АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН
2017-жылдын 30-мартындагы № 22 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-апрели № 15
КРнын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 “ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүнүн жана штатык санын бекитүү жөнүндө № токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомун жетекчиликке алып. Ак-Дөбө айлдык аймагынын башчысы Ө.Батырбековдун билдирүүсүн угуп Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап Эл депутаттарынын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын V кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл кенеши тарабынан кабыл алынган 2016-жылдын 22-январындагы № 07 сандуу токтомго толуктоо киризилсин, штаттык бирдикте бекитилген кызматкерлер К.Р. 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 мыйзамынын 18-беренеде, 20-беренеде Кыргыз Республикасынын конституциясынын 113 беренесинин К.Р. жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдардын негизинде иш алып барышсын.
2. Ак-Добо айыл кенеши тарабынан кабыл алынган 2015-жылдын 28-апрелиндеги № 27сандуу токтом жокко чыгарлсын.
3.Токтомдун аткаруу жагы Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ө.Батырбековго жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Джанчикулов |