Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-1
Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндө
Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү эске алынсын. (Билдирүү тиркелет)
2. Ноокат шаарынын 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын мөөнөтүндө аткарылышы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |
| Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы кезектеги IV чакырылыш XXXVII сессиясынын №- XXXVII-1 токтомуна №1 тиркеме. |
Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылдын 6 (алты) айы үчүн бекитилген бюджетинин планы киреше болугу 23 449,1 миң сомду түзөт. Ал эми 6 (алты) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 27432,7 миң сомду түзду. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 6 (алты) айга бекитилген планы 23449,1 миң сом болсо, 6 (алты) ай ичинде 27216,4 миң сом же болбосо 3 767,3 миң сомго көп аткарылды.
1. Атап айтсак, киреше салык планы 6541,1 миң сом болсо, аткарылганы 7635,3 миң сомду түзүп, план 1094,2 миң сомго көп, же 116,7% га аткарылды.
2. Бирдиктүү салык планы 112,2 миң сом болсо, аткарылганы 197,8 миң сомду түзүп, план 176,3% га, же 85,6 миң сомго көп аткарылды.
3. Патенттен тушкон салык планы 6987,1 миң сом болсо, аткарылганы 7356,7 миң сомду түзүп, план 369,6 миң сомго көп, же 105,3% га аткарылды.
4. Кыймылсыз мулк салыгы 738,3 миң сом болсо, аткарылганы 783,5 миң сомду түзүп, план 106,1% га, же 45,2 миң сомго көп аткарылды.
5. Транспорт салыгы планы 412,0 миң сом болсо, аткарылганы 1001,5 миң сомду түзүп, план 243,1% га, же 589,5 миң сомго көп аткарылды.
6. Сатуудан тушкон салык планы 4437,6 миң сом болсо, аткарылганы 5177,7 миң сомду түзүп, план 116,7% га, же 740,1 миң сомго көп аткарылды.
7. Таштанды ташып чыгаруу салык планы 157,0 миң сом болсо, аткарылганы 212,8 миң сомду түзүп, план 135,5% га, же 55,5 миң сомго көп аткарылды.
8. Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 238,1 миң сом болсо, аткарылганы 52,5 миң сомду түзүп, план 22,0 % га, же 185,6 миң сомго кем аткарылды.
9. Авто токтоочу жайдан (порковкадан) алынуучу салык 500,0 миң сом болсо аткарылганы 436,3 миң сомду тузуп, план 87,3 % га же 63,7 миң сомго кем аткарылды.
2015-жылдын 6 айына жалпы тушкон киреше 22766,9 миң сом болсо 2016-жылдын 6 айында тушкон жалпы киреше 27216,4 миң сом болду 2015-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке 119,5 % көп же 4449,4 миң сомго киреше көп түштү.
Чыгаша болугу боюнча айтсам 2016-жылдын 6 айына 23449,1 миң сом болуп 2016-жылдын 1-январына калган калдык 3983,6 миң сом болуп жалпы 6 айда 27432,7 миң сомго план такталган.
Аткарылганы:
701 бөлүм Өзүн өзү башкаруу тармагы 81,0 % га аткарылды
706 бөлүм Коммунальдык чарба бөлүмү 71,2 % аткарылды
708 бөлүм Маданият тармагы 66,9 % аткарылды
709бөлүм Билим берүү тармагы 33,7 % аткарылды
710 бөлүм Социалдык коргоо тармагы 83,1 % аткарылды
Жалпы 51,0 % аткарылды. Чыгаша бөлүгүнүн аз аткарылган себеби билим берүү тармагындагы көмүр алуу ремонттору каникул убагында башталганы жана жолдорго асфальттарды эми басып жаткандыгына байланыштуу.
Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика башчысы: |
М.Абдурасулов |