Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы № 5-4
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2018-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен бекитүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2018-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү өткөрүлгөн коомдук угууларда айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, " Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү" мыйзамынын 4 бөлүмүннүн 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл аймагында өткөрүлгөн 2016-жылдыынн 20- февралындагы коомдук угуунун №1 протоколу колдоого алынып жактырылсын.
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2018-жылдарга карата стратегиялык планы өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен кошо бекитилсин.(тиркелет)
3. Ушул кабыл алынган пландарга ылайык иш алып баруу жагыы Көк-Жар айыл өкмөтунө тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |
Стратегиялык план
КИРИШ СӨЗ
Ушул стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн негизги максаты жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда айылдарды өнүктүрүүгө багытталып, конкиреттүү такталган, сандык жагынан белгиленген комплекстүү программаны иштеп чыгуу. Бул өнүгүүнүн стратегиялык планы айыл айылдарда талкууланып, айылдык кенештин сессиясында депутаттар тарабынан каралып, андан кийин жалпы коомдук угууга коюлган. Өнүгүүнүн стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү анын миссиясы жана келечекти көрө билүүсүн аныктоо, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органына өнүгүүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга көмөктөшөт.
Бул иштелип чыккан документ Көк-Жар айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга “Аймакты өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын” туруктуу өнүгүүнүн 2013-2017-жылдарга Улуттук стратегиясынын, КР ЖК бекитилген КРнын туруктуу өнүгүүгү өтүү Планы жана Программаларынын, КР Өкмөтү тарабынан бекитилген жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү Программаларынын негизинде түзүлгөн.
Стратегиялык пландын негизги максаттары жана тапшырмалары.
Башкаруу – бул белгилуу максатка жетүүнү көздөгөн пландаштыруу, уюштуруу, ынгайлашуу жана көзөмөлдөө процесси болуп саналат.
Пландаштыруу башкаруунун негизги функцияларынын бири жана максатка жетүүнүн милдеттеринин этап-этап менен аткаруу, турмушка ашыруунун механизми. Эффективдуу пландоосуз жакшы башкаруу мүмкүн эмес, а демек максатка жетүүнүн сапаты да эффективдуу болбойт. «Башкаруу» түшүнүгү жергиликтуу өзүн өзү башкаруу органында анын максатын гана аныктабастан, Мыйзамдын негизиндеги анын формасын да кошо камтыйт.
Стратегиянын негизги багыттары:
Бул өнүгүүнүн социалдык-экономикалык программасы – жергиликтүү жамааттардын экономикалык, ошондой эле социалдык маданий механизмдердин этаптуу өнүгүүсүнө түрткү болуп саналат жана төмөнкү багыттарды иштеп чыккан:
- Айыл жашоочуларынын жашоосуна таасир эткен себептерди аныктоо.
- Аял жана эркектердин тен катышуусу аркылуу ишке ашкан маселелерди изилдеп тактоо.
- Айыл жашоочуларынын негизги керектоолорун изилдеп үйрөнүү.
Стратегиянын принциптери:
- Райондук, аймактык, улуттук социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын максаттары менен айкалыштыруу;
- Көк-Жар айыл аймагын туруктуу өнүктүрүү, атаандаштыкка туруштук бере алган, стабилдүү жогорулаган экономика түзүүчү багыттарды аныктоо, жарандардын жана мамлекеттик органдардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чарбаны жана экономиканы эффективдүү башкаруу ыкмаларын аныктоо;
- Жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга, жакырчылыктан алып чыгууга, жана керектүүлөрүн чечүүгө багытталган аймактын план-программаларын түзүү;
- Ачык-айкындуулук жана Стратегияны ишке ашырууну бардык кызыктар тараптарга жеткиликтүү кылуу;
- Жарандар алдында ачык-айкындуулук жана отчеттуулук.
Туруктуу Өнүктүрүүнүн Стратегиясы жарандардын приоритеттерин ишке ашыруу үчүн максаттуу долбоорлорду камтыган өнүгүү ыкмасына негизделген.
Стратегияны иштеп чыгуу үчүн айылдык кеңештин депутаттарынан, айыл өкмөтүнүн аппаратынан, жергиликтүү коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, жергиликтуу активисттерден, жеке ишкерлерден турган атайын буйрук менен бекитилген топ түзүлдү.
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунунун азыркы күндөгү социалдык-экономикалы абалы.
1.1 Географиялык жайгашуусу:
Көк-Жар айыл аймагы Ош областынын борборунан чыгыштан батыш тарапка 64 км алыстыкта ал эми Ноокат районунун боборунан чыгыштан батыш тарапка 24 км алыстыкта жайгашкан.
Көк-Жар айыл аймагы батыштан Он-Экибел айыл өкмөтү, түштүгүнөн Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтү, чыгышынан Бел айыл өкмөтү, түндүгүнөн Араван району, тундук батышынан Найман айыл өкмөтү менен чектешет. Жалпы аянты 187,48 мин чарчы километр, айыл аймагы 6 айылдан турат, Айыл аймагынын борбору болуп Көк-Жар айылы эсептелет.
