Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-сентябры № 548
Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу тутумунун жана санитариянын абалын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74 жана 88-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасынын долбоору (мындан ары – Мамлекеттик программа) жактырылсын.
2. Мамлекеттик программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүүгө жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору аталган Мамлекеттик программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24- сентябрындагы № 548 токтому менен жактырылган |
Долбоор
Бул Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасы (мындан ары – Мамлекеттик программа) Миң жылдыкты өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын аткаруу максатында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен иштелип чыккан.
Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-июнундагы № 239-б буйругу менен түзүлгөн, курамына Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү кирген ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.
Мамлекеттик программа ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун өнүктүрүү боюнча негизги багыттарды жана иш-чараларды, ошондой эле талдоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон чараларды аныктайт.
Бул Мамлекеттик программа суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга, башкы проблемаларды чечүүгө жана келечектүү багыттарды аныктоого, кызыкдар министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана функцияларын аныктоого багытталган.
2013-жылдын 1-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында 1890 калктуу пункт бар, анын ичинде 1805 пункт айыл болуп эсептелет. 267 айылдын суу түтүктөрү өткөн кылымдын 60-жылдарына чейин, 458 айылда 1980-жылдарга чейин курулган, ал эми 396 айылда суу түтүк жок. Колхоздор жана совхоздор жоюлгандан кийин айылдык суу түтүктөрдүн тарамдары 10 жылдан ашык кароосуз калган, мындай жагдай алардын техникалык абалынын кескин начарлашына, республиканын көпчүлүк айылдарында суу түтүктөрүнүн такыр иштебей калышына алып келди.
Айылдык, ошондой эле шаардык калк суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызматтардын жетишсиздигинен жана сапатынын начардыгынан, ошондой эле мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн жоктугунан жабыр тартууда.
Айыл жергесинде калктын дээрлик 40 пайызы таза ичүүчү суу менен тийиштүү деңгээлде камсыздалган эмес. Саркынды сууларды борбордоштурулган чыгаруучу объекттердин абалы айрыкча көйгөйлүү болууда.
Статистикага ылайык, өлкөнүн калкынын 21 пайызы гана борбордоштурулган канализация тутуму менен камсыздалган. Бишкек шаары үчүн бул көрсөткүч 78 %ды түзсө, региондордо 10 %дан ашпайт. Айрым шаарларда саркынды сууларды чыгаруунун иштеп жаткан тутуму бар, бирок алар пайдалануу мөөнөтүнөн ашык иштетилип жаткандыктан жана аларга инвестициялык салымдардын жетишсиздигинен бул тутумдардын абалы капиталдык оңдоону же жаңылоону талап кылат.
Алыскы шаарларда жана райондук борборлордо тиешелүү инфратүзүмдүн начарлоосунун айынан саркынды сууларды чыгаруу тутумдарынын жеткиликтүү болушу жыл сайын 1,5-2 %га кыскарууда. Айыл жергесинде турак жайлардын жана коомдук имараттардын 3 %ы гана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарына туташтырылган: аларга мектептер жана медициналык борборлор кирет.
Калктын таза ичүүчү сууну алуусун жакшыртуу максатында Азия өнүктүрүү банкынан жана Дүйнөлүк банктан бөлүнгөн каражаттарга 2000-жылдан баштап 2014-жылга чейин республиканын аймагында 545 айылда суу түтүктөрү курулду, бул айылдардын калкынын саны 1,2 млн адамдан ашат.
Азыркы мезгилде республикалык бюджетте бул секторго капиталдык салым кошуу үчүн жетиштүү каражаттар жок, андыктан келечекте эл аралык донорлордун колдоосу зарыл болот.
Суу менен камсыздоонун жана саркынды сууларды чыгаруунун абалынын деңгээлин көтөрүү үчүн керектүү инвестициялардын болжолдуу көлөмү алдын ала болуп эсептелет. Көз карандысыз тышкы жана улуттук эксперттердин баалоосу боюнча айылдык калкты суу менен камсыздоо кызматтарынан пайдалануусун жакшыртуу үчүн керектүү инвестициялардын көлөмү 20,0 млрд сомдон ашык (1-таблица).
2014-2024-жылдардагы мезгилде Мамлекеттик программага ылайык республиканын 425 айылында суммасы 6 млрд 885 млн сомду түзгөн суу түтүктөрүн (2-таблица), ошондой эле 27 райондук борбордо суммасы 1 млрд 600 млн. сом болгон саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча иштерди аткаруу каралган.
Бул болсо финансылык каражаттарды, каржылоого даяр долбоорлорду даярдап жана сунуш кылуу үчүн кубаттуулукту көбөйтүүнү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин (мындан ары – Департамент) потенциалын жана кызматкерлеринин статусун жогорулатууну талап кылат.
Бул Мамлекеттик программада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
суу менен камсыздоо – керектөөчүлөрдү жана башка пайдалануучуларды сапаттуу ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз, зарыл болгон өлчөмдө, коопсуздуктун санитардык талаптарына ылайык камсыздоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
саркынды сууларды чыгаруу – үй чарбаларынын жана өнөр жай ишканаларынын аймагынан саркынды сууларды калктуу пункттар үчүн коопсуз ыкма менен жана анын айлана-чөйрөгө кайтып келишинде суунун сапатынын стандарттарын сактоо менен чыгарууну камсыз кылган иш-чаралардын жана техникалык объекттердин жыйындысы.
1-таблица
| Айыл-дардын саны (бирдик) | Айылдар-дын жалпы санынан % | Бир айылга эсептелген наркы (млн. сом) | керектүү инвестиция-нын жалпы суммасы |
Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу реабилитациялык жумуштар жүргүзүлгөн айылдар (долбоорлордун алкагында курулган/реабилитация-ланган объекттер) | 545 | 30,19 |
|
|
Жаңы тутумдарды куруу талап кылынган айылдар | 651 | 36,07 | 25,1 | 16,22 |
Тутумдарды реабилитациялоо талап кылынган айылдар | 609 | 33,74 | 7,3 | 4,5 |
Бардыгы | 1805 | 100 |
| 20,72 |
2-таблица
Облустардын аталышы | Айылдардын саны | Бир айылга наркы (млн. сом) | Жалпы суммасы (млн. сом) | |
Бардыгы | 2014-2024 -жылдары куруу жана реабилитациялоо керек | |||
Баткен | 183 | 61 | 16,2 | 988,2 |
Жалал-Абад | 404 | 104 | 16,2 | 1684,8 |
Ысык-Көл | 184 | 55 | 16,2 | 891,0 |
Нарын | 136 | 36 | 16,2 | 583,2 |
Ош | 474 | 93 | 16,2 | 1506,6 |
Талас | 91 | 25 | 16,2 | 405,0 |
Чүй | 333 | 51 | 16,2 | 826,2 |
Бардыгы | 1805 | 425 | 16,2 | 6885,0 |
Шаарлардын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын баштапкы эсептөөлөрүнө ылайык республиканын шаарларынын (Бишкек жана Ош шаарларынан башкалары) суу менен камсыздоо тутумдары үчүн керектүү инвестициялардын көлөмү 9,76 млрд сомдон ашат.
