Редакцияот 19.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 19-январы № 26/1

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылга карата иш планын түзүү жөнүндө

Семиз-Бел айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин  2016-жылга карата түзүлгөн иш планын окуп, таанышып Семиз-Бел айылдык Кеңешинин регламентинин 3-бөлүгүнүн 9-главасына ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жыл үчүн иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет)

2. Бекитилген иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Өмүровага милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Букамбаев

 

 

Семиз-Бел айылдык Кеңешинин

Кезексиз XXVI - сессиясынын

19-январь 2016-жылдагы №26/1

токтомуна тиркеме

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2016-жылга карата иш планы:

 

№

Каралуучу маселелер

Аткарууга жооптуулар

Даярдоого жооптуулар

I -квартал

1

2014-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылга жергиликтүү бюджетти  бекитүү жөнүндө

ФЭБ башчысы А.Касымова

Туруктуу комиссия,ФЭБ бөлүмү

4

Семиз-Бел айыл аймагындагы жер участокторунун пайдаланышы, жана бөлүнүшү  жөнүндө 

 Айыл өкмөт башчысы,

жер адиси

туруктуу комиссия

II -квартал

1

Ветеринардык тейлөө адисинин калк арасында мал чарбасындагы малдын жугуучу ооруларын алдын алуу жана жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө

Ветеринардык адис М.Исаев

Вет сервис

Ө. Исаков

туруктуу комиссия

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ФАП башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө

ФАП башчылары

Туруктуу комиссия

 

Жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетинин аткарылшы жана 2016-жылга бюджетин  бекитүү жөнүндө

Жайыт комитети

туруктуу комиссия

2

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштеринин жүрүшү жөнүндө

айыл өкмөтүнүн башчысы,айыл башчылар

Туруктуу комиссия

III -квартал

1

Мектептердин  кышка карата даярдыктарын бүткөрүлүшү жөнүндө

ФЭБ башчысы,

мектеп директору

туруктуу  комиссия

2

Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб, китепкана башчыларынын  аткарган иштери жөнүндө

Клуб, китепкана башчылары

туруктуу комиссия

IV -квартал

1

Семиз-Бел айыл аймагыны айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин 2016-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету

айыл өкмөтүнүң башчысы, өкмөтүнүн аппарты

туруктуу  комиссия

2

Жайыт  комитетинин 2016-жылга карата жүргүзгөн  иштери жөнүндө

Жайыт комитетинин төрагасы

туруктуу  комиссия