Жакынкы темир жол станциясынан алыстыгы 25 км, жакынкы аэропорттун аралыгыда 30 км болуп Кызыл-Кыя шаарына чейин келген.
Территориясынын жалпы аянты 14кв км. Жеринин рельефи аралаш. Айыл өкмөтүнүн маданиятынын, социалдык абалынын жана экономикасынын өнүгүшүнө жер шартынын географиялык абалы ынгайлашкан.
1.2. Климаттык шарттары:
Райондун рельефинде адырлуу тоо этектери жана тоо аралык депрессиялар басымдуу. Көк-Жар айыл аймагы (дениз денгээлинен бийиктиги 1275 м). Климаты континенттүү. Жайы ысык, кургакчыл, кышы анча суук эмес, кар аз жаайт. Айыл өкмөтүнүн аймагында январь айынын орточо температурасы -2,60С, июль айынын температурасы +24,40С, Жылдык орточо жаан-чачыны 270-300 мм. Көк-Жар айылдык аймагынан Чили-Сай, Апшырсай суулары агып өтөт.
Табигий шарты айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көпчүлүк түрлөрүн өстүрүүгө ынгайлуу. Өзгөчө буудай, картошка, жугору, тамеки жана жашылча жемиштерди, мөмө берүүчү дарактардан алма, өрүк, шабдаалы, алчадан жакшы тушум алууга болот.
1.3. Жер жана суу ресурсдары:
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 16 107га, ал эми айыл чарба багытындагы жерлер 14 162га га, айдоо аянты 3 298га, анын ичинен 1 429га сугат айдоо, кайрак айдоо аянттары 1869га, чоп орунду жок, бак 125 га ды түзөт. Ошондойт эле 5 460га жайыт жерлер бар.
Аймактын негизги жер ресурсдары:
| Үлүш |
| ФПС |
Жалпы аянты | 2804 |
| 619 |
Айдоо аянты | 2705 |
| 593 |
Суулуу | 1271 |
| 158 |
Кайрак | 1434 |
| 435 |
|
|
|
|
Бак | 99 |
| 24 |
чөп чабынды | 0 |
| 0 |
Сугат суу ресурсдарын башкаруу боюнча “Абшыр-Таңы” СПА тузулгон. Негизги сугат суусун Чили сайынан жана “Абшыр-Ата” каналынан алынып келинет. Аймакта сугат суу башка аймактардан алынып келингендиктен, суу беруучу каналдардын акырында жайгашкандыктан сугат суу толук жетишпейт.
Ичуучу суу ресурсдары башкаруу үчүн “Тешик-Таш” ИСКАКБ таза суу пайдалануучулардын коомдук уюму түзүлгөн. Таза суу менен айылдар 46% камсыз болушкан.
1.4. Демографиялык көрсөткүчтөр жана эмгек ресурстары.
Калкынын саны 20 350 адам жашайт, анын ичиен 10 144 эркектер, 10 206 аялдар, ал эми кожолуктардын саны 3535. Акыркы 5 жылга салыштырмалуу калктын саны 5,2 % га өскөндүгү байкалат. Бирок ошол эле учурда сыртка миграцияга чыгып кетип жаткандардын саны да жогору, болжол менен 2 500 адамды түзөт.
Бүгүнкү күндөгү калктын 61% эмгекке (12 414 адам) жарамдуу курактагы адамдар. Калктын 22% жогорку, атайын орто билимдүүлөр. Анын ичинен кесиби боюнча педагогдор, экономист-бухгалтер, банк иши, юристтер, медицина адистери жетиштуу санда. Ал эми айыл ичинде керектуу, бирок аз сандагы кесиптер айыл чарба кызматкерлери, ветеринардык врачтар, гидротехник, инженер-куруучулар.
Жаш курактары боюнча:
0 жаштан 15 жашка чейинкилер 6 638, 16 жаштан 17 жашка чейинкилер 855, 17 жаштан 62 жашка чейинкилер 11 533, 63 жаштан жогоркулар – 1 324 адам. Томондогу диаграмма корсотуп тургандай калктын 61% болугу эмгекке жарамдуу курактагылар тузот.
1.5. Калкка мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтардын жеткиликтуулугу:
Билим берүү:
Айыл аймакта жалпысы болуп 8 орто мектеп, анын ичинен 5 орто мектеп, 2 толук эмес орто мектеп, 1 башталгыч мектеп,1 музыкалык мектеп, 7 мектепке чейинки билим беруучу мекеме иштейт. 2015-окуу жылына окуучулардын саны 3295ке жетти, ал эми мектепке чейинки билим беруу мекемелеринин тарбиялануучулардын саны 420. Жогорудагы маалыматтар көрсөткөндөй Көк-Жар айыл аймагында калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу мектептерде жана балдар бакчаларында орун жетишпейт. Мектептерде балдар 2 сменада окушат, ал эми балдар бакчаларында болсо орун жетишпей көпчүлүк балдар үйүндө тарбия алып жатышат. Сарыкаңды айылына балдар бакчасынын жоктугунан, эски эле чайхананы балдар бакчасы кылып алышкан. Аталган “Ак- шоола” балдар бакчасы 50 орунга ылайыкташтырлса, бугунку кундо 70 тен ашуун балдар бала бакчасынын кичинелигине байланыштуу мектепке чейин билим ала албай жатышат.
