Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII СЕССИЯСЫ
2014-жылдын 12-марты № 94/13-3
«Токмок ш. муниципалдык турак-жай жана турак-жай эмес фондунун ижара төлөмүнүн өлчөмүнүн Эсебин жана Токмок ш. боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн Коэффициенттерин бекитүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 27.02.2014-ж. №228 башкармалыктын натыйжалуу, оперативдүү иштеши үчүн, ижаранын жалпы суммасын жогорулатуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. муниципалдык турак-жай жана турак-жай эмес фондунун ижара төлөмүнүн өлчөмүнүн жаңы Эсеби бекитилсин (тиркеме №1).
2. Токмок ш. боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн Коэффициенттери бекитилсин (тиркеме №2).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, орто жана кичи бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 12 мартынын №94/13-3 токтомуна №1 тиркеме |
Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк объектилерин колдонууга бир айлык ижара өлчөмүн эсептөө
И.а.а.=К1хК2хК3хК4хК5хS
И.а.а.- бир айлык ижара өлчөмү;
К1- жайдын түрүн эсептөөчү коэффициенти;
К2-имараттын жайгашкан орду боюнча коэффициенти;
К3-ижарачынын ишмердүүлүгүнүн түрүн эсептөөчү коэффициенти;
К4-калибрдөө коэффициенти;
К5-билим берүү жана өнөр жай ишмердүүлүгүнө колдонуучу жайлар үчүн коррекциялоочу коэффициенти;
S-ижарага берилүүчү жайдын аянты, ал жерде:
К1 - жайдын түрүн эсептөөчү коэффициенти:
-40 дарыканага берилүүчү турак-жайга жараксыз жайлар үчүн;
-25 турак-жайга жараксыз жайларга;
-23 турак-жайларга;
К2 – турак-жайга жараксыз жайлардын, турак-жайлардын имараттарынын жайгашкан орду боюнча коэффициенти:
1,8 Совет, Кыргыз, Дунларов, Казахстан көчөлөрү чарчысында жайгашкан турак-жайга жараксыз жайларга;
1,5 Киров, Шамшы, Гагарин, Горького көчөлөрү чарчысында жайгашкан турак-жайга жараксыз жайларга;
1 Токмок ш. бардык башкаларына;
К3 - ижарачынын ишмердүүлүгүнүн түрүн эсептөөчү коэффициенти;
5- коммерциялык ишмердүүлүк (дарыкана);
1,5 коммерциялык ишмердүүлүк (кафе, ашкана, дүкөн, банк, казино ж.б.);
1,2 чарбачылык эсептеги ишканалар;
0,7 бюджеттик, коомдук, чыгармачылык, жана билим берүү мекемелери;
1,0 өнөр жай ишмердүүлүгү (элдик колдонуучу товарларды иштеп чыгаруу,кампа жайлары, кеңсе, көмөкчү жайлар);
К4 - калибрдөө коэффициенти, Токмок ш. муниципалдык менчигине кирбеген, жеке же башка менчик түрүндөгү, кыймылсыз мүлк объектерин ижарага берүү рыногунда аны ижарага берүүдө ушул кыймылсыз мүлк объектеринен күтүлүүчү, рыноктогу ижара төлөмүнүн бир айлык ченеминин 50% жана 70% арасында деңгээлине кыймылсыз мүлк объектери үчүн ижара төлөмүнүн бир айлык башкы ченемин келтирүүгө өз жоопкерчилиги менен мүмкүнчүлүк берет.
К5 - билим берүү жана өнөр жай ишмердүүлүгүнө колдонуучу жайлар үчүн коррекциялоочу коэффициенти. Билим берүү жана өнөр жай ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн 500 чарчы метрден ашык аянты менен муниципалдык объектерин ижарага берүүдө К5 коэффициенти 0,5ке тең. Билим берүү жана өнөр жай ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн 1000 чарчы метрден ашык аянты менен муниципалдык объектерин ижарага берүүдө ижарага берүүчү ижарачынын ишмердүүлүгүнөн муниципалитет алуучу экономикалык жана социалдык таасирдүүлүгүн караштырып өзүнө ылайыкташтыруу менен К5 коэффициентин 0,3төн 0,5ке чейин колдонууга укугу бар.