Айылдарда суу менен камсыздоо тутумдарынын жакшыртылышы саркынды сууларды чыгаруу проблемасын курчутту жана саркынды суулардын көбөйүшүнө алып келди, ал эми суу булактарынын андан ары булганышын болтурбоо үчүн тазалоо жана зыянсыздандыруу маселелери техникалык чечимди талап кылат.
Тармактык адистердин эсеби боюнча айыл жеринде саркынды сууларды чыгаруу инфратүзүмү үчүн керектүү инвестициянын көлөмү 70,8 млрд сомдун тегерегин түзөт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жана учурдагы абалды эске алуу менен 27 райондук борбордо саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын курууну жана реабилитациялоону караштыруу зарыл. Тармактык адистердин баштапкы эсептөөлөрү боюнча, ушул калктуу конуштарда саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын куруу жана реабилитациялоо үчүн керектүү сумма 1млрд 600 млн сомду түзөт.
Ичүүчү суу аркылуу жугуучу ооруларга каршы күрөш өлкөнү жыл сайын 4,8 млрд сомдон ашык чыгымга дуушарлантууда, мында жыл сайын 30 000 ге жакын катуу кармаган ичеги-карын оорулары катталат, ал эми мите оорулардын үлүшү 24 % болууда.
Сууга байланыштуу оорулардын ичинен республикада бир топ жылдардан бери Майлуу-Суу шаарында жана Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда ич келтенин дүрт чыгуусу болууда. Мында ич келте катталган баардык учурлардын 70 тен - 86 %га чейинкиси ушул калктуу конуштарга туура келет, бул негизинен ичүүчү таза суунун тартыштыгынан болууда.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, айрым айылдык калктуу конуштарда балдардын энтеробиоз, аскаридоз, лямблиоз жана гименолепидоз оорусу менен оорушкан учурларынын 61%дан 79%га чейинкиси гельминттердин төрт түрүнүн жугушунан болот.
Ошондой эле Министрлик Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында гигиеналык билим берүү боюнча иш жүргүзүлгөн жана «Айылды суу менен камсыздоо жана санитария» долбоорун аткаруунун алкагында ички долбоорлор ишке ашырылган айылдарда лямблиоз дартына чалдыккан учурлар 76%га азайганын билдирип жатат.
Калктын 47,5%ы сууну үй чарбасына 100 метрден жакын жердеги суу чыгуучу колонкалардан алышат, ал эми 52,5%ы ичүүчү сууну үйүнөн 100 метрден алыс жайгашкан булактардан ташып келишет (3-таблица).
3-таблица
|
Бар-дыгы | Кожолуктагы балдардын саны | |||||
0 | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 жана андан көп бала | ||
Суу менен камсыздоонун борбордук тутуму | 32 % | 46 % | 29 % | 27 % | 20 % | 8 % | 10 % |
Жеке суу насосу | 23 % | 18 % | 26% | 27 % | 29 % | 19 % | 10 % |
Коомдук суу насосу | 32 % | 27 % | 31% | 33 % | 37 % | 47 % | 42 % |
Суунун ачык булагы | 7 % | 4 % | 8 % | 7 % | 10 % | 21 % | 26 % |
Башка булактар (ташылып келүүчү суу, өзү агып турган суу) | 6 % | 6 % | 6 % | 7 % | 5 % | 5 % | 12 % |
Бардыгы | 100 % | 100 % | 100% | 100% | 100 % | 100 % | 100 % |
Суу булагына чейинки аралык: |
|
|
|
|
|
|
|
100 метрге чейин | 47,5 % | 46 % | 56% | 48% | 46 % | 60 % | 29 % |
100 метрден ашык | 52,5 % | 54 % | 44 % | 52% | 54 % | 40 % | 71 % |
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (мындан ары – АРИС) изилдөөлөрүнүн натыйжаларына ылайык айылдык калктын 60,0%ы сууну суу түтүктөр тармагынан алат, анын ичинен 38%ы көчөдөгү суу алуучу чорголордон жана 21,6%ы үйдүн ичиндеги чорголордон алышат.
Калктын калган бөлүгү, б.а. 40%ы ичүү үчүн арыктардагы, сайлардагы, каналдардагы, булактардагы сууну пайдаланышат, ошондой эле ташып келген сууну пайдаланышат.
Ушул изилдөөдө текшерилген айылдык калктуу конуштарда элеттик калктын 27%ы сууну сутка бою алаары, 37%ына суу суткасына 12 саат же андан ашык убакыт бою берилээри, ал эми 36%ына суткасына 12 сааттан аз, көп учурда күн сайын берилбестиги да көрүндү.
Сууну тазалоочу курулмалардын көпчүлүгү иштебейт, сууну зыянсыздандыруу үчүн жөнөкөй хлордогучтар колдонулат. Жер үстүндөгү булактардан суу алган суу түтүктөрдүн көпчүлүгү (изилденген сынамыктардын 20%дан ашыгы) керектөөчүлөргө микробиологиялык көрсөткүчтөрү боюнча талапка ылайык келбеген сапаттагы сууну берип жатышат.
Мында ичүүчү суу менен камсыздоочулардын көпчүлүгүндө финансылык кыйынчылыктары бар. Алардын айрымдарынын финансылык туруктуулугу коркунучта турат, анткени тарифтер чыгымдарды актоочу деңгээлден төмөн белгиленет. Суунун тарифтери негизги операциялык чыгымдарды (б.а. жумушчулардын эмгек акысын, электр энергиясы, химиялык реактивдер үчүн акыны), жабдууларды модернизациялоого жана алмаштырууга, ошондой эле инфратүзүмдү кеңейтүүгө кетүүчү чыгымдарды жаппайт.
Инфратүзүмдү реабилитациялоого, жаңылоого жана кеңейтүүгө кетүүчү инвестициялык чыгымдарды ички ресурстардын эсебинен, тарифтерди кымбаттатуу жолу менен жабуу келечеги эл арасында жана башка керектөөчүлөрдө уюштуруу-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылган татаал иш.
Үстү жабык чуңкурлуу же резервуар септиктерге туташтырылган жакшыртылган даараткананы пайдалануу абдан эле аз – шаарларда 75%га чейин жана айылдарда 51%. Бул көрсөткүчтөр акыркы жылдардын ичинде дээрлик өзгөргөн эмес.
Айыл жеринде борборлоштурулган канализация системасы дээрлик жок. Мектептерде жана айрым ооруканаларда казылган чуңкурлуу коомдук дааратканалар бар. Көпчүлүк мектептердин үстү жабылган чуңкурлуу коомдук дааратканалары Дүйнөлүк банктын жана ДФИДдин долбоорлорунун алкагында оңдолду же жаңыдан курулду. Жаңы санитардык курулмалар да эки тараптуу донордук демилгелер программасынын колдоосу менен курулду.
