Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-февралы № 108
Токтогул шаардык мэриясынын алдында “Ыңгайлуу шарт” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасын түзүү, штаттык бирдигин бекитүү боюнча
Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт түзүү” муниципалдык мекемесин жана “Эс алуу” багы бөлүмүн жоюп, кайрадан бириктирип түзүү боюнча сунушу “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын жыйналышында талкууга алынган. Жогоруда аталган ишканалардын ишмердүүлүгүнө экономикалык анализ жүргүзүлүп, сунушталган документтер, устав, тарифтердин өлчөмү боюнча эсептөөлөр, ишкананын штаттык түзүмү, саны каралып, мыйзам талаптарына ылайык чарбалык эсептеги ишкана түзүү зарыл экендиги дагы түшүндүрүлдү.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевдин “Ыңгайлуу шарт” чарбалык эсептеги муниципалдык ишкана түзүү жөнүндөгү сунушу колдоого алынгандыгы белгиленсин. (тиркелет)
2. Ишкананын директору кызматына Маранбаев Аласкан Кочкорбаевичтин талапкерлигине макулдук берилсин жана штаттык түзүмү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ишкананы түзүү боюнча төмөндөгү уюштуруу иштери аткарууга алынсын:
- муниципалдык ишкананын уставы каттоодон өткөрүлсүн, башка керектүү документтери толугу менен иштелип чыксын, эксперттин кароосуна берилсин;
- иш кагаздарын жүргүзүү үчүн мөөр, штамп алынсын;
- физикалык жана юридикалык жактарга акылуу кызмат көрсөтүү үчүн сунушталган тарифтер, коомдук угууларда талкууга алынсын, массалык маалымат каражаттарында жарыялансын, жыйынтыктары кеңештин кийинки сессиясына сунушталсын;
- банктан ишкананын өзүнүн эсептик счету ачылсын;
- штаттык түзүмүнө ылайык өзүнчө кеңсе менен камсыздалсын;
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэри М.Калмурзаевге милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Дербишев |
| Токтогул шаардык кеңешинин XXVII чакырылышынын 15.02.2017-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын № 108 токтому менен бекитилди |
Токтогул шаардык мэриясынын алдындагы “Ыңгайлуу шарт” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги
№ | Кызматтын аталышы | Саны |
1 | Директор | 1 |
2 | Башкы инженер | 1 |
3 | Башкы эсепчи | 1 |
4 | Кассир | 1 |
5 | Эсепчи-контролер | 2 |
6 | Инженер энергетик | 1 |
7 | Айдоочу (жүк ташуучу, жеңил машинаны) | 6 |
8 | Электромонтер | 1 |
9 | Суугатчы | 4 |
10 | Тазалоочу | 8 |
11 | Багбан | 2 |
12 | Жол оңдоочу | 4 |
13 | Ар кандай жумуш аткаруучу | 6 |
14 | Ширетүүчү | 2 |
15 | Күзөтчү | 4 |
| Жалпы: | 44 |