Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 2
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылдагы бюджетти бекитүү жөнүндө айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасованын маалыматын угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы кирешелер боюнча 8598,5 мин сомго, чыгашалар 8337.7миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин жана бюджеттин аткарылышы боюнча канааттандыраарлык деген баа берилсин.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдык бюджети.
Эл депутаттарынын Ача-Кайынды айылдык Өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетти пландоо бюджеттик комиссиянын киргизген суроолорунан жана макулдашууларынан кийин кирешелер боюнча 8111,1 миң сомго жана чыгымдоо боюнча 8111,1мин сомго бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. 2017-жылга айыл өкмөттүн башкаруу аппаратына 4927,1 миң сом, эл агартуу бөлүмүнө 1495,4 мин сом,бала бакча бөлүмүнө 455,0 мин сом,айылдык китепкана бөлүмүнө 194,3миң сом,айылдык клуб бөлүмүнө 321,4 миң сом,экономикалык маселелерге (жайыт акысы) 380,9 мин сом ,атайын эсептеги бала бакча бөлүмүнө337,0 миң сом баардыгы 8111,1 миң сом бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы №726 токтому менен бекитилген айыл өкмөт кызматкерлеринин 12,0 штаттык саны менен эмгек акысы 2989,0 миң сом бекитилсин.
5. 2017-жылга айылдык Кенештин бюджетинде турган мекемелердин эмгек фондусуна 3360,4 миң сом бекитилсин.
6. Ата-Энелер төлөөчү взностон 2017-жылга 70,0 (жетимиш миң) сом акча каражатына кошумча план суралсын.
7. Бул акча-каражаттар бекитилген сметага ылайык КР “Бюджеттик кодекси” мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мурзалиев |
| Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги III сессиясына №1тиркеме: |
2017-жылга бекитүүчү бюджет.
КИРЕШЕ БУЛАКТАРЫ:
КИРЕШЕ | СУММА | 1-кв. | 2-кв. | 3-кв. | 4-кв. |
Патенттин негизинде салык | 66,1 | 16,0 | 16,6 | 17,0 | 16,5 |
Киреше салыгы(эмгек акыдан кармалган салык) | 459,0 | 106,8 | 119,3 | 109,0 | 123,9 |
Короо жанындагы жер участокторун пайдалануу | 43,8 | 11,4 | 12,7 | 19,7 |
|
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыг | 219,1 | 37,7 | 51,0 | 58,1 | 72,3 |
Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдаланган үчүн салыгы | 3,0 | 0,7 | 0,7 | 0,8 | 0,8 |
Транспорттук каражаттарга салык | 177,6 | 26,5 | 57,3 | 93,8 |
|
Жайыт акысынан түшкөн ижара акысы | 380,9 | 57,2 | 127,4 | 120,4 | 75,9 |
ФПС жерлеринин ижара акысы | 88,8 | 14,3 | 18,3 | 23,2 | 33,0 |
Сатуудан салык | 4,5 | 1,2 | 1,2 | 1,1 | 1,0 |
Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым | 31,4 | 31,4 |
|
|
|
Баардык өздүк киреше : | 1093,3 | 246,0 | 277,1 | 322,7 | 247,5 |
Тендештирилген грант | 6299,9 | 1638,0 | 1701,0 | 1574,9 | 1386,0 |
Баары: | 7774,1 | 1941,2 | 2105,5 | 2018,0 | 1709,4 |
Бала бакчага ата-энелерден чогултулуучу акы | 337,0 | 67,4 | 84,2 | 84,3 | 101,1 |
Баардыгы: | 8111,1 | 2008,6 | 2189,7 | 2102,3 | 1810,5 |
ЧЫГАШАЛАР:
Башкаруу аппараты | 4927,1 | 1200,3 | 1611,5 | 752,8 | 1362,5 |
Билим берүү бөлүмү | 1495,4 | 288,0 | 97,2 | 944,1 | 166,1 |
Бала бакча бөлүмү | 455,0 | 218,0 | 132,0 | 105,0 |
|
Китепкана бөлүмү | 194,3 | 58,2 | 45,4 | 45,4 | 45,3 |
Клуб бөлүмүнө | 321,4 | 119,5 | 92,0 | 50,3 | 59,6 |
Экономикалык маселелерге(жайыт ижара акысы) | 380,9 | 57,2 | 127,4 | 120,4 | 75,9 |
Баары: | 7774,1 | 1941,2 | 2105,5 | 2018,0 | 1709,4 |
Атайын эсеп бала бакча | 337,0 | 67,4 | 84,2 | 84,3 | 101,1 |
|
|
|
|
|
|
Баардыгы: | 8111,1 | 2008,6 | 2189,7 | 2102,3 | 1810,5 |
2017-жылдын жергиликтүү бюджети киреше жана чыгашалар боюнча 8111,1 миң сом өлчөмүндө белгиленди жана жыл аягындагы чыгымдарды жабууга башкаруу аппараты боюнча 4927,1 миң сом,эл агартууга 1495,4 миң сом,бала бакча тармагына 455,0 миң сом, айылдык китепкана тармагына 194,3 миң сом,айылдык клуб тармагына 321,4 миң сом,экономикалык негиздерге(жайыт акысы) 380,9 миң сом, атайын эсеп бала бакча тармагы боюнча 337,0 миң сом баардыгы 8111,1 миң сом өлчөмүндө бекитүүнү сунуш кылам.
Жооптуу катчы | М. Асаналиев |