Урбан Институт жана АРИС 19 шаарда жүргүзгөн изилдөөнүн, ошондой эле ПРООН Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча шаардык калктын 23% пайдаланылган канализация тармагынын сыртта экендиги, ал эми 5 шаарда канализация тармагы жок экендиги аныкталган (4-таблица).
4-таблица
Шаарлар | Канали-зация тутуму | Тутумдун сапаты | Шаарлар | Канали-зация тутуму | Тутумдун сапаты |
Балыкчы | Бар | Канааттанар-лык эмес | Кербен | Жок | - |
Кант | Бар | Канааттанар-лык эмес | Kөк-Жаңгак | Бар | Канааттанар-лык эмес |
Кара-Суу | Бар | Канааттанар-лык эмес | Ноокат | Жок | - |
Жалал- Абад | Бар | Канааттанар-лык эмес | Шопоков | Бар | Канааттанар-лык эмес |
Майлуу-Суу | Бар | Канааттанар-лык эмес | Сүлүктү | Жок | - |
Баткен | Жок | - | Кочкор-Ата | Бар | Канааттанар-лык эмес |
Исфана | Жок | - | Чолпон-Ата | Бар | Канааттанар-лык эмес |
Кара-Балта | Бар | Канааттанар-лык эмес | Ош | Бар | 50 % канааттанар-лык |
Каракол | Бар | Канааттанар-лык эмес | Бишкек | Бар | 75 % канааттанар-лык |
Кара-Көл | Бар | Канааттанар-лык эмес |
|
|
|
ОЭСРдин маалыматтарына ылайык сууну керектөөнүн реалдуу көлөмү бир адамга суткасына 71,1 литрди түзөт, ал эми ичүүчү суу берүүчүлөрдүн баалоосу боюнча айыл жана шаар жеринде сууну керектөөнүн орточо көлөмү суткасына бир адамга 60-125 литрди түзөт. Бирок долборлоодо колдонулган суу керектөө ченемдери жагынан алганда салыштырылган маалыматтар сууну иш жүзүндөгү керектөөгө туура келбейт.
Көп учурда кожолуктардын эсептегичтерди орнотуунун пайдасы жана тарифтерди көтөрүүдө каражат үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө түшүнүктөрү да жок. 2013-жылы кожолуктардын 4-5%ынын гана эсептегичтери болгон.
Кожолуктардын көбүндө эсептегичтердин жоктугунан улам сууну керектөө деңгээлин так ченөө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан, суу тарифтеринин өлчөмүн аны иш жүзүндө чыгымдоого салыштырып көрүү мүмкүн эмес. Эсептегичтердин жоктугу “социалдык тарифтерди” колдонуу мүмкүнчүлүгүн, киреше деңгээли төмөн кожолуктардын суу берүүчүлөр кызматынан пайдалануусу үчүн суу чыгымын кыйла төмөн тарифтерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарат.
Суу менен камсыз кылуунун заманбап тармактарына кошулган суу эсептегичтери жок кожолуктардын санынын өсүшү, ичүүчү сууну ысырапчылык менен пайдалануу, саркынды сууну чыгаруу тутумдарынын жоктугу жана натыйжасыз пайдалануу суу булактарына күч келтирүүнү жогорулатууга алып келет.
Республикада жакшы сапаттагы ичүүчү суу корунун көптүгүнө карабастан, шаарлардын жана калктуу конуштардын инфраструктурасынын, өнөр жай ишканаларын жана калдык сактоочу жайларды, ТБО таштандыларын, автотранспорт жуучу жайларды жайгаштыруунун терс таасиринин, саркынды сууну чыгаруу тутумдарынын жоктугунун ж.б. натыйжасында көпчүлүк өздөштүрүлгөн суу чыккан жерлер нитраттар, хром, мунай заттар ж.б. менен булганган.
Бир кезде, суу менен камсыздоо тутумдарынын көпчүлүгү, алар калыбына келтирилгенден жана жаңыдан курулгандан кийин ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин (ИСКАКБнын) менчигине өткөрүлүп берилген, мындай иш-аракет мыйзамдардын коллизиясын пайда кылып, натыйжада менчик укугу жана суу менен камсыз кылуу, саркынды сууну чыгаруу объекттери үчүн жоопкерчилик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген.
Азыркы учурда, эң көйгөйлүү маселердин бири, чет өлкөлүк донорлордун каражатына курулуп, эксплуатациялоого берилген суу түтүктөрүн сактап калуу. ИСКАКБлардын туруксуздугунан жана жарамсыздыгынан улам, алардын саны жылдан жылга азаюуда. 633 ИСКАКБнын ичинен болгону 25 % өзүн керектүү акча каражаты менен камсыздап, өз ишин улантууда, ал эми калгандары өтө оор финансылык абалда калышкандыгын өткөрүлгөн анализ көрсөттү.
Сапаттуу кызматтарды туруктуу көрсөтүү тармактын адистеринин талапка ылайык кесиптик көндүмдөрүнүн болушун, ошондой эле зарыл жабдуулардын, техникалык каражаттардын жана капиталдык оңдоо жүргүзүү жана тейлөө үчүн туруктуу каржылоонун болушун билдирет. Көпчүлүк калктуу конуштарда квалификациялуу инженердик-техникалык жана башкаруучу кадрлардын, ошондой эле слесарлардын, сантехниктердин, ширетүүчүлөрдүн жетишсиздиги белгиленүүдө. Мындай фактор, суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу тутумун жана курулуштарын техникалык тейлөөнүн жана пайдалануунун ишенимдүүлүгүн төмөндөтүүдө.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу сектору суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу тутумун пайдалануу, тейлөө, анын тынымсыз иштөөсүн камсыздоо үчүн каржылык каражаттардын жетишпестигине дуушар болушууда. Бул жергиликтүү жамааттардын суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу кызматы үчүн төлөмдөрдү төлөөнүн зарылдыгы жана чыгымдарды жабуучу тарифтерди белгилөө жөнүндө талаптагыдай маалыматынын жетишсиздигинен улам пайда болууда.
Көпчүлүк ИСКАКБлар жана башка суу менен жабдуу кызматын көрсөтүүчүлөрдө суу суу менен жабдуу кызматтарынын иштелип чыккан жана бекитилген тарифтери жок. Керектелген суу үчүн акча каражаттар жыйымы республика боюнча болжол менен белгиленгендерден 64 %нан ашпайт.
Суу менен жабдуу жана саркынды сууну чыгаруу боюнча ишканалар амортизациялык чегерүүлөрдүн натыйжасында алган кирешелери, эреже катары, тутумду капиталдык модернизациялоо жана реабилитациялоо үчүн жетишсиз. Өлкөнүн бюджетинен жергиликтүү бюджетти инвестициялоо адатта Бишкек жана Ош шаарларынын айланасындагы жаңы конуштар менен чектелет.