Ижара төлөмүнүн көлөмүнө коммуналдык тейлөөлөргө, жылуулук менен кмсыздоого чыгашаларды, имараттардын жана жайлардын учурдагы оңдоолоруна жана колдонууга тиешелүү чыгашалар кошулбайт.
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын м.а. |
К.К.Чотбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 12 мартынын №94/13-3 токтомуна №2 тиркеме |
Мыйзам чегинде бекитилген тиешелүү жер салыгын жиктөө (дифференцирования) үчүн коэффициенттер жана айыл чарбага дайындабаган жерлерди колдонууга жер салыгынын базалык ченеми.
Кыргыз Республикасынын салык Кодексине ылайык жерди ижарага берүү төлөмү эсептелет.
Жер тилкелерин (А3) пайдаланууга төлөм төмөнкү формула менен эсептелет
Аз= С х S х К1 х К2 х К3, анда
С - айыл чарбасына багытталбаган жерлерди колдонууга жер салыгынын базалык ченеми:
S-жер участкасынын аянты;
К1-экономикалык –пландаштыруу зонасынын коэффициенти;
К2-экологиялык балоо коэффициенти;
К3-функционалдык коэффициенти.
К1-экономикалык –пландаштыруу зонасынын коэффициенти
Токмок ш. боюнча экономикалык–пландаштыруу зонасынын төмөнкү №1 коэффициенттери колдонулат;
1.Зоналык категория К1 =15
(шаардын борбордук көчөлөрү, М.Горький, Шамшы, Ленин, Комсомол, Пионер, Жантаев, мейманкана району, “Булак” борбордук базары, иш жүзүндөгү май куюучу бекеттерге келүүчү жолдор)
2. Зоналык категория К1 =9
(Автовокзал району, Бишкек-Торугарт трассасы, Жантаев көчөсү)
3. Зоналык категория К1 =7
(аскер шаарчасынын району, Гагарин, Трясин, Парковая, Победа, Татар көчөлөрү, М.Горький көчөсүнөн баштап, Ленин, Ворошилов, З.Космодемьянская көчөлөрү), кичирайондор;
4. Зоналык категория К1 = 5
(сахзавод, өнөр жай зонасы)
5. Зоналык категория К1 =4
(эл жайланышпаган пунктардын чеги, түндүк айланма жолу)
6. Зоналык категория К1 =1
(эл жайланышкан пунктардын чеги, ыңгайлаштырууга берилген жер участкалары), “үй салууга, көп жылдык көчөттөргө, кургатууга, балык чарбачылыгына ж.б. дайындалган аймактарга жакын”
7. Зоналык категория К1 =3
(эл жайланышкан пунктардын чеги, коммерциялык объектерди ыңгайлаштырууга берилген жер участкалары) “машина жуучу жайларга жакын аймактарга келүүчү жолдор ж.б.”
К2-төмөнкүлөргө берилүүчү, экологиялык баалоо коэффициенти:
а) май куюучу бекеттерге берилүүчү жер участкалары үчүн -5;
б) төмөнкүгө берилген жер тилкелери үчүн:
-автосервис ишканалары (техникалык тейлөө бекеттери, авто оңдоочу чеберканалар, машина жуучу жайлар, вулканизация бекеттери) -2,
-тейлөө чөйрөсүндөгү субъектер (сауна, мончо, хим.тазалоо, сырдоочу чеберканалар)
-кичи базарлар, базарлар, анын ичинде мал соода-базаларынын топтомдору);
-тиричилик тейлөө ишканалары, коомдук тамактануу, соода -1,5;
-коммерциялык жана коммерциялык эмес объектерге кире бериш түзүлмөлөрү -1,5;
- тейлөөлөрдүн каралбаган башка түрүнө-1,5;
-өнөр жай ишканалары -1;
-коммерциялык объектерге жакын жайгашкан тилкелерди ыңгайлаштаруу (унаа жуугучтар, кафе, дүкөндөр ж.б.) -1,5;
-үйлөргө жакын жайгашкан аймактарды ыңгайлаштаруу -1.