Билим беруу тармагындагы негизги жетишсиздиктер:
1. Мектепке чейинки мекемелердеги орундардын жетишсиздиги;
2. Мектептерде орундар жетишпейт;
3. Билим беруу мекемелеринин инфраструктурасы жакшыртууну талап кылат;
4. Кээ бир предметтерден мугалимдердин жетишсиздиги;
5. Окуу китептери жетишпейт;
Маданият тармагында айыл аймакта союз учурунда курулган стандарттуу 1 маданият уйу, 1 айылдык клуб, 2 айылдык китепкана кызмат көрсөтүп келет.
Бирок маданият обөектилеринин баарына капиталдык ремонт талап кылынат.
Айыл аймагыбызда музейдин жоктугу таарыхыбыздагы баатыр инсандардын, баалуу буюмдардын бааланбай келе жаткандыгына себеп болууда. Эгер музей курулган болсо, элибиздин сапаттуу баалуу таарыхый буюмдарын алып орнотсок, жаштарыбызга таарыхты үйрөнүүгө түрткү болуп, басып өткөн жолубузду үйрөнүүгө кызыгуулары артмак.
Саламаттыкты сактоо тармагында аймакта 2 ооруукана, 5 ФАП, 2 жеке менчик даарыканалар иштейт. Орточо эсеп менен бир медициналык кызматкерге 500-600 адамды тейлөөгө туура келет. Айылдын жашоочуларынын санына салыштырмалуу үй-бүлөлүк врачтар, даарыканалар жетишпейт.
Каранай айылыбыздан башка бардык айылдарга ФАП курулган. Аталган айыл борбордук ооруканага жакын болгондуктан ФАП курулбай калган. Бирок бүгүнкү күндө калктын саны өсүп, жаңы конуштар түшүп, борбордук оорукана алыс болуп жатат. 2015- жылы Сарыкаңды айылына АРИС тарабынан заманбап ФАП курулуп берилген болчу. Каранай айылына да ошондой ФАП курулса элибиздин ден-соолугуна кам көргөн болот элек.
1.6. Турак-жай чарбасы, айылдарды көрктөндүрүү
Жалпысынан айыл аймакта 3 535 кожолук бар, ошондой эле турак-жай салуу учун 1200 кожолуктар арызы менен кезекте турушат. Турак жайларды ынгайлаштыруу үчүн ичүүчу суу, жолдорду ремонттоо, электр линияларын тартуу, жаны электр транформаторлорун орнотуу, коомдук жайларды жашылдандыруу боюнча бир топ иштерди аткаруу керек.
Жергиликтуу бюджеттин эсебинен айылдарды көрктөндүрүүгө, жолдорду ондоо, тазалоо-актоо, гүлдөрдү, дарактарды өстүрүүгө бөлүнүүчү бюджеттин көлөмү көбөйүүдө. Ошондой эле мындай иштер жергиликтуу жамааттын салымы менен дагы ишке ашырылып жатат.
2. Аймактын көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору.
Айыл аймагында айдоо жерлери көп, бирок натыйжалуу иштетилбей жатат.
-Айыл аймагында айдоо жерлерди натыйжалуу пайдалануу менен өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапатын жакшыртуу жана алардын көлөмүн арттыруу;
2. Элдерди жумуш орду менен камсыз кылуу, бюджетти көбөйтүү:
- Кошумча өнөр жай ишканарын ачуу менен бир катарда токтоп турган ишканаларды жандандыруу жана өнөр жай ишканаларынын продукцияларынын көлөмүн көбөйтүүгө жетишүү.
3. Бюджетти жогорулатып, дотациядан чыгуу, өзүн-өзү камсыздоо.
-Айыл аймагынын киреше булактарын көбөйтүү чараларын көрүү менен өзүн-өзү камсыздоонун көрсөткүчтөрүн жогорулатууга жетишүү;
- Айыл чарба продукцияларнын кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу, тоо кен тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдөн кеңири пайдалануу жолу менен кошумча жумушчу орундарды түзүүгө жетишүү.
4. Айылдардын инфратруктурасын (жол, таза суу менен жабдуу ж.б)
- Айылдагы жаңы конуштарды таза суу резервуарларын чоңойтуп таза суу менен камсыз кылуу. Демөөрчүлөрдүн санын арттырып жолдорго шагыл төшөө.
5.Соода жана тейлөө маданиятын жогорулатуу.