Өлкөнүн жергиликтүү инфраструктуралык муктаждыктарынын көпчүлүгү эл аралык донорлордун каражаттарынан турган тышкы булактардан каржылынат. Мамлекеттик инвестициялык программалардын негизги булагы болуп эсептелген, шаарды жана айылды суу менен камсыз кылуу, саркынды сууну чыгаруу жана санитария секторундагы тышкы булактардан каржылана турган долбоорлор төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Айылды суу менен камсыз кылуунун Биринчи жана Экинчи долбоорлору»;
- Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган «Калктуу конуштардын деңгээлиндеги инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүүнүн Биринчи жана Экинчи долбоорлору»;
- Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «23 шаарда Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын арттыруу долбоору»;
- Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү боюнча АӨБнын долбоору (азыркы учурда ишке ашуу стадиясында);
- Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкынын (ЕБРР) зайымынын эсебинен каржыланган жана техникалык жардам көрсөткөн Швейцариянын экономикалык мамилелер боюнча Мамлекеттик секретариатынын (SECO) Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол жана Кара-Балта шаарларын суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлору.
2011-жылы ПРООН жүргүзгөн талдоонун натыйжаларына ылайык республика боюнча суу менен камсыз кылуунун жана санитариянын чыгымдары кыйла муктаж жана кыйла бай кожолуктардын арасында тиешелүү түрдө алардын жалпы чыгымдарынын 0,3%ын жана 0,4%ын түзгөн. Эл аралык практикада кожолуктардын СКжССЧ кызматтарына кеткен чыгымдарынын болжолдуу деңгээли 2,5%га чейин өйдө-төмөн болуп турат. Кожолуктар боюнча жүргүзүлгөн акыркы изилдөөнүн иш жүзүндөгү маалыматтары, эң муктаж кожолуктар өздөрүнүн жалпы чыгашаларынын 0,35%ын гана сууга бөлөөрүн көрсөтөт.
АӨБдүн, ДБнын жана ДФИДдин долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында долбоордун шарттары боюнча коомчулуктар насыянын 5%ын кайтарып берүүгө тийиш эле. Азыркы мезгилде көпчүлүк ИСКАКБлар ДБнын жана АБРдын долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан 5%дык насыялык кайтаруу боюнча олуттуу проблеманы баштан кечирип жатышат, бул аларга туруктуу каржылык абалга жетишүүгө мүмкүнчүлүк бербей, ИСКАКБлардын ишин оордотуп жатат. ИСКАКБлардын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жалпы карызы 89,4 млн. сомду түзөт.
СКжССЧ кызматтары чыгашалуу иш-чарага кирип, негизги каражаттарды пайдаланууга көп жагынан көз каранды. Негизги каражаттар кызмат кылуу мөөнөтүнүн ичинде эскирет, ал эми СКжСБ тутумдарынын пайдалануу мөөнөтү ар башкача болуп, ар кандай бөлүктөрдөн куралат. Ушуга байланыштуу, эгерде сууну үзгүлтүксүз берүү жана санитардык кызматтарды көрсөтүү зарыл болсо, курамдык бөлүктөрдүн жана жалпы тутумдун эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн каржылоону камсыз кылуучу мамиле керек болот.
Негизги каражаттарды техникалык тейлөө жүргүзүлбөсө көптөгөн объектилердин/тутумдардын каралбай калышына алып келиши мүмкүн, жумшалган каражаттар дайынсыз жок болуп, ал эми керектөөчүлөр тиешелүү пайда албай калат.
Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бухгалтердик эсепти жүргүзүү деңгээли СКжССЧ ишканаларынын ишинин айкын натыйжаларын чагылдырган так финансылык отчеттуулукту калыптандырууга мүмкүнчүлүк бербейт.
СКжССЧ ишканаларында бухгалтердик эсеп тутумун жөнгө салуу финансылык так отчеттуулукту түзүүгө, демек, суу менен камсыз кылуу боюнча спецификалык отчеттук маалыматтарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берет жана өз абоненттери үчүн чыгымдардын айкындыгын жана түшүнүктүүлүгүн демонстрациялап көрсөтүү аркылуу кирешелерди жогорулатуу жолундагы тоскоолдуктардан өтүүгө жардам берет. Бул ошондой эле кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берет, бул тарифтердин ылайык келүү маселесин иликтөөдө жана ишканага бөлүнгөн дотациялардын өлчөмүн аныктоодо жардам берет.
Азыркы учурда бир катар муниципалдык ишканалар мурдагы мамлекеттик ишканалардан калган суу менен жабдуу, саркынды сууну бөлүп чыгаруу тутумдарын пайдалануу жана күтүү боюнча карыздары үчүн жоопкерчилик тартышууда.
Ошол себептен көптөгөн муниципалдык ишканалар техникалык талаптарга ылайык иш жүргүзө албай жатышат.
Өткөн жылдарда суу менен жабдуу тутумдары объекттерин долбоорлоо жана курууну ишке ашыруу процесси керектөөчүлөрдүн жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн (ИСКАКБ) пикирлерин эске албастан жүзөгө ашырылып келген. Айылдарды тандап алууда коомчулуктардын суу менен жабдуу тутумун реабилитациялоого даярдыгы жана тиешелүү түрдө суу менен камсыз кылуу кызматтарына акы төлөө боюнча каалоосу каралган эмес.
Долбоордук чечимдер коомчулуктун кысымы алдында, тиешелүү техникалык иликтөөлөрсүз жана негиздемелерсиз кабыл алынган учурлар да болгон, бул дагы терс кесепеттерге алып келген.
Сатып алууларды жүргүзүүдө айкындыктын жана ачыктыктын деңгээлин жогорулатуу сектордун башкы артыкчылыгы болуп эсептелет. Ушул багыттагы талапка ылайык аракеттер тармакты өнүктүрүү, СКжССЧ объекттерин жана тутумдарын куруу жана кайра конструкциялоо жөнүндө маалыматты өлкөнүн жарандарынын кеңири чөйрөсүнө, ошондой эле сектордун таламдаш тараптарына маалымат берүүгө жардам берет.
Суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында өлкөнүн бюджеттик каражаттарын жана донорлор тарабынан берилген каражаттарды максатка ылайыктуу пайдаланууга катуу контролду жүргүзүү, так эсепти жана каражаттарды чыгымдоо үчүн жооптуу адамдардын так отчеттуулугун камсыз кылуу зарыл.
Суунун сапатынын стандарттарын айлана-чөйрөнү жана жарандардын ден соолугун талапка ылайык коргоону камсыз кыла турган өзгөчө маанилүү аспект катары кароо зарыл.
