Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/3
Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу», Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» жөнүндөгү Мыйзамынын жана Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышы үчүн бекитилген Регламентине ылайык Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет)
2.Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Алдашовага тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги III сессиясынын №01-10/3 токтомуна №1 тиркеме |
Баткен шаардык Кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планы
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Материалдарды даярдоого жооптуу туруктуу комиссиялар жана мекемелер |
I квартал | ||
1 | Шаардык Кеңештин 2017-жыл үчүн иш паланын бекитүү | туруктуу комиссиялар, шаардык кеңештин аппараты |
2 | а)Баткен шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын угуу жана талкуулоо; б) 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2018-2019-жылдардын жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо жана бекитүү | «Бюджет, финансы жана экономика масселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Баткен шаардык финансы бөлүмү, кеңештин аппараты, шаардык 16 мекеме ишканалардын жетекчилери |
3 | Баткен шаар мэриясынын алдындагы жумушчу комиссиялардын ( жер пайдалануу, жеке менчик, курулуш куру, айыл чарба жерлерин ижарага берүү) комиссияларынын курамдарын жана жоболорун бекитүү жөнүндө | Мыйзамдуулук укук коргоо, айыл чарба, курулуш куруу комиссиясы жана кеңештин аппараты, шаар мэриясынын алдындагы ММД, өнөр жай сектору |
4 | Баткен шаардык Кеңешинин жана Баткен шаарынын мэриясынын бекитилген жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө | Мыйзамдуулук укук коргоо комиссиясы жана кеңештин аппараты, шаар мэриясынын аппараты |
5 | Баткен шаарынын КБФ жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобосун жана жумушчу комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө | Айыл чарба, муниципалдык менчик, аргардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, ММД, кеңештин аппараты |
6 | Баткен шаардык жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштерин отчетун угуу, 2017-жылга бюджеттин жана жайытка чыккан малдар үчүн төлөм акыларын бекитип берүү жөнүндө | Айыл чарба, муниципалдык менчик, аргардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, жайыт комитети, кеңештин аппараты |
7 | Баткен шаарынын 2017-жыл ичинде өнүктүрүү жана инфраструктурасын көтөрүү максатындагы иш чарасын талкулоо жана бекитүү | Ар бир турктуу комиссия, шаар мэриясы, шаардык кеңештин аппараты, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери |
8 | Шаардык бюджетке кошумча киреше түшүрүү булагын изилдөө | Финасы жана экономика маселеси боюнча туруктуу комиссиясы, финансы бөлүмү, салык инспекциясы, ММД |
II квартал | ||
9 | Баткен шаар аймагында малдарды идентификациялоо иштеринин жүрүшү жөнөндө | Айыл чарба, муниципалдык менчик жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, ММД, ветеринардык сервистер, шаардык кеңештин аппараты |
10 | Баткен шаарныда ичүүчү таза суу менен толук камсыздоо максатында ЕБР тарабынан долбоорлонуп жаткан долбоордун жүрүшү жөнүндө | Курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаар мэриясы, шаардык муниципалдык таза суу ишканасы, шаардык кеңештин аппараты, долбоордун өкүлчүлүгү |
11 | Баткен шаарндагы аэропорттун айланасындагы турак үйлөрдүн коопсуздугу жөнүндө | Курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаар мэриясы, шаардык архитектура, шаардык кеңештин аппараты |
12 | Баткен шаарында балдар бакчаларга көрүлүп жаткан камкордуктар жана жардамдар, жаңы балдар бакчаларын куруу боюнча | Жаштар, спорт, туризм медицина, маданият жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссия, мыйзамдуулук укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаар мэриясы, билим берүү бөлүмү, аппарат |
13 | Баткен шаарындагы коомдук жайларда тартиптердин сакталышы жөнүндө | Мыйзамдуулук, укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комисиясы, шаар мэриясы, шаардык ички иштер бөлүмү, аппарат |
14 | Шаардын борбордук көчөлөрүндөгү соода точкаларын жайгашуусун жана сырткы көрүнүштөрүн иреке келтирүү боюнча шаар мэриясынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | Айыл чарба, муниципалдык менчик жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы,курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, ММД, шаардык кеңештин аппараты |
