Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
2016-жылдын 20-январы № 5
Чаек айыл аймагынын Актатыр айылынын “Ынтымак” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндө
21.02.2005-жылдагы Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын кошундары жөнүндөгү” № 36-мыйзамдын негизинде Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымык” жамаатын юридикалык каттоого алуу жөнүндөгү арызын жана жамааттын уставын жамааттык уюмду түзүүчүлөрдүн жалпы жыйындарынын токтомдорун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымак” жамааты төмөндөгү маалыматтар менен каттоого алынсын.
Жамааттын айылдык Кеңештеги каттоо №____
Уюштуруу укуктук формасы Жамаат
Менчик түрү: Жеке
Юридикалык дареги: Актатыр айылы, Чаек айыл аймагы, Жумгал району
Жамааттын төрагасы: Отунчиева Динара Эсенбековна
2. Кабыл алынган уставдын негизинде иш алып баруу Чаек айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн “Ынтымак” жамаатына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Чаек айылдык кеӊешинин төрагасы: |
А.Ж Бөдөнбеков
|