Коопсуздук параметрлеринин мониторинги жана аларды ченөөнүн жыштыгы лабораториялык жабдуулардын болушун жана адистерди даярдоону талап кылат, ал аталган проблеманы токтоосуз чечүүнү талап кылат.
Мындан тышкары, көпчүлүк муниципалдык жана бардык айылдык суу менен камсыз кылуу тармагында иш жүзүндө өндүрүштүк контролдун жоктугу, өндүрүштүк лабораторияларды түзүүнү кечиктирбестен чечүүнү талап кылат.
Суу менен камсыз кылуу тутумдарын жана саркынды сууларды тазалоо үчүн инфраструктураны долбоорлоо мурунку иштелип чыккан Курулуш ченемдерине жана эрежелерине (СНиП) жана Санитардык ченемдерге жана эрежелерге (СанПиНге) негизделген.
Суу менен камсыз кылуу тутумдарын долбоорлоодо жогорку стандарттар, эреже катары бир суткада бир адамга 230-350 литр суу колдонулат. Керектөөнүн бул ченемдери ашыкча өндүрүүгө гана эмес, керектөөнүн ыксыз сарп кылуучулук практикасына алып келет, ал сууну жана электр энергиясын ашыкча пайдаланууга жол берүү менен айлана-чөйрөгө зыян келтирет, бул жалпысынан экологияга жана экономикага терс таасирин тийгизет.
Буга байланыштуу суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу тутумун курууда, пайдаланууда жана техникалык тейлөөдө инновациялык ыкмаларды киргизүү зарыл.
Өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн долбоорлоочулар, подрядчылар жана керектөөчүлөр убакытты жана акчаны үнөмдөөдөн, ошондой эле эксплуатациялык сапаттан жана натыйжалуулуктан көзгө көрүнөрлүк пайда көрүүгө тийиш. Технологиялык жана инновациялык методдор күндөлүк проблемалардын айрымдарын чечиши мүмкүн, бирок суу менен жабдуу жана саркынды сууну чыгаруу боюнча иштеги квалификациялуу кызматкерлерди алмаштыруу мүмкүн эмес.
Департаменттин, сектордо капиталдык жана күнүмдүк чыгымдардын баасын төмөндөтүүгө багытталган, курулуштун жаңы технологиялары жана инновациялык ыкмалары боюнча жумушчу топторун түзүшү зарыл, ал учурдагы чектелген каражаттарды үнөмдүү колдонууга, ошондой эле таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгаруу секторунда жүрүм-турумга, ошондой эле таза иштөөгө байланышкан суроолорду чечүүгө таасир этет.
Ушул Мамлекеттик программа ичүүчү суу менен камсыздоо, канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумун куруу, кайра конструкциялоо жана модернизациялоо жолу менен ден соолукту жана жашоо сапатын жакшыртуу, айлана чөйрөгө келтирилген зыянды төмөндөтүү үчүн калкты ченемдик сапаттагы ичүүчү суу менен камсыз кылууну жогорулатууга багытталган.
Көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн Мамлекеттик программанын төмөнкү артыкчылыктуу милдеттерин комплекстүү, тутумдуу жана максаттуу чечүү зарыл:
1) Коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыз кылуу, саркынды суу чыгаруу жана санитария чөйрөсүндө:
- техникалык регламенттердин, стандарттардын жана колдонуудагы ченемдик актылардын бирдиктүү талаптарына негизделген ичүүчү суу менен камсыз кылуунун борборлоштурулган тутумдарын өнүктүрүү, долбоорлоо, куруу жана пайдалануу аркылуу калктын СКжССЧ кызматтарын пайдалануусун жогорулатуу;
- сапаттуу коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо;
- суу менен камсыздоо жана суу саркындыларын чыгаруу тутумдарынын тейлөөсүн жакшыртуу.
2) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторун башкаруу жана мамлекеттик жөнгө салуу тутумун өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө кадрдык дараметти чыңдоо.
3) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн финансылык-экономикалык туруктуулугу чөйрөсүндө:
- инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн финансылык туруктуулугун камсыз кылуу.
4) суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда ачыктыкты, ишенимди жана отчеттуулукту күчөтүү чөйрөсүндө:
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда улуттук маалыматтар базасын түзүү;
- Мамлекеттик программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү.
5) Техникалык стандарттарды ылайыкташтыруу чөйрөсүндө:
- заманбап жана пайдалуу техникалык чечимдерди берүү.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- техникалык стандарттардын жана колдонуудагы ченемдик актылардын бирдиктүү талаптарына негизделген ичүүчү суу менен камсыз кылуунун борборлоштурулган тутумдарын артыкчылыктуу өнүктүрүү, долбоорлоо, куруу жана пайдалануу жолу менен ичүүчү сууга болгон керектөөнү канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жаатындагы функцияларын так бөлүштүрүү жагында өркүндөтүү:
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын финансы-экономикалык жана институттук туруктуулугун камсыздоо;
- мамлекеттик көзөмөл жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан, алардын компетенцияларынын чегинде, ичүүчү суу менен камсыз кылуу тутумунун иштешин, бул тутумдарды пайдалануучу ишканалардын ишин, ичүүчү суунун сапатын контролдоо.
Мамлекеттик программанын максаттарына жетүү үчүн 2025-жылга карата төмөнкү көрсөткүчтөр аныкталган:
- республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарлардын кеминде 90 пайызын ченемдик сапаттардын талаптарына жооп берген борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
- айыл жергесинде жашаган кеминде 700,0 миң адамды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
- айыл макамы бар райондук борборлордо жашаган калктын кеминде 70 пайызын саркынды сууларды чыгаруу тутуму менен камсыз кылуу;
- суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруунун туруктуу жана ишенимдүү механизмин түзүү;
- республиканын калкынын ыңгайлуу жашоо-турмушун жана анын инфратүзүмүн камсыз кылуу үчүн өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосунда так укуктук мамилелерди белгилөө;
- айлана-чөйрөгө тийген терс таасирлердин жол берилген чектерин аныктоо жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун башкаруу механизмин түзүү;
- мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин санитариялык жана гигиеналык талаптарын камсыз кылуу;
- ичүүчү суу менен камсыз кылуу булактарын санитардык коргоо чөлкөмдөрүндө техникалык регламенттердин жана башка ченемдик актылардын талаптарын камсыз кылуу.
Республиканын калкын коопсуз ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматы менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үстүбүздөгү жүз жылдыктын башталышында Азия өнүктүрүү банкы жана Дүйнөлүк банк менен $ 69,5 млн өлчөмүндө, ал эми 2009-жылы ушул эле донорлор менен - $ 41,5 млн суммасына финансы каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө макулдашууларды түзгөн. Бөлүнгөн каражаттарга 2000-2014-жылдары өлкөнүн 545 айылына суу менен камсыз кылуу тутумдары курулган жана калыбына келтирилген, анын натыйжасында 1,2 млн адам борборлоштурулган коопсуз ичүүчү суу менен жетиштүү камсыз болгон.
