | 100 | 350,0 | 100 | 350,0 | 100 | 350,0 |
| |||||||
Таштанды чыгаргандыгы үчүн төлөм | 100 | 402,0 | 100 | 402,0 | 100 | 402,0 |
| |||||||
Автоунаа токтоткондугу үчүн төлөм | 100 | 1000,0 | 100 | 1000,0 | 100 | 1000,0 |
| |||||||
Юстиция органдары алуучу мамтөлөм | 100 | 6500,0 | 100 | 7000,0 | 100 | 7000,0 |
| |||||||
Акы төлөнүүчү кызматтардан түшкөн каражат | 100 | 28966,0 | 100 | 28966,0 | 100 | 28966,0 |
| |||||||
Айып пулдар, санкция конфискация | 100 |
| 100 | 1800,0 | 100 | 1800,0 |
| |||||||
Айыл чарбалык эмес жерлерди сатуу | 100 | 2000,0 | 100 | 2000,0 | 100 | 2000,0 |
| |||||||
Баардык кирешелер |
| 219518,0 |
| 234532,0 |
| 253973,0 |
| |||||||
анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
| |||||||
бюджеттик каражаттар |
| 190552,0 |
| 205566,0 |
| 225007,0 |
| |||||||
атайын каражаттар |
| 28966,0 |
| 28966,0 |
| 28966,0 |
| |||||||
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | Р. Кадыркулова |
Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы | Н. Котко |
Токмок шаардык Кеңешинин сессиясыны 2014-ж 12 марты № 91/13-3 токтомуна № 4 тиркеме |
2013-жылдын жыйынтыгы боюнча бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруунун эсебинен шаардык жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча өзгөрүүлөрдүн тизмеси | |||
(миң.сом) | |||
№ к/э | Уюумдун жана мекеменин аталышы | Бардыгы | бер. 221549 "Ар кандай кызм. байланыштуу аркандай чыгым" |
1 | ММБ (КИК) | 10000,0 | 10000,0 |
Шаардык кеңешинин жооптуу катчысы | Р. Кадыркулова |
Шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы | Н. Котко |