К3-максаттуу (функционалдык) дайындалган жер тилкелеринин коэффициенти:
1) дүкөндөр, күркөлөр (киоск), дүкөнчөлөр (ларек), павильондор жана башка соода мекемелеринин ээлеген аянтына жараша
Аянт, чарчым м. | 10го | 10дон 20га | 20дан 35ке | 35тен 50гө | 50дөн жогору |
Коэффициент К3 | 22,5 | 16,5 | 10,5 | 7,5 | 6 |
2) кичи базарлар, базарлар, соода-базаларынын топтомдору, мал базаларын -7,5;
3) хим.тазалоо, бут кийим оңдоочу жайлар, тиричилик тейлөөлөрү сырдоочу чеберканалар- 4,5;
4) коомдук тамактануу ишканалары, ашканалар, наабайканалар, буфеттер -3;
5)автоунааларын оңдоо жана техникалык тейлөөлөр үчүн ишканалар-7;
6) банктар, күрөөканалар, акча алмаштыруучу пунктар, төлөмдөрдү кабыл алуучу пунктар, кассалар -5;
7) медициналык борборлор, дарыканалар, дарылоо жана стоматологиялык кабинеттер -7;
8) кеңселер, бизнес борборлору, мейманканалар жана биржалар-2,5;
9) унааларга май куюучу, газ толтуруучу бекеттер -10;
10) чачтарач, сулуулук салондору, косметикалык салондору -7;
11) унаа токтотуучу жайлар, унаа сервиси боюнча ишканалар -4,5;
12) жарнама курулмалары -50;
13) телекоммуникациялар үчүн антенналарды жана жабдыктарды орнотуу -28;
13) эс алуу жана сайрандоо чөйрөсүндөгү ишканалар, спорт –ден соолукту чыңдоочу тейлөөлөр, жеке тейлөөлөрдү көрсөтүү, эгерде ушул беренеде башкалары көрсөтүлбөсө -1,5;
14) унаа ишканаларынын административдик имараттары, аэробекеттер, унаа бекеттери, темир жол бекеттери -0,9;
15) өнөр жай, унаа, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зона аймактары, эгерде ушул беренеде көрсөтүлбөсө -0,5;
16) тоо кендерин казып чыгаруучу ишканалардын имараттары, ошондой эле темир жол унаасынын жүк ташуучу бекеттери, санитардык корголгон аймактар, темир жол жана аба унаалар ишканалары – 0,3;
17) кен чыккан, карьерлерди, шахталарды, кесилген жерлерди, күл таштоочу жерлерди иштетүү -0,05;
18) геологиялык чалгындоо, иликтөөчү-долбоорлор, чалгындоочу жана изилдөөчү иштер- 0,005;
19) аба жолдору боюнча байланыш жана электр берүү -0,01;
20) илимий, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, балдардын- өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорттук мекемелери -0,3;
21) калктуу конуштар пунктарынын чегинде жайгашкан айыл чарбалык өндүрүштүк имараттар (гараждар,оңдоо устаканалары,дан тазарткычтарга, дан тазарткыч комплекстери, жашылча картошка сактоочу жайлар, курулуш жана чарба короолору жана башка айыл чарбага дайындалган объектер) – 0,2;
22) коргонуу-спорттук-техникалык уюмдар - 0,01;
23) колдонуучу аянтына жараша коммерциялык жана коммерцияга эмес объектер үчүн кире беришин жасоого:
Аянт, чакырым м. | 10го | 15ке | 20га | 20дан жогору |
Коэффициент К3 | 18 | 17 | 16 | 7 |
23) ушул беренеде каралбаган жана башка ишмердүүлүктүн түрлөрү -1,0;
24) ыңгайлаштыруу - ижарачыдан муниципалитет алуучу социалдык таасирдүүлүгүнө жараша өз жоопкерчилиги боюнча калибрдөө коэффициенти 0,3төн 5ке чейин колдонулат.
Мезгили менен колдонууга берилүүчү айыл чарба, короо жай участоктору үчүн ижара суммасы төмөнкү көлөмдө аныкталат 1 ч.м. 0,7 сом. Ижара келишими үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 31-октябрына чейинки мезгилге чейин түзүлөт, короо жай участокторуна каалаган айда, бирок эки айдан ашык эмес.