Мындан тышкары, акыркы жылдары республикада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республикалык жана облустук маанидеги шаарлар үчүн ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу секторуна насыялык инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештиришти.
Ошондой эле, өлкөнүн калкын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесинин өзгөчө олуттуулугун таануу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 194 Жарлыгы менен ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына өзүнчө бөлүм болуп киргизилген.
Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча негизги жооптуу мамлекеттик органдар болуп Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, эл аралык уюмдардын жана финансылык донорлордун (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, ПРООН, ЮНИСЕФ) колдоосу менен АРИС (макулдашуу боюнча) эсептелет.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууда тобокелдиктерди башкаруу Мамлекеттик программаны ишке ашырууга катышкан мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, муниципалдык ишканалардан баштап өкмөттүк эмес уюмдарга чейин бардык субъекттердин ишин координациялоо жолу менен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууда мүмкүн болуучу тобокелдиктер № 5 таблицада көрсөтүлгөн.
5-таблица.
№
| Терс фактор (тобокелдиктин) | Тобокелдиктерди төмөндөтүү ыкмалары |
1 | Социалдык-саясий | Калк арасында уюштуруу-түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүү |
2 | Форс-мажордук | Бул тобокелдиктин тобун төмөндөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча маселелерди чечүүнүн үстүнөн натыйжалуу жана максаттуу иштөөгө жөндөмдүү кызматкерлерин даярдоо пландалат |
3 | Экономикалык | Бул тобокелдикти төмөндөтүү үчүн Мамлекеттик программанын мамлекеттик жөнгө салуусун, анын ичинде инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууну жана экономикалык жүйөлөштүрүүнү өркүндөтүү каралат. Мамлекеттик программанын иш-чараларын каржылоонун булактары жана көлөмдөрү жыл сайын такталып турат |
4 | Уюштуруу-укуктук | Бул тобокелдиктин тобунун таасирин төмөндөтүү үчүн төмөнкүлөр пландалат: - ченемдик укуктук документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу этабында аларды талкуулоого аларды макулдашууга катыша турган негизги кызыкдар тараптарды тартуу; - суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунун башкаруусун реформалоо |
5 | Маалыматтык | Ар тараптан киргизүү жана веб-сайт жүргүзүү, ошондой эле ЖМК чыгып сүйлөө |
6 | Жеке (кадрдык) | Тобокелдикти төмөндөтүү үчүн жогорку квалификациялык кадрларды даярдоо жана азыркы адистерди кайра даярдоо (квалификацияны жогорулатуу) боюнча республикалык окуу борборлорун ачуу сунушталат |
Мамлекеттик программаны каржылоо иш-чаралар планына ылайык республикалык бюджеттин каражатынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Дүйнөлүк банктын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, ПРООНдун, ЮНИСЕФтин тышкы инвестицияларынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
Мамлекеттик программанын иш-чараларын иш жүзүндө каржылоо республикалык бюджетте ар бир жыл үчүн бекитилген каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
Ошону менен бирге республикалык бюджетти кезектеги финансы жылына тең каржылоо каражаттары каржылоонун жалпы көлөмүнүн 20 - 25 пайызын түзөт.
Мамлекеттик программаны ишке ашырууга зарыл болгон финансы каражаттарын эсептөө республиканын калкынын санына жана бир адамга инвестициянын салыштырма суммасына жараша жүргүзүлгөн.
Мамлекеттик программаны каржылоонун жалпы көлөмү 15 415,935 млн сомдон ашуунду түзөт.
Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюмдарды жана ишканаларды туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын кыйла жакшы эсепке алуу үчүн Мамлекеттик программаны ишке ашыруу процессинде учурдагы абалды эске алуу менен каржылоонун бардык булактарынын мүмкүнчүлүктөрүн эң толук колдонуу пландаштырылууда.
Өкмөттүк эмес уюмдар коомдук консультацияларды уюштуруу, калктын маалымдуулугун жогорулатуу, калкты социалдык жактан мобилизациялоо жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу маселелери боюнча суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторундагы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат көрсөтүүчүлөр жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенишет, ошондой эле ден соолук детерминанттарына коомдук мониторинг, коомдук экологиялык экспертиза жана коомдук контролдоо жүргүзөт.
Мониторинг, мамлекеттик саясаттын милдеттүү курамчасы катары, маалыматты тутумдуу жыйноонун, талдоонун жана программалык-пландык иш-чаралардын аткарылышын баалоонун, ошондой эле оңдоолорду киргизүүнүн шайманы болуп саналат.
Мамлекеттик программага индикаторлордун топтому иштелип чыккан, алар боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшүндө мониторинг жүргүзүлөт.
Мамлекеттик программанын иш-чараларынын натыйжалуулугунун индикаторлору төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- шаар жергесиндеги калктын 90 %ын коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
- айыл жергесинде жашаган кеминде 700,0 миң адамды борборлоштурулган коопсуз ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
- айыл макамына ээ райондук борборлордо жашаган калктын кеминде 70 %ын саркынды сууларды чыгаруу кызматы менен камсыз кылуу;
- мектеп жана мектепке чейинки мекемелердин санитариялык жана гигиеналык талаптарын камсыз кылуу;
- суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу секторунда ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
Мамлекеттик программанын этаптарынын аякташы боюнча калкты коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүн жакшыртуу жана бул багыттагы андан аркы иштер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында жетишилген натыйжаларга баа берилет.
| Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүүнүн 2014-2024-жылдарга карата мамлекеттик программасына тиркеме |
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Индикаторлор | Каржылоо булактары, керектөө (млн. сом) | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу этаптары (жылдар) | Күтүлүүчү натыйжалар | |||
I этап | II этап | |||||||||
Бюджет | Тышкы ресурстар | |||||||||
2014-2017 | 2018- 2024 | |||||||||
1-артыкчылык. Коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария | ||||||||||
1 | Калктын СКжССЧ кызматтарын алуу мүмкүнчүлү-гүн жогорулатуу | 1.1. Республиканын айылдарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын куруу жана реабилитациялоо | 425 айыл | 1 377,0 | АӨБ, ДБ, ЕРӨБ ж.б 5 508,0 | ФМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АРИС (макулдашуу боюнча) | 106 айыл | 319 айыл | Айыл калкынын коопсуз ичүүчү сууга жетүүсүн жакшыртуу | |
|
| 1.2. Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынын айылдары үчүн “Айылдарды суу менен камсыздоо жана санитария-2” долбоорун ишке ашыруу жана аяктоо | 27 айыл | 25,2 | ДБ 101,1 | Курулуш агенттиги, АРИС (макулдашуу боюнча) | 27 айыл | - | ||
| 1.3. “Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу | Ысык-Көл облусунун 3 шаары | 235,4 | АӨБ 2 182,0 | Курулуш агенттиги, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 3 шаар | - | |||
| 1.4. Жалал-Абад шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын куруу | - | - | ЕРӨБ 54,4 | Курулуш агенттиги, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 1 шаар | - | |||
| 1.5. “Кара-Балта шаарында суу менен камсыздоону жана канализацияны реабилитациялоо” долбоорун ишке ашыруу | - | 3, 9 | ЕРӨБ 334,9 | Курулуш агенттиги, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 1 шаар | - | |||
| 1.6. Талас шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумун куруу | - | 23, 4 | ЕРӨБ 306,5 | Курулуш агенттиги, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Курулу- шун бүтүрүү |
| |||
| 1.7. Кант шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу | - | 16, 0 | ЕРӨБ 217,1 | Курулуш агенттиги, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Курулу- шун бүтүрүү | - | |||
| 1.8. Токмок шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу | - | 24, 4 | ЕРӨБ 190, 5 | Курулуш агенттиги, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Курулу- шун бүтүрүү | - | |||
| 1.9. Нарын шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын жана тазалоо курулмаларын куруу |
| 24, 3 | ЕРӨБ 370,28 | Курулуш агенттиги, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Курулу- шун бүтүрүү | - | |||
| 1.10. Баткен шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу | - | 28, 3 | ЕРӨБ 190, 5 | Курулуш агенттиги, ФМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Курулу- шун бүтүрүү | - | |||
| 1.11. Бишкек шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун куруу | - | 12, 4 | ЕРӨБ 638, 6 | Курулуш агенттиги, ФМ, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | Курулу- шун бүтүрүү | - | |||
| 1.12. Ош шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын куруу | - | 27 | ЕРӨБ 374,8 | Курулуш агенттиги, ФМ, Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) | Курулу- шун бүтүрүү | - | |||
| 1.13. Ош жана Жалал-Абад облустарында “Калыбына келтирүү жана кайра конструкциялоо боюнча өзгөчө жардам” долбоорун ишке ашыруу | - | 3, 6 | АӨБ 1 145, 4 | Курулуш агенттиги, ФМ | 2 шаар | - |
| ||
| 1.14. Саркынды сууларды чыгаруу тутумун куруу жана реабилитациялоо | 27 калктуу конуш (айылдар-райондун борборлору) | 320, 0 | АӨБ, ДБ, ЕРӨБ ж.б 1 280,0 | ФМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Даярдоо иштери,9 айыл | 18 айыл | Саркынды сууларды чыгаруу тутумдарына жетүүнү жакшыртуу | ||
| 1.15. Социалдык мекемелерде санитардык объектилерди куруу жана реабилитациялоо | 50 айылдагы мекемелер | - | ДБ, ЮНИСЕФ 40,312 | ЮНИСЕФ (макулдашуу боюнча), АРИС (макулдашуу боюнча) | 50 айыл | - | Социалдык мекемелерде сатитарияны жана гигиенаны жакшыртуу | ||
|
| 1.16. Канализациянын, анын ичинде санитариянын кичи тутумдарынын жакшыртылган тутумдарын куруу жана пайдаланууга берүү маселелерин жөнгө салуучу пайдаланууга берүү эрежелерин иштеп чыгуу | Типтүү долбоорду иштеп чыгуу | - | ДБ 3,0 | Курулуш агенттиги, Саламатсакмин, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Иштеп чыгуу жана аяктоо | - | Кыргыз Республикасы- нын калкы канализациянын жана санитария-нын жакшыр-тылган объектилерине жетүүгө мүмкүндүк алышат | |
2 | Ченемдүү коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо | 2.1. Жол берилген концентрациянын жеткен чегинен (ЖКЖЧ) ашкан ар бир көрсөткүч боюнча суу менен камсыздоонун борборлоштурулган тутумундагы ичүүчү суунун лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын өзүнчө эсепке алуу тартибин иштеп чыгуу жана киргизүү | Лаборато-риялык изилдөөлөрдүн жыйынтык-тарын өзүнчө эсепке алуу тартиби | - | - | Саламатсакмин, Курулуш агенттиги | Бүтүрүү | - | Белгиленген талаптарга шайкештиги | |
| 2.2. Кызмат көрсөтүүчүлөрдөгү ичүүчү суунун сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн лабораториялардагы жана жабдуудагы керектөөлөрдү баалоо боюнча изилдөө жүргүзүү | Лаборато-риялардагы жана жабдуудагы керектөөлөр | - | АӨБ 1, 469 | Курулуш агенттиги | Баштоо жана бүтүрүү | - | Изилдөөнүн натыйжалары боюнча отчет | ||
| 2.3. Айылдык калктуу конуштарда ичүүчү суунун сапатын өндүрүштүк контролдоо үчүн – Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин (ИСКССЧӨД) үч өндүрүштүк жана бир көчмө лабораториясын уюштуруу | Өндүрүштүк жана көчмө лаборатория-лардын саны | - | АӨБ 15,0 | Курулуш агенттиги, ФМ, ССМ | 4 лабора-тория | - | Үч өндүрүш-түк жана бир көчмө лабора-тория жабдылды жана иштеп жатат | ||
|
| 2.4. Борборлош-турулган чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо булактарын санитардык коргоо зонасынын абалын тандама изилдөө боюнча ведомстволор аралык механизмди иштеп чыгуу жана киргизүү | Булактардын санитардык коргоо зоналарын изилдөөнүн механизми | - | ДБ 4,5 | Токой агенттиги, Геология агенттиги, Саламатсакмин, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АРИС (макулдашуу боюнча) | Бүтүрүү | - | Суу менен камсыздоо булактарын коргоо | |
| ||||||||||
3 | Суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу тутумунун талаптагыдай пайдаланууга берилишин жана техникалык тейленишин камсыздоо | Райондордун борборлорунда техникалык сервис кызматтарын түзүү | Сервистик кызматтардын саны (райондордун борборлорунда40 кызмат) | 59, 0 | АӨБ, ДБ, ЕРӨБ ж.б 235, 0 | ФМ, Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 40 сервистик кызмат | - | Суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу тутумунун техникалык абалын жана кызмат көрсөтүү деңгээлин жакшыртуу | |