III квартал | ||
15 | Шаар ичиндеги автопарковкаларды уюштуруунун жана жол боюндагы автоунааларды тартипке келтирүү боюнча жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө | Курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча, шаар мэриясы, ГАИ, аппарат |
16 | Шаардын башкы планына ылайык социалдык обектилерге калтырылган жер аянттарынын пайдаланышы жана пландалган жерлерге курулуш куруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө | Курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча, шаар мэриясы, аппарат |
17 | Шаар аймагында 2017-жыл «Ыйман, адеп жана маданият жылы» алкагында жүрүп жаткан иш чаралар жөнүндө | Социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, укук коргоо мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаар мэриясы. Курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча, шаар мэриясы,аппарат |
18 | Шаардык бюджеттин 2017-жылдын 6- айлыгынын аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө | Финансы жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, аппарат, финансы бөлүмү |
19 | Шаар аймагындагы КБФнын жол боюндагы жер аянттарынын жана көп жылдык бак дарактардын абалы жөнүндө | Айыл чарба, муниципалдык менчик жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы, ММД, ветеринардык сервистер, шаардык кеңештин аппараты |
20 | Баткен шаарын жашылдандыруу, көктөндүрүү, санитардык тазалыгын камсыз кылуу жана инфраструктурасын көтөрүү максатында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө | Курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча, шаар мэриясы,аппарат |
21 | Шаар аймагындагы мектептерде берилип жаткан билим сапаты жөнүндө | Социалдык өнүгүү, жаштар, спорт, туризм, медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
IV квартал | ||
22 | Шаардын жаңы конуштарынынын инфраструктурасын көтөрүү: жол, суу,электр энергия, транспорт, байланыш менен камсыздалышы боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө | Курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча, мыйзамдуулук, укук коргоо, депутаттык мандат, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаар мэриясы,аппарат |
23 | Баткен шаарынын мэринин отчетун угуу, 2018-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө -жергиликтүү бюджеттин 9 айлыгынын аткарылышы жөнүндө | Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, шаар мэриясы, аппарат |
24 | Шаардык Кеңештин фракцияларга шайлоочулар тарабынан берилген наказдарынын аткарылыщы, жолугушуулардын жыйынтыгы жөнүндө | Шаардык Кеңештин бардык туруктуу комиссиялары, аппарат |
25 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы коммерциялык, юридикалык жактарды жана ЖААК-ЗАГС (жарандардын абалынын аныктыгын каттоо) департаментинин Баткен райондук, шаардык бөлүмүнүн, калкты тейлөө борборунун жүргүзүп жаткан иштери жана шаар калкынын паспорт менен камсыздалышы жөнүндө | Мыйзамдуулук, укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комисиясы, шаар мэриясы, шаардык ички иштер бөлүмү, аппарат |
26 | Шаар аймагындагы малдардын дарттарга каршы жүргүзүлүүчү эмдөөлөрдүн жөрүшүнүн жана мал союулуучу жайлардын абалы жөнүндө | Шаардык ветеринардык сервистер /М.Мусаев/, муниципалдык менчик, айыл чарба жана агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, аппарат |
Практикалык иштер | ||
1 | Баткен шаардык кеңешине жана депутаттарга келип түшкөн арыз даттануулар менен кайрылган жарандардын арыздарын кароо өз убагында чечип берүүгө жетишүү | Шаардык Кеңештин депутаттары, Кеңештин аппараты
|
2 | Ар бир сессиянын материалдарын даярдоо үчүн отурумдарга такай катышуу | Шаардык Кеңештин депутаттары |
3 | Шайлоочулар менен жолугушууларды уюштуруу жана өткөрүү | Шаардык кенештин депутаттары, Аппарат, |
4 | Шайлоочулар алдында ар бир фракция өзүнүн кабыл алган программасына ылайык жасаган иштерине отчет берүү, алардын суроо талаптарын угуу жана чечүү | Шаардык кенештин депутаттары |
5 | Шаар аймагындагы коомдук иштерге катышу | Шаардык кенештин депутаттары |
6 | Депутаттардын билим деңгеелин көтөрүү максатында семинар тренинге катышуу | Шаардык кенештин депутаттары, аппарат |
Жооптуу катчы | Ж. Алдашова |