- Борбордук базарды кеңейтип, соода-сатык түйүндөрүн көбөйтүү, элдердин бардык муктаждыктарын камсыз кылуу.
-Ички жана тышкы инвестициаларды тартуунун көлөмүн арттыруу.
-Эс алуучу жайлардын инфраструктурасын жакшыртуу.
6. Мектептердин жана мектепке чейтинки мекемелердин базаларын чыңдоо.
- Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, тарбиялык иштердин жана балдардын билим деңгээлин көтөрүүнүн чараларын көрүү.
- Эски мектептердин ордуна заманбап мектептерди, балдар бакчаларын куруу.
3. Туруктуу өнүгүүнүн стратегиялык максаттары багыттары:
- 2017-жылга Көк-Жар айыл аймагы жергиликтуу бийлик, коомчулук жана бизнес чөйрөсүнүн ортосунда шериктештик орнотулуп, мамлекеттик орто билим алуу учун жеткиликтуу шарт түзүү жана калктын жашоо денгээлин орточо денгээлине жеткирүү.
- Элдин 70%ын жумуш менен камсыз кылүү жана баалуу сырьелорду иштетүү үчүн цемент зовод куруу иштерин уюштуруу, коюлган максатка жетүү.
- 5 жылдан кийин өзүн-өзү каржылаган, чарбалык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн өнүктүрүү программалары жолго коюлган, аймактагы социалдык инфраструктуранын негизги көйгөйлөрү чечилген аймак болууга жетишүү.
- 20 жылдан кийин Көк-Жар айыл аймагы калктын негизги бөлүгүн жумуш менен камсыз кылган бизнес жана өндүрүш тармактары өнүккөн, мамлекеттик жана жиргиликтуу бийликтин кызматтары элдин талабына жооп берген шаар тибиндеги аймагына жеткируу.
- Айыл аймагындагы жаңы конуштардын турак жай менен камсыз болуусу үчүн шарт түзүү, борбордук базарды чоңойтуп бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү.
Бул коюлган максаттарга жетуу учун аймактын географиялык, экономикалык, социалдык өзгөчөлүктөрүн эске алган, башка мамлекеттик программалар менен шайкеш келген жергиликтуу максаттуу программаларды иштеп чыгуу.
Бул стратегиялык максаттар ар бир багыт учун тузулгон программаларды камтыган, жергиликтуу тургундардын ой-пикирлерин, керектоолорун эске алган долбоорлордон турат. Бул программаларды иштеп чыгуу учун “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана АРИС тин АИД-3 долбоорунун талаптарынын негизинде томонку иш чаралар өткөрүлдү:
- Ар бир айылдарда маалымат жыйындары откорулуп, жумушчу топтун мучолору тандалып алынды;
- Айылдардын чогулуштарынын чечиминин негизинде АО буйругу менен 7 мүчөдөн турган жумушчу топ түзүлдү;
- Ар бир айылдарда 5 түрдүү фокус-топтор откорулуп, жер-жерлердин койгойлору эл менен биргеликте аныкталып, АО денгээлинде койгойлор приоритетештирилди;
- АА стратегиялык онугуу планын иштеп чыгуу учун коомчулуктун, айыл окмотунун кызматкерлери, АА депутаттары үчүн окуулардан отушуп, жыйынтыгында ушул документ даярдалып чыгылды;
№1 приоритет: Аймактагы мектепке чейинки жаштагы балдарга жеткиликтүү тарбия алуусу учун жогорку деңгээлде шарт түзүү.
Айыл аймакта 5 орто мектеп, 2 толук эмес орто жана 1 башталгыч мектеп, 7 мектепке чейинки билим беруучу мекеме иштейт. 2015-окуу жылына окуучулардын саны 3 295 ке жетти. Айыл аймактагы копчулук мектептер 60-70-жылдары курулуп, ошол убактагы элдин санына ылайыкташкан. Ошону менен эле бирге балдар бакчаларыда эскилиги жетип, жаш балдардын саны көбөйүп, бала бакчаларында саналуу гана балдар тарбия алып жатышат. Бир айылга бир мектеп, бир балдар бакчасы жетишсиз болуп жатат. Бугунку кундо тургундардын саны осуудо. Мисалга Сарыкаңды айылында 2010-жылы 990 болсо, азыркы 2015-жылга карата 3315 жеткен. Бул айылда аргасыздан эле эски чайхананы балдар бакчасы кылып ачышкан, бирок заманбап шарты жок, 50 эле бала тарбия алат, калган 60 ашуун балдар мектепке чейин билим ала албай жатышат. Жыл башынан жаңы группаларга ата-энелер талашып жатып балдарын кошуп жатышат. Айласыз калгандар балдарын шаардагы балдар бакчаларына алып барууга туура келип жатат.
Аймактагы билим беруу тармагындагы эн чон койгойлордун биринчиси Сарыкаңды айылындагы балдар бакчасынын имараты, бүгүнкү күндөгү абалы авариялык болуп, капиталдык жаны курулуш зарыл.
