Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 20-сессиясы
2015-жылдын 30-июлу № 19
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бужум Таза суу ИСКАКБ сы Баткен аймактык таза суу муниципалдык ишканасына өкүл бөлүп кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичуучу суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасы жөнүндөгү № 548 токтомуна жана Баткен аймактык Таза – Суу муниципалдык ишканасынын ишин уюштуруу максатында
Кара-Булак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бужум таза ишканасы Баткен аймактык таза суу муниципалдык ишканасына өкүл болуп кирүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Булак айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Абдрахмановга тапшырылсын.
Кара-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Эрматов |