ТоктомКүчүндө

Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 4-мартындагы № 17 «Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция04.03.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 4-марты № 17

Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл аймагынынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин максаттуу пайдалануу максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги IV- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна ылайык Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер участокторуна укуктарды берүү процесин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү максатында түзүлгөн комиссия курамы бекитилсин. 

2. Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы КБФ жерлерин ижарага берүүдө комиссия курамы КР жер кодекси, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтомуна менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобого ылайык жүргүзүшсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Султанов