Бүгүнкү кундө ушундай шарттагы бала бакчада 50 дөн ашуун бала тарбияланып, 5 тарбиячы эмгектенет. Айылдагы жаны конуштардын жашоочуларынын саны өскөнгө байланыштуу жакынкы келечекте мектепте жана балдар бакчаларында орундар жетишсиз болуп калат.
Бул участкада балдар бакчасын жаңыдан салуу койгойу 10 жылдан бери эле которулуп келе жатат. Бугунку кундо имарат учун жер чечим чыгарылган. Долбоордун баасы алдын ала эсептоолор боюнча 25млн. сом эсептелинди.
Бул приоритетти ишке ашыруу учун томонку иш-чаралар пландаштырылды:
№ | Милдеттери: | Иш-чаралар | Мөөнөтү |
1 | Сарыкаңды айылына 120 орундуу балдар бакчасын куруу | - Тех.жана долбоордук документтерди даярдоо; - Жергиликтуу бюджеттен каражат болуштуруу; - Курулуштун ордун даярдоо иштерине элди уюштуруу; -Курулушту козомолдоо; | - 2015-жылдын бюджеттинен 500мин сом каралган, 150 мин сом эл чогултууга макул болду. |
2 | Көк-Жар айылындагы эс алуу багын реаблитациялоо | - Сметалык баасын эсептеп чыгуу; -Жергиликтуу бюджеттен каржат болуштуруу; | 2017-жыл |
3 | Айыл округдун аймагындагы балдар бакчаларынын алдына балдар ойноочу аянтчаларды куруу | - Бакча учун имарат табуу, куруу - Ички эмерек-жабдуулары учун долбоорлорго кайрылуу, жергиликтуу ата-энелер менен суйлошуу; - Бакчаларды мамлекеттик бюджетке киргизүү; | 2016-2017-жылдар (стим.грант) |
4 | Мугалимдерге, окуучуларга колдоо көрсөтүү | - Окуунун алдынкы окуучуларга, алардын мугалимдерине, конкурстардын, олимпиадалардын женуучулоруно сыйлыктарды уюштуруу | - Ар жыл сайын бюджеттен каражат бөлүштүрүү |
№2 приоритет:
Айыл аймагында багбанчылык жана дыйканчылык боюнча айыл тургундарына шарт түзүп берүү, аларды колдоо.
Бул багыттын приоритеттуу болуп чыгышынын себеби аймакта бак, айыл чарба жер ресурсдары жетиштуу. Үлүш жерлер райондогу башка аймактарга салыштырмалуу коп болунгон (жан башына 0,11га). Аймактын климаттын шарты туштук жергесиндеги бардык мөмө-жемиштерди, жашылчаларды остурууго ынгайлуу. Бирок ондурулгон продукцияны сатуу жолго коюлган эмес, базар баасына мониторинг жургузулбойт, ошондуктан айыл чарбасынан алган кирешелер томондоп бара жатат. Аймактагы калктын 75% кирешеси айыл чарбасынан алынат. Ошол 75% калктын киресин жогорулатуу учун ушул приоритет тандалып алынды. Аймактаны айыл чарба субөектилерин саны:
№3 Приориетет: Жеке ишкерлерди колдоо, өнөр жай ишканалардын санын өстүрүү.
Бул багыттын приоритеттуу болуп чыгышынын себеби биринчиден жергиликтуу жамааттын каржылык абалын которуу, экинчиден жергиликтуу бюджетти тузуучу субөектилерди тузууго, онуктурууго, санын көбөйтүүгө шарт тузуу аркылуу бюджеттин коломун жогорулатуу. Натыйжада калктын социалдыкмаселелерин чечуу, мамлекеттик кызматтарды аймакта ишке ашырууга жарандардын мүмкүнчүлүгү жогорулайт, жергиликтүү башкарууга катышуусу жогорулайт жана социалдык койгойлорду чечуу денгээли жогорулайт. Азыркы күндө айылдык аймак ото жакыр, бюджетинин 89% мамлекеттик дотациядан алабыз.
4. Инвестиция тармагы:
Ноокат районунда акыркы жылдарда инвестиция тартууга өзгөчө мааи берилип, АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо» долбоорунун, АБРдин , ЮСАИД, ПРООН, Республикалык түрткү берүүчү ,грант, ӨКМ жана жеке ишкерлер тарабынан каржылоо иштери колго алынып алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.
Көк-Жар айыл аймагында 2013-2017- жылдар аралыгында жогоруда берилген донор уюмардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңир колдонуу менен соңиалдык обьектилердин шартын жакшыртууга жана чакан ишканаларды курууга жана коммуналдык инфраструктураны жакшыртууга багытталмакчы. 2015-2016-жылдар ичинде ири көлөмдөгү инвестиция тартуу менен айыл аймагыбызга жер семирткич жана курулуш материалдарын жана цемент иштеп чыгаруучу чоң заводдорду куруу эң негизги милдеттердин бири болуп калат.
