Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 3-марты № 5
Акназаров айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2017-2018 жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө
Акназаров айылдык аймактык кеңеши ,айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин долбоорун угуп,талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин көлөмү киреше , чыгашасы менен 11293,7 мин сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше булактары, төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн (миң сом):
Трансферттер: - 3901,7
Теңдөөчү грант -3901,7
Салык төлөмдөрү: -3817,3
1. Салык агенти төлөөчү киреше салыгы -1200,0
2. Ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык - 265,0
3. Чакан ишкердик субъектери үчүн бирдик салык -5,0
4. Кыймылсыз мүлктөн алынуучу киреше салыгы -4,3
5. Унаа каражат ээсинен алынуучу салык -550,0
Жер салыгы: -1693,0
6. Короо жай салыгы -230,0
7. Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы -1442,0
8. Айыл чарба багытында эмес жер салыгы -21,0
9. Сатуудан алынуучу салык -100,0
Салык эмес кирешелер -3574,7
10. КБФ жерлердин аренда акысы -2393,9
11. Жайлардын аренда акысы -98,0
12. Калкттуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы - 48,0
13. Юст.органы тарабынан кармалуучу төлөм -55,2
14. Атайын каражаттар -968,0
15. Адм.штраф жана санкциялар -11,6
Жалпысы: -11293,7
Чыгашалар бөлүгү - 11293,7 миң сом өлчөмүндө, төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
Башкаруу аппаратына - 3337,6 миң сом
Билим беруу бөлүмүнө -1930,4 миң сом
Бала-бакча бөлүмүнө -901,5 миң сом
Социалдык коргоо бөлүмүнө -189,0 миң сом
ЖКХ бөлүмүнө -3407,6 миң сом
Китепкана болумуно-149,4миң сом
Айылдык клуб -290,2 миң сом
Жарандык коргоо жана озгочо кырдаал -120,0 миң сом
Атайын каражат -968,0 миң сом
1. 2016-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын.(эмгек акы,с/ф,тамак-аш,э/эн ж.б)
2. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджете бекитилген сметадан ашып түшсө,ал суммага жараша бюджеттин чыгаша болугуно озгортууну кошумча смета түзүү менен киргизүү жагы айылдык аймактык кеңештин сессиясына сунушталып,планга тактоо киргизүү Каржы Министрлигинен суралсын.
3. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык болумунун сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
4. Болумдон болумго ,статьядан статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде ,айылдык аймактык кенешинин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.
5. 2016-жылдын 20-январындагы №1/5 буйругуна ылайык, 2016-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 мин сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
6. Ошондой эле КР «КР бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 2824- статьясына ылайыктуу (КР Мыйзамдарынын 20.07.2004 ж №93,14.02.2008 ж № 14 редакциясы боюнча ) Жергиликтуу бюджеттин чыгашасынын 1% не чейинки олчомундо ,айыл өкмөтүнүн ар кандай социалдык экономикалык маданий чыгымдарына -112,9 миң сом резервдик фонд түзүлүп ,айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
7. 2016-жылдын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан тышкары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Т. Жанкорозовага тапшырылсын.
8. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүгө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун. Ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
9. Салык кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмүндөгү салыктар алынсын.
10. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын чегерүүнүн коэффициенти К,1=1,04 болуп,айыл чарба багытында жерлеринин жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти КL=1,04 болуп белгиленсин.
11. КР өкмөтүнүн 30.05.2013-ж №302 токтомунун 1 пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим берүү Министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
12. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьяларына (эмгек акы,с/ф,тамак-аш,э/эн.чыгымдарына) каралуусу белгиленсин.
13. 2017-жылдын бюджет божомолунун жалпы суммасы – 11706,1 мин сом, тендоочу грантын суммасы – 4245,1 миң сом, 2018-жылдын бюджет божомолунун суммасы – 11907,7 миң сом, теңдөөчү грантын суммасы – 4280,7 миң сом суммасында белгиленсин.
14. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик коммиссиясына тапшырылсын.
15. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | К. Жорготаев |