2-артыкчылык. СКжССЧ секторун башкаруу жана мамлекеттик жөнгө салуу тутумун өнүктүрүү | ||||||||||
4 | СКжССЧ чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 4.1. СКжССЧ чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны талдоо жана баалоо | Мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштар, талаптар жана багыттар | - | ДБ 1,07 | Курулуш агенттиги, АРИС (макулдашуу боюнча), ПРООН (макулдашуу боюнча) | Даярдоо иштери жана бүтүрүү |
| Колдонуудагы ЧУАларга өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы ЧУАлар иштелип чыкты жана кабыл алынды | |
| 4.2. Керектүү ЧУАларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча план/матрицаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу | 1) өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген ЧУАлардын саны, 2) жаңы ЧУАлардын саны | - | ДБ, АӨБ, ПРООН, 6,5 | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), АРИС (макулдашуу боюнча), ПРООН (макулдашуу боюнча) | Иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана бүтүрүү |
| Талдоонун жыйын-тыктары боюнча отчет | ||
| 4.3. 100% мектептердеги жана мектепке чейинки балдар мекемелериндеги суу менен жабдуу тутумдарынын абалына жана модернизациялоо үчүн инвестиция-лардын көлөмүнө баалоо жүргүзүү жана анын негизинде реабилитациялоо жана аларды коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо программаларын иштеп чыгуу | Эсептөөнү жана талдоону түзүү | - | ДБ, ЮНИСЕФ 2,469 | Курулуш агенттиги, ЮНИСЕФ, БИМ, АРИС (макулдашуу боюнча) | Иш жүргүзүү жана аларды бүтүрүү | - | Талдоонун натыйжалары боюнча отчет | ||
5 | СКжССЧ чөйрөсүндө кадрдык потенциалды чыңдоо | 5.1. Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде мониторинг жүргүзүү бөлүмүн түзүү | - | - | - | Курулуш агенттиги, ФМ | Түзүлдү | _ |
| |
| 5.2. Бишкек жана Ош шаарларында кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча республикалык окутуу борборлорун түзүү
| - | 9,31 | ПРООН | Курулуш агенттиги, БИМ | 2 респу-блика-лык окуу борбору |
| Кадрлардын квалифика-циясын жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз курстар өткөрүлүүчү окуу борбору түзүлгөн | ||
3-артыкчылык. СКжССЧ кызматтарынын финансы-экономикалык туруктуулугу | ||||||||||
6 | Инвестиция-ларды тартуу боюнча шарттарды түзүү | 6.1. Капиталдык салымдардагы керектөөлөргө жана финансы-экономикалык эсептерге баалоо жүргүзүү | Финансы-экономикалык эсептөөлөр, инвести-циядагы болжолдор жана керектөөлөр | - | ДБ 2,519 | Курулуш агенттиги, АРИС (макулдашуу боюнча) | 1 баа |
| Кыска жана узак мөөнөттүү перспекти-вадагы инвести-циялардагы керектөөлөр аныкталды | |
| СКжССЧ секторун инвестиция-лоонун улуттук планын/про-граммасын иштеп чыгуу | Инвестиция-лардын программасы | - | ДБ 3,074 | Курулуш агенттиги, АРИС (макулдашуу боюнча) | 1 про- грамма |
| Инвести-циялардын улуттук планы/ СКжССЧ секторунун финансылык модели иштелип чыкты жана кабыл алынды | ||
7 | СКжССЧ кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн финансылык туруктуулугун камсыздоо | СКжССЧ кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн мурдагы мамлекеттик ишканалардан калган финансылык карыздарын эсептен чыгаруу | эсептен чыгарылган карыздын суммасы, 2) карыздан бошотулган ишканалардын саны, 3) Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | - | - |
| Бүтүрүү | - | СКжССЧ кызматтарын көрсөтүү-чүлөрдүн карыздары эсептен чыгарылды | |
4-артыкчылык. СКжCCЧ секторунда ачыктыкты, ишенимди жана отчеттуулукту күчөтүү | ||||||||||
8
| СКжССЧ секторунда улуттук маалымат базасын түзүү
| Улуттук маалымат базасын жана геомаалыматтык тутум (ГМТ) интерфейсин түзүү. Маалымат базаларынын мындан аркы туруктуулугун камсыздоо, маалыматты үзгүлтүксүз топтоо жана жаңылоо тутумун жөндөө |
| - | ДБ 1, 512 | Курулуш агенттиги, АРИС (макулдашуу боюнча) | Түзүлдү | - | Геомаалы-маттык тутум (ГМТ) интерфейси менен маалымат базасы түзүлдү жана жайгашты-рылды | |
9 | Мамлекеттик программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү | Коомдук публикациялар жана социалдык мониторинг жүргүзүү үчүн ИСКССЧӨД-нын веб-сайтын иштеп чыгуу | Колдонуудагы тутум | - | ПРООН 2, 469 | Курулуш агенттиги | Веб-сайт | - | Веб-сайттын туруктуу иштөөсү | |
5-артыкчылык. Техникалык стандарттарды оптималдаштыруу | ||||||||||
10 | Заманбап жана пайдалуу техникалык чечимдерди сунуштоо | 10.1. Долбоорлоо жана курулуш ченемдерин иликтөө, СКжССЧ тутумдарынын дизайндарын иштеп чыгууга карата келечектеги техникалык мамиле үчүн сунуштарды иштеп чыгуу | Сапат боюнча талаптарга жооп берген жыйынтык отчет | - | АӨБ 2, 427 | Курулуш агенттиги | Отчет | - | Отчет | |
| 10.2. Техникалык семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүү (2 жылдын аралыгында ар бир 2 ай сайын)
| Семинарлар-дын жана окутулган адистердин саны | - | АӨБ 2, 427 | Курулуш агенттиги, АРИС (макулдашуу боюнча) | 24 семи- нар | - | Оң маанидеги кайра байланыш | ||
| 10.3. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдары боюнча колдонмону иштеп чыгуу жана басып чыгаруу | Сапат боюнча талаптарга жооп берген жыйынтык отчет | - | АӨБ 2, 448 | Курулуш агенттиги | Даярдоо жана чыгаруу | - | Көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу | ||
| 10.4. Эл аралык окутуучу турлардын 2 программасы үчүн сунуштарды даярдоо жана аларды өткөрүүгө кетүүчү чыгымдар | Ийгиликтүү окутуучу турлар | - | АӨБ 1, 937 | Курулуш агенттиги | 4 тур | - | Окутуучу турлардын натыйжалары практикада колдонулат | ||
Бардыгы |
| 2 189,21 | 13 226,725 |
|
|
|
| |||
Кыскартуулардын тизмеси:
СКжССЧ – Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу;
МФ – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
МЭ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
БИМ – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
Геология агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги;
Токой агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги;
АӨБ - Азия Өнүктүрүү банкы;
ДБ - Дүйнөлүк банк;
ЕБРР - Европалык өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы;
ЖӨБО - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
АРИС - Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги;
ДСД – долбоорлоо- сметалык документтер;
ЧУА – ченемдик укуктук акт;
ИСКССЧӨД – Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти;
ТЭН - Техникалык-экономикалык негиздеме;
ЮНИСЕФ – БУУнун Балдар фонду;
ЖКЖЧ – жол берилген концентрациянын жеткен чеги;
ГМТ – геомаалыматтык тутум.
Эскертүү: 5-6 - графаларда көрсөтүлгөн Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттарынын булактары инвесторлор-банк тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча аныкталган.