Инвестициялык долбоолор:
№ | Долбоордун аталышы | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булактары жана көлөмү | Жалпы сметалык басы миң сом | Жаңы жумуш орду | Аткарууга жооптуулар | |
Сырткы Инв-ция | Ички Инв-ция | ||||||
1 | Көк-Жар айыл аймагына караштуу Сарыкаңды айылындагы «Ак шоола» балдар бакчасынын имаратын кайрадан куруу. | 2017-ж |
| Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер
| 25 млн | 1 | Айыл өкмөтү , жеке ишерлер |
2 | Көк-Жар айылына мал союуучу цех куруу | 2017-2018-ж.ж |
| Жеке ишкер | 450 | 5 | Айыл өкмөтү, жекек ишкерлер |
3 | Көк-Жар айылындагы эс алуу багын реаблитациялоо | 2017-2018-ж.ж |
| Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер | 150,0 | 2 | Айыл өкмөтү, жекек ишкерлер |
4 | Айылдык округдун аймагындагы балдар бакчаларынын алдына балдар ойноочу аянтчаларды, эмеректерди куруу | 2017-2018-ж.ж |
| Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер
| 360 | 12 | Айыл өкмөтү, жекек ишкерлер |
5 | Жийде айылындагы балдар бакчасынын имаратынын 1-корпусун ремонттоо | 2017-ж | түрткү берүүчү грант | Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер | 1284,0 | 7 | Айыл өкмөтү, балдар бакчасынын кызматкерлери |
6 | «Көк-Жар» гимназиялык класстары бар инновациялык мектебинин айнек листтерин жаңылоо | 2016-2017-жж |
| Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер | 3 000, | 6 | Айыл өкмөтү, айыл башчылары |
7 | Сарыкаңды жана Борбаш айылдарынын көчөлөрүнө түнкү жарыткычтарды орнотуу | 2017-2018-ж.ж |
| Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер | 50,0 | 1 | Айыл өкмөтү, айыл башчылары |
8 | Көк-Жар айыл аймагынын Көк-Жар айылына таш майдалагыч цех куруу | 2017-ж |
| Ишкерлер | 100 | 3 | Жеке ишкер |
9 | Жийде айылындагы БАМ участкасына таза суу линиясын алып келүү | 2018-ж |
| Жергиликтүү бюджет, жеке ишкерлер,элдин салымы | 250000 | 1 | Айыл өкмөтү |
10 | Таза суу системасынын Борбаш айылына резервуар куру. | 2017-ж | Борбордук Азия суу альянсы | Жергиликтүү бюджет | 15 000 000 |
| «Тешик-Таш» ИСКАКБ, айыл өкмөтү |
11 | Алашан айылындагы спорт аянтчасын ремонттоо | 2017-ж |
| Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр | 250000 | 1 | Айыл өкмөтү,айыл башчысы |
12 | Айыл өкмөтүнүн имаратынын авто унаа коюучу жайына асфальт төшөп, кооздоо | 2017- 2018-жж |
| Жергиликтүү бюджет | 1 500 000 |
| Айыл өкмөтү, |
13 | Айыл өкмөтүнүн имаратынын алды жагындагы аянтчаны акы төлөөчү автоунаа коюучу жайга айландыруу | 2017-ж |
| Жергиликтүү бюджет | 40,0 | 1 | Айыл өкмөтү, МАИ бөлүмчөсү менен биргеликте |
14 | Борбаш айылындагы эски чайкананын имаратын балдар бакчасына ылайыкташтырып кайрадан реконструкциялоо | 2017-ж |
| Жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр | 900,0 | 4 | Айыл өкмөтү, демөөрчүлөр |
15 | Каранай жана Жийде айылдарында 1300м узундуктагы эскирген таза суу түтүктөрүн жаңылоо | 2017-ж | Борбордук Азия суу боюнча альянсы | Жергиликтүү бюджет | 1572,0 | 1 | Айыл өкмөтү, |
16 | Көк-Жар айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык ремонттон чыгаруу | 2017-2018-ж.ж. |
| Крнын түрткү берүүчү гранты, Жергиликтүү бюджет | 2932887 | 1 | Айыл өкмөтү |
17 | Таза суу линиясынын резервуарын кеңейтүү, линияларды оңдоо | 2017-2018-жж | АРИС | Жергиликтүү бюджет | 3 000,0 | 1 | Айыл өкмөтү СООВП |
18 | «Көк-Жар» гимназиялык класстары бар инновациялык мектебинин жылытуу системасын ремонттоо | 2016-2017-жж |
| Крнын түрткү берүүчү гранты, Жергиликтүү бюджет | 3 000,0 |
| Айыл өкмөтү, мектеп мектеп жетекчилиги |
