Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI cессиясы
2016-жылдын 13-июну № 6
Чоң-Алай районундагы кызыл китепке кирген жан-жаныбарларды коргоо максатында мораторий жарыялоо жөнүндө
Чоң-Алай районунда жашаган жан-жаныбарларга мораторий киргизүү жөнүндө сунушун депутаттар угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу аймактагы жашаган эң баалуу болгон жаныбарлардын жабыркап жоголуп кетүү коркунучуна кептелип тургандыгына байланыштуу атап айтканда Илбирс, Аюу, Тоо эчкилери, Аркар, Сүлөөсүн, Кундуз, Ителги, Бүркүт, Фарель балыктары жана башка жаныбарлардын кырылып жок болуп кетүүсүн сактап калуу максатында 3 жылга мораторий жарыялансын.
2. Жаратылыштын жан-жаныбарларын коргоого тиешеси бар мекеме ишканалар менен тыгыз бирдикте мыйзамдын негизинде иш алып баруусу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы М.Сапаралиевке милдеттендирилсин.
3. Мораторий боюнча түздөн-түз иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле жаратылышты коргоо боюнча айыл аймагына атайын дайындалган өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жана баа берүү укугуна ээ болгон комиссия курамы № 1 тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |
| Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин № ___токтомунун № 1 тиркемеси |
Сапаралиев Мирлан – Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы,
комиссиянын төрагасы.
Акунбаев Жусуп - Кашка-Суу айылынын тургуну, комиссиянын
төрагасынын орун басары.
Мүчөлөрү:
Алимбеков Мамыт - Кашка-Суу айылынын тургуну
Асанов Сапарали - Кашка-Суу айылынын тургуну
Мырзамаматов Сулайман - Ачык-Суу айылынын тургуну
Мамараимов Кубаныч - Кашка-Суу айылынын тургуну
Гайыпов Абдылак - Кашка-Суу айылынын тургуну
Баапов Айбек - Кара-Кабак айылынын тургуну
Төрөев Алтынбек - Кара-Кабак айылынын тургуну
Ботобаев Анаргазы - Кабык айылынын тургуну
Шералиев Абыл - Ачык-Суу айылынын тургуну
Нармаматов Абдыкадыр - Бурган-Сууайылынын тургуну
Кайдакбаев Касым - Жайылма айылынын тургуну
Кыпчакбаев Зиябидин - Жайылма айылынын тургуну
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н. Маматаипов |