19 | Көк-Жар стационардык ооруканасынын канализациясын жаңылоо | 2017-2018-жж | АРИС | Жергиликтүү бюджет | 32000,0 | 1 | Айыл өкмөтү, |
20 | Сарыкаңды айылындагы спорттук аянтчаны куруу | 2017-2018-жж | АРИС | Жергиликтүү бюджет | 35000,0 | 1 | Айыл өкмөтү |
21 | Көк-Жар айылына 100 койкалуу ооруканын имаратынын курулуш иштерин баштоо | 2017-ж. |
| Республикалык бюджет | 30000 |
| Айыл өкмөтү, |
22 | Улуу-Тоо участкасына күнүнө 3000 тонна цемент иштеп чыгаруучу чоң завод уру боюнча иш-аракеттерди алып баруу | 2017-ж. | «Кыргыз цемент» ЖЧК | Жергиликтүү бюджет | 80000,0 | 300 | ЖЧК «Кыргыз цемент» ,айыл өкмөтү |
23 | Маданият орто мектебинин имаратынын курулуш иштерин улантуу боюнча тиешелүү иш-аркеттерди жүргүзүү | 2017-ж. |
| Республикалык бюджет | 6800,0 | 3 | Айыл өкмөтү, райЭББ |
23 | Каранай толук эмес орто мектебинин имаратын жаңыдан куруу иштерин республикалык бюджетке киргизүү | 2017-ж |
| Республикалык бюджет | 4500,0 | 3 | Кап.кур башкармалыгы райБББ, Айыл өкмөтү |
24 | Б. Матаипов атындагы «Алашан» орто мектебинин имаратын жаңыдан куруу боюнча иш-аракеттерди алып баруу | 2017-ж |
| Республикалык бюджет | 56000 | 3 | Кап.курулуш башкармалыгы, райБББ, Айыл өкмөтү |
25 | Борбаш айылында жайгашкан «Борбаш» орто мектебине стандарттык волейбол аянтчасын куруу | 2016-2017-жж |
| КР түрткү берүүчү гранты, жергиликтүү бюджет | 2 368 464 |
| Айыл өкмөтү, мектеп жетекчилиги |
26 | Көк-Жар айылына мөмө-жемиштерди сактоочу кампаларды куруу | 2017-ж |
| Жеке ишкер | 2000,0 | 5 | Айыл өкмөтү, жеке ишкер |
27 | Көк-Жар айыл аймагындагы скважиналарды калыбына келтирүү боюнча чет элдик инвесторлор уруниш-аракеттерди жүргүзүү | 2017-ж | Кытай жана Турция мамлекеттеринин гранты |
| 15000,0 | 9
| Айыл өкмөтү, «Абшыр Таңы» СПАсы
|
28 | Көк-Жар айыл аймагындагы айыл дегредацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү,органикалык жер семирткичтер менен байытуу багыттарында жана тамчылатып сугаруу иштерин уюштуруу боюнча ФАО менен биргеликте иш-аракеттерди жүргүзүү | 2017-ж | БУУнун долбоору |
| 3500,0 | 10 | Айыл өкмөтү, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы |
29 | Айылдардын ички жолдорун оңдоо, шагыл төшөө | 2017-ж |
| Жергиликтүү бюджет,демөөрчүлөр | 100000,0 | - | Айыл өкмөтү |
30 | Айылдардын жаңы конуштарына электр трансформаторлорун орнотуу, электр линияларын тартуу | 2017-ж |
| Жергиликтүү бюджет | 2700000,0 | 2 | Айыл өкмөтү |
31 | Сапарбаев каналын капиталдык ремонттон чыгаруу | 2017-ж | Агахан фонду | Республикалык,жергиликтүү бюджет | 9500000,0 | 20 | РУВХ, айыл өкмөтү |
32 | Мөмө- жемиштерди кургатуучу кичи цехтерди куруу | 2017-2018ж.ж |
| Жеке ишкерлер | 500,0 | 10 | Айыл өкмөтү, жеке ишкерлер |
33 | Айыл чарба продукциялары менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында күнөсканаларды курууну уюштуруу | 2017-ж | АРИС | Жеке ишкерлер | 2000,0 | 15 | Айыл өкмөтү,АРИС, жеке ишкерлер |
34 | Балык өстүрүүчү чарбаларды , бал аарычылыкты өнүктүрүү | 2017-2018-ж.ж |
| Жеке ишкерлер | 1500,0 | 3 | Айыл өкмөтү, балык уулоого кызыккандар,бал аарычылар |
35 | Көк-Жар айылындагы эс алуу сейил багына атракциондорду орнотуу,кошумча реаблитациялоо иштерин жүргүзүү | 2017-2018-ж.ж. |
| Жеке ишкерлер | 3000000,0 | 10 | Айыл өкмөтү,жеке ишкерлер |
36 | Көк-Жар айылындагы соода-сатык базарын кеңейтүү боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү | 2017-2018-ж.ж. |
| Жергиликтүү бюджет | 50000,0 | 50 | Айыл өкмөтү |
5.Стратегиялык планды ишке ашыруудагы көмөкчү каражаттар.
Жогорудагы пландарда корсотулгондой Стратегияны ишке ашыруу учун керектуу ресурсдар иш-чаралардын катышуучулары Көк-Жар айылдык окмоту, жергиликтуу жамааттар жана бизнес чойросунун окулдорунун башкаруусундагы каражаттарды биргеликте, бирдиктуу башкаруу аркылуу ишке ашырылат.
Иш-чаралар учун каражаттар жергиликтуу бюджеттен, улуттук жана регионалдык программаларды аткарууга болунгон республикалык бюджеттен, сырттан тартылуучу инвестициялардан жана жергиликтуу жамааттын салымынын эсебинен жургузулот.
Стратегиянын иш-чараларын пландоо жана каражат болуу ар бир приоритеттин долбоорлоруна оз-озунчо принциби менен жергиликтуу бюджеттен жана инвестициядан болунот. Ал эми керектуу ресурсдарды аныктоо, эсептеп чыгуу 2017-жылдын бюджети даярдалып жатканда эске алынат. Ошондой эле аткаруучулардын ортосундагы келишимдик макулдашуунун негизинде аныкталат.
Стратегияны ишке ашыруу учун колдо бар ресурсдар:
- Эмгек ресурсдары: курулуш иштери учун жергиликтуу жумушчулардын бригадалары бар, кол жумуштары учун жааматтар “Ашар” жолу менен ишти уюштурганга уюшумдуу. Балдар бакчасынын жаңы имараты курулса , анда иштөөчү тарбиячылардын саны жетиштүү.
- Жер ресурсдары: эски балдар бакчасынын ордуна АКнын чечими чыккан.
- Башкаруучу институт: “Ак-шоола” балдар бакчасынын администрациясы
- Акча каражаты: жергиликтуу кожолуктар __ сом, жергиликтуу бюджеттен ___ сом болууго чечим чыгарылган.
Бул Стратегиянын “Аймактагы мектепке чеийнки жаштагы балдарга жогорку деңгээлде тарбия алуусуна шарт түзүү” №1 приоритетинин “”Ак-шоола балдар бакчасынын имаратын куруу” долбоорун каржылап беруу АРИСтин “Айылдарды инвестициялоо долбоор-3” каржылоону жалпы Көк-Жар айыл аймагынын элинин атынан суранабыз.
6. Тобокелчиликтер жана аларды азайтуунун жолдору:
а) Коюлган максаттарга финансалык мумкунчулуктордун жетишсиздиги.
Жарандар алдында оотчеттуулукту кучотуу, жарандарды тушундуруу жолу аркылуу активдештируу, ички ресурсдарды тартуу.
б) Стратегиялык планды ишке ашыруучу топтун мучолорунун оз функционалдык милдеттерин аткарбай коюсу.
Алдын ала милдеттерди жана тапшырмаларды так болуштуруу, кошумча кадрларды даярдоо, суйлошуу, тушундуруу аркылуужоопкерчиликтерди кучотуу, маанилуулугун жогорулатуу;
в) Аткаруучулар арасындагы пикир келишпестиктер.
Жеке кызыкчылыктардын таасирин жокко чыгаруу, ички жана сырткы коммуникацияны так жолго коюу, биргеликте иш алып барууга шарт түзүү.
7.Корутунду.
Көк-Жар айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-2017-жылдардагы приоритеттүү багыттары боюнча иштелип чыккан комплекстүү иш-аракеттерин турмушка ашырууда экономикалык реалдуу секторунун бардык каналдарында өсүү камсыздалат.
Өнөр жай тармагынын өсүшүнүн негизги булактары болуп, иштеп жаткан базалык ишканалардын эффективдүү иштөөсү, токтоп калган ишканалардын кайра өз калыбына келтирилиши ,жаңы ишканалардын ишке кириши жана калктын чакан жана орто ишкердигинин активдешүүсү болуп саналат.
Айыл чарба тармагында чарбалык субьектилерин ирилештирилиши жана жер ресурстарын иштетүүсүн жакшыртуу, майда товар өндүрүшүнүн санын кыскартуу менен айыл чарбасында жаңы технологияларды киргизүү, малдардын баш санын арттыруу менен алардын продуктуулугун жогорулатуунун эсебинен айылчарба өндүрүшүндө өсүү темпи кыйла жогоруламакчы.
Талап кылуу рыногунда да соода түйүндөрүн көбөйтүү, товар алмашуусунун активдешүүсү, жеке ишкердүүлүктүн өнүгүшүнө жакшы шарттарды түзүү, административдик барьерлерден арылуу, акылай кызмат көрсөтүү сферасын көбөйтүү жана жаңы түрлөрүн өздөштүрүү менен чекене товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү жана элге аккылай кызмат көрсөтүү жогорулайт.
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу экономика тармагына оң таасир тийгизет. Маданият, саламаттыкты сактоо жана билим берүү обьектилерин, турак-жайлардын ишке киргизилиши социалдык инфраструктураны жакшыртат.